Жоголгон «Титандын» сыныктары «Титаниктин» жанынан табылды

Титанды издөө иштери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Атлантика океанында чөгүп кеткен «Титаник» лайнерине түшүрүлгөндөн кийин жоголуп дайны жок болуп жаткан «Титан» батискафынын сыныктары табылды. Анын бортундагы беш адам курман болду.

АКШнын Жээк күзөт кызматы билдиргендей, канадалык Horizon Arctic кемесинен түшүрүлгөн Odysseus суу алдындагы аппараты батискафтын куйрук конусун жана башка бөлүктөрүн 3800 метр тереңдикте жаткан «Титаниктин» тумшук жагынан 500 метр аралыкта тапты.

Сыныктарга караганда, кырсыктуу кыйроо болгондой, бирок анын себептери так эмес. Ошондой эле курман болгондордун сөөгүн табуу мүмкүнбү же жокпу, түшүнүксүз.

«Бул аябай катаал чөйрө»,-деди Бостондогу басма сөз жыйынында АКШнын Жээк күзөтүнүн контр-адмиралы Джон Могер.

«Титан» таандык болгон OceanGate компаниясы андан мурда экипаждын курман болгону жөнүндө билдирүү жасаган.

«Бул чыныгы изилдөөчү адамдар эле, аларды укмуштуу окуялардын өзгөчө духу жана Дүйнөлүк океанды коргоо жана изилдөөгө болгон жалындуу дилгирлик бириктирип турган”,-деп айтылат билдирүүдө.

Polar Prince деп аталган изилдөөчү кеме «Титан» батискафын 110 жыл мурда «Титаник» чөгүп кеткен жерге жекшембиде түндө жеткирген болчу.

Батискаф океанга эртең менен түшө баштаган, бирок бир саат 45 мүнөттөн кийин жогору жак менен байланышын жоготуп койгон.

Батискафтын бортунда беш адам бар эле: 58 жаштагы британдык ишкер жана изилдөөчү Хэмиш Хардинг, 48 жаштагы пакистандык ишкер Шахзад Давуд жана анын 19 жаштагы уулу Сулеман, 61 жаштагы Стоктон Раш, OceanGate компаниясынын директору, ошондой эле 77 жаштагы француз изилдөөчүсү Поль-Анри Наржоле.

Polar Prince экипажы «Титан» менен байланыш жоголгону жөнүндө дароо эмес, сегиз сааттан кийин кабар берген. Ошондон кийин гана Бостондогу командалык борбор бир нече өлкө катышкан куткаруу операциясын баштаган.

Титан субмаринасы

Адегенде батискафты эхолоттор менен издешкен, андан кийин кырсык болгон жерге чоң тереңдикте иштей ала турган дрон аппараттарды жиберишти.

Жээктеги күзөт кызматы суу алдындагы аппаратты издөө үчүн эки C-130 Hercules учагын жиберди, ага канадалык C-130 жана P8 учагы да кошулду.

Бейшембиде батискафты издөө иштери чечүүчү стадияга келди, анткени анын бортундагы кычкылтек түгөнө турган убакыт болуп калды.

АКШнын Жээктеги күзөт кызматы куткаруу операциясынын масштабын кеңейтип, дагы он кеме жана бир нече суу астында жүрүүчү кайыктарды ишке салды.

Эхолоттор андан мурда дабыш келип жаткан бир нече точкаларды белгилеген, бирок алардын бирөөндө да батискаф табылган жок. Ошого карабастан куткаруучулар дабыш чыккан жерлерден алыстабай издөө иштерин улантышты.

Акыры океандын түбүнөн табылган сыныктар батискафка тийиштүү деп табылгандан кийин гана куткаруу операциясын аяктай башташты. (КС)