Аскерге чакыруу отряддары жана аскерден качкан украин эркектери
Жан Маккензи, Одесса, Украина

Сүрөттүн булагы, Sakelari Photo
Нөшөрлүү жаанды коштогон кара булуттар Сергей менен Танянын пляждагы үйлөнүү тоюна чоң тоскоолдук жаратты. Бирок жубайлар конокторду тосуп алуу үчүн узун ак тепкич менен түшүп бара жатышканда, кеп жаанда эмес, бош отургучтарда экенин айттырбай билишти. Анткени алардын конокторунун жарымы дайынсыз болчу.
Үй-бүлөсү жана достору аларды кыйбаганы менен, тойго катышуу өтө кооптуу болгонун түшүндүрүштү. Тойго чакырылган эркектерди Украинанын көчөлөрүн кыдырып жүргөн аскерге чакыруу отряддарынын бирөө жарымы кармап алсачы?
Көптөгөн жоокерлери окко учуп, жарадар болуп же согуштан чаалыккан украин өкмөтү учурда көбүрөөк кишилерди мобилизациялоо аракетин көрүүдө.
Май айында кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, аскерге чакырылуу үчүн 25 жаштан 60 жашка чейинки ар бир эркек өз маалыматын электрондук маалымат базасына киргизип турушу керек. Аскердик комиссариаттын желдеттери каттоодон качкандарды издеп жаткандыктан, кызмат өтөөдөн качкан эркектер жашырынууга мажбур болууда.

Сүрөттүн булагы, Family handout
Түштүктөгү Одесса шаарында Кара деңизди карап туруп, Таня анын достору менен үй-бүлөсү эмне үчүн согушкусу келбей жатканын түшүндүм деп акырын унчукту.
Анын атасы октябрь айында Авдеевка үчүн болгон согушта курман болгон, ал эми 24 жаштагы кыз эми жаңы күйөөсүн дагы аскерге чакырат деп коркуп жатат.
"Мен мындай кайгынын менин үй-бүлөмдө эки жолу болушун каалабайм" деди ал.
Согуш башталганына эки жылдан ашык убакыт өттү, курман болгондорду дээрлик бардыгы билет. Фронттон Украинанын аскери жетишпей, куралы жок экени тууралуу кайгылуу кабарлар келип жатат.
Жубайларды 15 жылдан бери жакшы билген досу Максим телефон аркылуу ушундай окуяларды айтып берди. Курман болгондордун арасында анын ондогон достору жана тааныштары бар.
"Украинада миллиондон ашык полиция кызматкери бар, алар турганда, мен эмнеге урушка барышым керек?", - деди ал.
Кичинекей кызы жана жети айлык кош бойлуу жубайы бар Максим тойго барбай калганына өкүнө турганын, бирок өзү «бандиттерге» окшоштурган аскер кызматчыларынын «колуна түшүүдөн» коркуп жатканын айтты.

Сүрөттүн булагы, Thanyarat Doksone/BBC
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мобилизациялык отряддар, айрыкча Одессада, адамдарды автобустардан жана вокзалдардан жулкуп чыгарып, түз эле аскер борборлоруна алып барганы үчүн алардын колуна түшүп калуудан көбү коркот.
Аскерден качкандар үчүн коомдук транспорт азыр чектөөгө алынды. Ресторандар, супермаркеттер жана дем алыш күндөрү паркка футбол ойноо үчүн баруу да аларга кол жеткис болуп калды.
Максим: «Мен өзүмдү түрмөдө отургандай сезем» дейт.
Шейшемби күнү эртең менен Одессанын башкы вокзалына көптү көргөн ардагер матрос Анатолий жана анын жашыраак булчуңдуу кесиптеши Алексей жетектеген он чакты аскер кызматкерлери келишти. Алар күтүү залында ары-бери басып, кызмат өтөө курагындагы эркектерди токтотуп, маалымат базасына катталганын текшеришти.
Бирок шериктерге аскерге жарамдуу эркектерди табуу кыйынга турду. Көпчүлүгү же өтө жаш же кандайдыр бир жеңилдиктерге ээ болуп алышкан.
Бир-эки сааттан кийин Анатолий көп жигиттер аскерге барбай качып жашынып жүргөнүн сөз кылды.
«Кээ бир адамдар бизден качып кетишет. Мындай көрүнүш көп болот», - деди ал.
«Башкалары абдан агрессивдүү реакция кылышат. Мен бул адамдар жакшы көргөн деп ойлобойм”.

Сүрөттүн булагы, Thanyarat Doksone/BBC
Бурчтагы аскерге кабыл алуу пунктунун эшигине чапталган оптимисттик жазууда өз ыктыяры менен келгендер кезек күтпөй кириши мүмкүн экени айтылган. Бирок эч кандай кезек болгон жок. Жалгыз киши гана күтүп отурду.
Мен андан бул жакка өз ыктыяры менен келгенин сураганымда, ал мага эртең менен аны "уурдап кетишкенин" жана анын эркине каршы алып келишкенин айтты.
"Офицерлер мени курчап алышты, ошондуктан мен кача албай калдым" деди ал шок абалында чулдурап. "Бул мени чындап капа кылды».
Борбордун офицерлеринин бири Влад бул күндөрү аскерге өз ыктыяры менен барчулар дээрлик жок экенин моюнга алды. Влад "Гора" чакырыгынын астында Донбасстагы чыгыш фронт чектериндеги айыгышкан салгылашууларда башына, көкүрөгүнө жана буттарына замбирек огунун сыныктары тийип, жараат алганга чейин салгылашкан.
Ал армиядан качып жүргөндөрдү жек көрөрүн жашыра алган жок. «Кантип мен муну сөгүнбөй айта алам?» деп катуу кейиди.
«Мен аларды эркек деп эсептебейм. Алар эмнени күтүп жатышат? Эркектерибиз түгөнүп калса, душман алардын үйлөрүнө кирип, аялдарын зордуктап, балдарын өлтүрүп коюшат.” Влад мындай окуялардын далайын өз көзү менен көргөн.

Сүрөттүн булагы, Thanyarat Doksone/BBC
Аскерге чакыруунун бул акыркы кампаниясы коомдо кызмат өтөп жаткандар менен аскерден качкандардын ортосунда гана эмес, фронтто күйөөсү бар дос-аялдар менен башкалардын үйүндө жигиттерин жашырып жүргөн кыз-келиндердин ортосунда да ыңгайсыз ажырымды пайда кылды.
Мобилизация темасы дээрлик ар бир жерде кызуу талкууга айланат. Өткөн айда кимдир бирөө аскер кызматкеринин үйүнүн бакчасына жардыруучу зат ыргытып кеткен.
Аскерден качкан эркектердин арасында чоң ишенбөөчүлүк бар. Айрымдары эркектерге өлкөдөн качууга жардам берип, пара алып жаткандар ашкере болгон соң, офицерлерге ишенбей калышты. Ошондой эле алар аскерге баруучулар тийиштүү түрдө машыгуудан өтпөйт деп да ойлошот.

Сүрөттүн булагы, Марек Полашевский
Одессанын четинде Вова жети жашар кызын калкан кылып колдонуп, көп кабаттуу үйүнүн эшигинен уялыңкы баш бакты. IT инженери ансыз үйдөн чыкпайт, анткени офицерлер кичинекей кызы менен чогуу болсо, аны кармай албастыгын билет.
Өткөн жылы жумушка баратканда аскер кызматкерлери анын чекесине тапанча такап, автобустан түшүрүп, аскер комиссариатына алып кетишкен. Ал бир нече документтерди алып келүүгө уруксат берүүгө офицерлерди көндүрдү, бирок ал өзүнө бул жерге эч качан кайтып келбейм деп убада кылды.
"Мен аскер адамы эмесмин, мен эч качан колума курал кармаган эмесмин, согуш талаасында менин пайдам тиет деп эч ойлобойм",- деди ал.
Андан кийин ал бизге үй-бүлөсү айрыкча бир аз ооруп калганда колдоого муктаж экенин, өзү болсо аскерлерге эч аянбай гуманитардык жардам жөнөтүп жатканын айтып чыкты. Муну аскерден качкандардын ар биринин шылтоосунун бири десек да болот.
Бирок бул шылтоолордун аркасында көп адамдарда каттоодон өткөндөн кийин бир нече жуманын ичинде фронттун линиясында замбиректерге жем болуп калбаймынбы деген бир эле коркунуч бар, муну сиз алардын көзүнөн байкайсыз. Аскерге чакырылгандарда мындай ишенбөөчүлүк өкмөттүн жаңы чакырылгандарга кайсы бөлүктөрдө кызмат кылууну жана армияда кандай ролду аткарарын өзү чечет дегенине карабастан күч алууда.
Бул адамдар менен сүйлөшкөндө, сөзүбүз дайым эле шыр кетпейт. Алар өздөрүнүн тикелей катышуусуз Украинанын жеңишин күтүп жатышат.
«Мен көптөгөн эркектердин фронтко барууну кайраттуулук менен чечкенине сыймык менен карайм - дейт Вова, - алар чындап эле биздин өлкөнүн мыктылары».

Сүрөттүн булагы, Thanyarat Doksone/BBC
Киевдин жака-белинде жайгашкан токойдогу аскерге чакырылгандардын машыгуу лагеринде анын жетекчиси Геннадий Синцов бекинүүчү жай казып жаткан адамдарды карап туруп, оор үшкүрүнүп алды.
"Бул таптакыр керексиз жумуш сыяктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок замбиректен ок аткандай эле маанилүү иш" деди ал. "Бул алардын өмүрүн сактап калышы мүмкүн".
Революциячыл духу бар патриот ыктыярчы Синцов бардык аскерге милдеттүүлөр аскердик бөлүктөрүнө жөнөтүлгөнгө чейин милдеттүү түрдө өтүшү керек болгон 34 күндүк окуу программасын көзөмөлдөйт. Ал бул кишилер дароо эле фронтко жиберилбей турганын, андан кийин дагы машыгуулар болорун бир нече жолу баса белгиледи.
Машыгуулар ортосундагы тыныгууда Синцов машыктырып жаткан жигиттер тамеки чегип, тамашалашып отурушту. Алар негизинен 40 жана 50 жаштардагы чочко багуучу, кампа башчысы жана куруучу болгон аралашма топ эле. Бирок бул кишилер согуштун калган бөлүгүн жашырынып өткөрүүнү каалашпады.

Сүрөттүн булагы, Thanyarat Doksone/BBC
Алардын бири Александр дрон учактын пилоту болууну чечкен. "Мен абдан коркуп жатам, мунун баары мен үчүн жаңы, бирок мен муну кылышым керек" деди ал.
Бирок 33 жаштагы трамвай инженери чакыруудан жашынгандарды айыптаган жок. "Мен өзүмдүн тандоомду жасадым, алар өздөрү билишет" деп ийинин куушурду.
Синцов аскерге жаңы келгендердин мекенди коргоого шыктануусу төмөндүгүнө тынчсызданды. Аба чабуулунун сиреналары жана электр энергиясынын өчүрүлүшү согуш тууралуу күн сайын эскертип жатканына карабастан, Одесса жана Киев сыяктуу шаарлардын салыштырмалуу коопсуздугунда жашагандар үчүн согуш коркунучу өтө алыс болуп калды деп эсептейт жана Украинанын аскерден качкандарын аракетке түртүш үчүн Орусиянын дагы бир чоң чабуулу керек деп кооптонууда.
«Ошондо биз кайрадан аскер комиссариатында курал издеп, кезекке турган адамдарды көрмөкпүз», - деди ал. (МА)
Танярат Доксоне менен Анастасия Левченконун кошумча баяндамасы
































