Украинадагы согуш: Орусия Кытайдан курал жана жардам сурадыбы?

Владимир Путин менен Си Цзинпин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

АКШнын расмийлери маалымат каражаттарына билдиргендей, Орусия санкциялардын шартында Кытайдан аскердик жана башка жардам сурап кайрылган. Кытайдын Вашингтондогу элчилиги андай өтүнүчтөн кабары жок экенин айтты.

Украинадагы согуштун 18-күнү. Өлкө президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, фронт чектеринен 140 миң жай тургун эвакуацияланган. Бирок курчоого алынган Мариуполдон эвакуациялоо болгон эмес. Украинадагы соңку кырдаал туурасында баяндайбыз.

Кытай үчүн чечүүчү учур

Москва Бээжинге кайрылып, аскердик жана экономикалык жардам сураганы айтылууда. АКШнын жогорку мансаптуу өкүлү эгерде Кытай Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшө турган болсо, анда “кесепети катаал” болорун айтып эскертти.

Кытай бийлиги расмий түрдө бейтарап позицияны карманып, Украинада эки тарапты тең кырдаалды басаңдатууга чакырып келген. Орусиянын аскердик операциясын “бастырып кирүү” деп атаган эмес.

Орусия менен Кытайдын тыгыз экономикалык байланышы бар. Былтыр эки өлкө ортосундагы соода рекорддук $147 миллиардга жеткен.

Ага жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытай президенти Си Цзинпиндин ортосундагы жакын мамилелерине карабастан Кытай Орусияны туруктуу колдоонун кесепетинен кооптонушу ыктымал.

Америкалык дипломат Ричард Хаас бул Си үчүн дилеммага айланды деп сүрөттөдү.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы, 1

АКШнын эскертүүсү

АКШдагы маалымат каражаттары кабарлагандай, Вашингтон эгерде Кытай Орусияга Украинаны басып алууга жардам бере турган болсо, оор “кесепетке” туш болорун айткан.

Ысымы аталбаган расмийлер АКШнын бир нече маалымат каражаттарына Орусия Украинага кол салгандан кийин Кытайга аскердик жардам сурап кайрылган деп билдиргени айтылууда.

Кытайдын Вашингтондогу элчилиги мындай өтүнүчтөн кабары жок экенин айтты.

Вашингтондун эскертүүсү АКШ менен Кытайдын расмийлеринин дүйшөмбү күнү Римде өтө турган жолугушуусунун алдында ачыкка чыгууда.

Кризис башталгандан бери Бээжин өзүнүн көптөн берки шериктеши Москвага бекем колдоо көрсөтөрүн билдирип, бирок коомчулукка аскердик же экономикалык колдоо көрсөтөрү туурасында маалыматтар белгисиз болуп келген.

Бирок АКШнын расмийлерине таянуу менен Америкадагы медиалар Орусия жакында эле Кытайга аскердик жабдууларды, анын ичинде дрондорду сурап кайрылганын кабарлашты. Бул боюнча Кытайдын жообу азырынча белгисиз.

Орусия-Украина сүйлөшүүсү дүйшөмбү күнү уланат

Орусиянын сүйлөшүү жүргүзгөн тобунун мүчөсү жана Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүү видео конференция аркылуу болорун билдирди.

Украина тараптан Михаил Подоляк Кремлдин билдирүүсүн ырастады. Подоляк украин делегациясынын мүчөсү жана Зеленскийдин кеңешчиси.

Социалдык тармакка чыккан видеодо Подоляк Орусия конструктивдүү түрдө сүйлөшө баштаганын айтты.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы, 2

“Орусия айланасындагы дүйнөнү азыр бир топ эле адекваттуу түрдө кабыл алууда”, — деп кошумчалады ал.

Жекшембиде Зеленский делегациясы орусиялык кесиптештери менен күндө сүйлөшүп жатканын айткан.

Америкалык журналист каза болду

Борбор Киевдин сыртындагы аймактарда согуш жүрүп жатканда Ирпен жергесинде америкалык журналист октон мерт болду.

50 жаштагы журналист жана режиссер Брент Рено мурда New York Times гезитинде дагы иштеген. Бирок ал Украинада материал жазуу үчүн жүргөн эмес.

Ал Time журналына таандык Time Studios уюмунун качкындар туурасында долбоордун үстүндө иштеп жаткан.

Рено

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Киев полициясынын начальниги Андрей Небытовдун айтымында, Рено орус аскерлеринин бутасына алынган. Дагы эки журналист жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул Украинадагы согушту чагылдырып жаткан чет элдик журналисттин каза болгон алгачкы учур болуп калды.

Орусиядан кетип жаткан жарандар

Орусиялыктар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грузияга болжол менен 25 миң орус жараны чыгып кеткен

Орусиялык бир экономисттин эсеби боюнча, согуш башталгандан бери 200 миңдей орус жараны Орусиядан чыгып кеткен.

Евробиримдик, АКШ, Британия жана Канада орус учактарына өз аба мейкиндигин жаап салышкандыктан орусиялыктар рейстер каттап жаткан жана виза талап кылынбаган өлкөлөргө чыгып кетүүдө. Мисалы, Түркияга, Борбор Азияга жана Түштүк Кавказга. Көпчүлүк Арменияга кеткен. (EA)