Украинадагы согушка менчик аскер компаниялары катышабы?

Published

Бернд Дебусманн, Вашингтон, BBC News

Менчик аскердик компания

Издөө салабыз: Каргашалуу жаңжалдан үй-бүлөлөрдү сактап калуу үчүн көп тил билген, Украинага жашырын жөнөп кетүүгө даяр мурдагы аскерлер изделет. Күнүнө $2 000ге чейин арбын акча төлөнөт, кошумча бонустар болот.

Боевик кинонун сценарийинен алынган тексттей туюлат, бирок бул жумуш жарнамасы чын. “Унчукпаган кесипкөйлөр” (Silent Professionals) аттуу жумуш берген сайттан алынды. Ал жеке менчик аскердик жана коопсуздук тармагында иштегендер үчүн жарыяланган.

Тармакты ичинен билгендердин айтымында, талап өсүп жатат. Украинадагы азаптуу согуштун шартында АКШ менен Европадагы жеке менчик жалдануучулар көбүнесе “чыгарып кетүү” миссиясы, логистикага жардам берүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатканын айтууда.

Бүгүнкү күндө Украинадагы менчик жалдануучу компаниялардын “базарында кутургандай абал” жаралганын айтат Роберт Яң Пелтон. Ал канадалык-америкалык жазуучу жана менчик аскердик компаниялар боюнча эксперт.

Бирок согуштун ортосунда акы төлөнгөн коопсуздук кызматкерлерине — алардын көпчүлүгү кармашка жана өлтүрүүгө жөндөмдүү мурдагы жоокерлер — талап каталарга жана баш аламандыктарга чоң жол ачат.

Менчик аскердик компания

Жумуш берген сайт кимдер үчүн жарнама кылып жатканын айткан эмес. Бирок Пелтондун ою боюнча, Украинадан адамдарды чыгарып кетүү үчүн жалдануучуларга $30 миңден $6 миллионго чейин төлөнөт. Анын айтымында, кымбатыраак баа мал-мүлкү менен чогуу чыгып кеткиси келген үй-бүлөлүк топторго тиешелүү.

Эвакуациянын баасы иштин татаалдыгынан көз каранды экенин айтат Тони Шиена. Ал “Мозаика” (Mosaic) уюмунун башкы директору. Аталган уюм чалгын жана коопсуздук боюнча кеңеш берүү кызматын көрсөтөт, штаб квартирасы АКШда жайгашкан. Учурда Украинада дагы иш алып барат.

“Адамдын саны көп болгон жерде, риск да жогору. Жаш балдар жана үй-бүлөлөр болсо бир топ кыйын болот. Баары биз аларды чыгарып кеткен ыкмадан көз каранды”.

“Мозаиканын” миссиясы негизинен куралдарга эмес, чалгындоого басым жасарын айтат Шиена. Ал өзү Түштүк Африканын мурдагы чалгын кызматкери болуп кетет. Анын фирмасында АКШнын жогорку мансаптуу чалгын кызматынын мурдагы бир нече өкүлдөрү бар.

Шиенанын Би-Би-Сиге билдиришинче, алар жеке менчик кардарларды, корпорацияларды жана жеке жарандарды Украинадан эвакуациялоого көмөктөшүү үчүн саясий жактан маанилүү адамдар менен иштейт.

Алардын кардарларынын арасында өз жарандарын чыгарып кетүүнү каалаган “чоң эле өлкөнүн чалгын кызматы” дагы болгонун айтат ал.

“Жаңжалдын жүрүшүнө жараша менчик аскердик компанияларга ар дайым талап боло берет деп ойлойм”, — дейт Шиена.

Менчик аскердик компания

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан жалданган менчик аскердик компаниялар, 2005-жыл
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Менчик аскердик жана коопсуздук фирмалары ондогон жылдардан бери иштеп келатат. Бирок 9/11 окуяларынан кийин, Ирактагы жана Афганистандагы согуштарда коомчулуктун назарына чыгып калган. Анда алар Батыштагы өкмөттөрдүн жана коммерциялык кызыкчылыктардын атынан иш алып барышкан болчу.

Ирак согушу туу чокусуна жетип турган кезде “Карасуу” (Blackwater) сыяктуу он миңдеген жеке менчик жалдануучулар ал жакта иш алып барышкан. Алар конвойлорду коргоо, базаларда аскерлерди жайгаштыруу жана азык-түлүк менен камсыздоо сыяктуу милдеттерди аткарышкан. “Карасуу” бир нече чуулгандуу окуялардан кийин жаман атка конгон. 2007-жылы Багдатта фирманын жалдануучулары 14 ирактык жай тургунду атып өлтүрүп койгон эле.

Чыгыш Европада менчик фирмалар бай адамдар менен корпорацияларды коргоо үчүн көптөн бери колдонулуп келатат.

Мурдагы Югославия урап жатканда бир нече фирмалар Босниянын жана Хорватиянын күчтөрүн жабдууга, машыктырууга жана уюштурууга көмөктөшүү үчүн жалданган. Баары АКШ өкмөтүнүн батасы менен иш баштаган.

Бул тармакта жалдануучулардын санын аныктоо жана акчанын суммасын билүү кыйын, бирок ал өнүгүп-өсүп жаткан өнөр жай. Aerospace & Defense News порталынын баяндамасында аныкталгандай, дүйнөдөгү менчик аскердик жана коопсуздук өнөр жайынын баасы 2030-жылы $457 миллиарддан ашмакчы. 2020-жылы анын баасы $224 миллиардды түзгөн.

Жалданма аскерлер 

Чет өлкөдөгү жалдануучулар Украинада согушка катышпаганын айтууда.

Айрымдарга Украинадагы же кошуна өлкөлөрдөгү бейөкмөт жана гуманитардык уюмдарга жардам берүү үчүн кайрылып жатканын билдиришти. Андай уюмдарга жаңжал чыккан аймактардагы катаал шарттарда иштөө боюнча тажрыйбага жана жөндөмгө ээ болгондор керек болууда.

“Ал жакка барган менин жеке тааныштарымдын көпчүлүгү дарыгерлер, дарыгердин жардамчылары, фельдшерлер, медайымдар жана мурдагы спецназдар же согуштун ардагерлери, согушту түшүнгөндөр”, — деди Микел Хоук. Ал согуш болгон аймактарда жалдануучу болуп иштеген АКШнын атайын күчтөрүнүн өкүлү.

Батыштагы жалдануучулардын аракеттери өз өлкөлөрүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынарын айтат Кристофер Мейер. Ал Иракта менчик аскердик компания менен иштеген АКШ армиясынын мурдагы полковниги.

Алар согушка түздөн-түз катышпайт. Алар адамдарды, жерлерди же активдерди коргоого милдеттүү.

Бул тармактагы көпчүлүк алар “жалданма аскерлерби” же оомат жоокерлериби деген көз карашты укканда ачууланып кетишет.

“Ал сиз АКШда же башка жактарда көргөн иштер менен бирдей эле. Айырмасы — жаңжал чыккан аймакта адам өмүрүн ала турган күчтү колдонуу ыктымалдыгы өтө жогору”, — дейт Мейер.

Иш жүзүндө чек бүдөмүк.

“Эгерде жеке жалдануучу болууга жөндөмүң бар болсо, жалданма аскер болууга да жөндөмүң бар. Ортодо так-даана чек жок. Ал базардагы шарттардан жана адамдын жекече чечиминен көз каранды”, — дейт Шон МакФейт. Ал Африкада жана башка жактарда жалдануучу болуп кызмат кылган америкалык десантник.

“Адамдар анын мыйзамдуулугунан жана кардар ким экенинен сөз кылышат. Анын эч бири мааниге ээ эмес. Бир жолу кыла алсаң, экинчисин да кыла аласың”, — деп кошумчалайт ал.

МакФейт менчик аскердик компаниялардын жайылышы “баш аламандыкка жана жабырланууга” алып баргандай эле жакшылыкка да жол ачуусу мүмкүн деп эскертти.

“Тарыхта жалдануучулар пайданы көздөп жаңжалды узартып келишкен. Ал кылымдын ортосунда ашыкча байлардын жеке менчик армияга ээлик кылган чекке чейин жетүүсүнө алып баруусу мүмкүн. Ал кандай болорун элестете албайм”, — деп кошумчалайт ал.

Менчик аскердик компания

Сүрөттүн булагы, жөнөтүлгөн сүрөт

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чехиядагы жеке менчик Антитеррористтик академияда машыгуудан өтүп жаткан эркек кишилер. Антитеррористтик академия берген сүрөт

Жаңжалдарга катышкан компаниялардын мисалдары бар. Мисалы, Түштүк Африкадагы Executive Outcomes фирмасы 1990-жылдары Ангола жана Сьерра-Леоне өкмөттөрүнүн атынан согушкан.

Штаб квартирасы Лондондо жайгашкан Sandline International фирмасы Папуа-Жаңы Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леонедеги жаңжалдарга катышкан.

Ал эми орусиялык жалданма топтор Украинанын жер-жерлеринде жүргөнү айтылууда.

Бирок Британиянын атайын күчтөрүнүн мурдагы кызматкери, Executive Outcomes жана Sandline компанияларын негиздеген Саймон Манн Би-Би-Сиге билдиргендей, Украинадагы согушка Батыштагы жалдануучуларды тартуу ыктымалдыгы “өтө төмөн”. Ал татаал юридикалык жана организациялык маселелерге жол ачат.

“Аларды кантип каржылайт? Аларга ким буйрук берет? Алардын Украина согушундагы орду кандай болот?” — деп суроо салат Манн.

“Кандайдыр бир операциялар башталганга чейин алар улуттук куралдуу күчтөргө тиешелүү түрдө киреби? Кирбесе алардын юридикалык абалы кандай болот? Каза болсочу? Медициналык кызматтарчы? Өлгөндөн кийинки же майып болуп калса камсыздандыруу болобу?”

Манн бир адамды эвакуациялоо миссиясы үчүн 10 миң фунт стерлинг сурагандардан кабары бар экенин айтат. Ал 2004-жылдагы Экваториалдык Гвинеяда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштү жетектеди деп айыпталып, бир нече жыл түрмөдө отуруп чыккан.

Британиянын мурдагы аскери жана узак убакытка чейин коопсуздук боюнча жалдануучу болуп иштеген Орландо Уилсон Украинадагы жеке жалдануучулардын айланасындагы сөздөрдүн көбү “сандырак кеп” экенин айтат.

“Бүгүнкү күндө адамдар Украинада кантип иш алып барарын, айрыкча жекече жүрөрүн түшүнбөйм”, — дейт ал.

“Эгерде кайсы бир тарап кармап алса, алар силерди тыңчы катары гана көрөт. Анан болду. Ал жалдануучулар үчүн да, кардарлар үчүн да коопсуз болмок эмес”, — деп кошумчалады Уилсон. (EA)