"Мен күрөшөм". Юлия Навальнаянын жолдошу каза болгондон кийинки биринчи маеги

Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная

Сүрөттүн булагы, TIME

Published

Орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная америкалык Time журналынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарына кирди. Ал басылмага күйөөсү каза болгондон кийинки алгачкы маегин берди.

Басылма саясатчынын жесиринин журналист Саймон Шустер менен болгон маегин жарыялады. Маек Навальныйдын өлүмүнөн бир ай өткөндөн кийин Вильнюста болгон.

Би-Би-Синин орус кызматы Юлия Навальнаянын маегиндеги урунттуу учурларды баяндайт.

Жолдошунун каза болгондугу тууралуу

Юлия Навальнаянын айтымында, ал күйөөсүнүн каза болгонун Мюнхен конференциясында сүйлөгөнгө чейин орусиялык маалымат каражаттарынан билген.

“Мен [телефонума] “Алексей Навальный“ деген ат менен башталган билдирмелерди алып көнүп калгам. Кийин үчүнчү сөздү көрдүм. Үчүнчү сөз анын көз жумаганы тууралуу болчу. Беш секунддай бурулуп, бул сөздүн маанисин ошондо гана түшүндүм. Мен өзүмдүн бөлмөмдө жалгыз болчумун“, — деди Юлия Навальная.

Саясатчынын өлүмү тууралуу маалыматтар орусиялык расмий булактардын маалыматтарына гана негизделгендиктен, Юлия Навальнаянын айтымында, ал "адегенде баарын такташ керек деп чечкен".

"Ошондо гана ыйлап, тынчсыздана баштаса болот", - деди ал.

Акыркы жолугушуу жана сүйлөшүү тууралуу

Юлия Навальная айтымында, жолдошун акыркы жолу 2022-жылдын февраль айынын орто ченинде, Орусиянын Украинага басып киришине аз калганда көргөн.

"Бизде аны менен телефон аркылуу сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү болгон жок. Балким, бир же эки жолу, абдан кыска. [...] Бир жолу жайында, менин туулган күнүмдө, ал мага телефон чалганга уруксат алган. Бирок андан майнап чыккан жок. Телефон чалып: "Алло, салам“ дегенде эле, дароо байланыш үзүлүп калды. Бул анын мага акыркы жолу салам айтканы болду“.

Навальныйды Красиковго алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу

Юлия Навальнаянын айтымында, ал бул сүйлөшүүлөр тууралуу билген, бирок ага катышкан эмес. "Ошол учурда [Навальныйдын өлүмү тууралуу кабар белгилүү болгондо] мен бул келишимдер болгонун түшүндүм“, - деди ал.

Юлия Навальная катышкан Мюнхен конференциясында жолдошун алмаштыруу боюнча атайын сүйлөшүүлөр пландалган эмес, дейт ал. Анткен менен, анын ою боюнча, туткундарды алмаштыруу жана Алексей Навальныйдын өлүмү боюнча сүйлөшүүлөр кандайдыр бир деңгээлде байланышта деген версия чындыкка жакыныраак.

"Менин оюмча, Путин Алексейди абакка салган биринчи күндөн тартып эле эч качан бошоткусу келбегендигинин ыктымалдыгы жогору... Ал Алексей келишимге [Красиковду алмаштырууга] катышууга тийиш экенин түшүнөрү менен, дароо эле аны өлтүрүүнү чечкен“, - дейт Навальная

Жолдошунун ишин улантуу боюнча

Саясатчынын жесиринин айтымында, ал лидерсиз калган тарапкерлерин колдоо жана Владимир Путиндин режимин колдобогон орусиялыктарга үмүт берүү үчүн күйөөсүнүн ишин улантууну чечкен.

"Баарынан да мен Кремль жана анын чиновниктери түшүнүшүн каалайм: эгерде алар Алексейди өлтүрсө, анда мен анын ордун ээлейм. Эгер алар мага бир нерсе кылышса, башка адам келет“, - деген Навальная бул чечимди кабыл алууда эч ким менен кеңешпегенин белгиледи.

Юлия Навальная айткандай, ал күйөөсү менен анын жолун улантуу керекпи деген маселени эч качан талкуулаган эмес. Симон Шустердин Алексей Навальный каза болгон учурда анын мындай ролду өзүнө алышын каалайт беле деген суроосуна Юлия Навальная билбейм жана "болжолдогум да келбейт" деп жооп берди.

"Мен жөн гана мындай калтырылышы мүмкүн эмес деп ойлодум. Эгер алар Алексейди өлтүрүп, ушуну менен бүтөт деп ойлошсо, жаңылышат“, - дейт ал.

Орусияга каршы санкциялар тууралуу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Юлия Навальнаянын айтымында, Батыштын Орусияга киргизген санкциялары иштебей жатат. "Алар Кремлдин пропагандасына: "Карагылачы, жамааттык Батыш бизге эмне кылды! Алар санкцияларды киргизишти!“, - деп айтууга гана жардам берүүдө. - дейт ал.

Юлия Навальная интервьюсунда баса белгилегендей, санкциялар Орусияга каршы эмес, “Путиндин досторуна жана анын жакын чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө багытталган болушу керек”.

"Бул чындап эле анын бийлигине сокку болот, бирок Алексейдин өлтүрүлүшүнөн кийин Евробиримдик жана Улуу Британия киргизген санкциялар сыяктуу кокус адамдарга таасир эткен санкциялар жөн эле күлкүлүү. Бул катардагы кызматкерлерге каршы санкциялар“, — деди Юлия Навальная.

Анын айтымында, ал АКШ президенти Жозеф Байден менен жеке жолугушууда да санкция маселесин талкуулаган.

"Биз Путиндин жакын чөйрөсүнө каршы санкцияларды киргизүү керек дегенде, Батыш бизди такыр укпайт, - деп белгиледи Юлия Навальная. Өткөн жайда европалык жогорку даражалуу аткаминер Батыштын чечкинсиздигин "Путинден кийин баары мындан да жаман болот" деген кооптонуу менен байланыштырганын айтты.

Саясатчынын жесири айткандай, Батыш орус президенти “кызыл баскычты басып, өзөктүк курал колдонот” деп коркуп, Путинге жана анын чөйрөсүнө каршы санкцияларды кечеңдетип жаткандыр.

Орусиядагы нааразылык маанайы тууралуу

"Орусияда бул өкмөткө каршы, режимге каршы чыккандар көп жана алар [орус бийлиги] бул адамдардын көбүн өлтүрсө дагы, алардын ордун башкалар басып аларынан күмөнүм жок“, - деп ишенет Юлия Навальная.

Анын айтымында, Путиндин режимин колдобогон жана Орусиянын Украинага басып киришине каршы чыккандардын баары эле "баатыр болууга даяр" эмес, ошондуктан алар "жөнөкөй жашоону улантышууда".

Ошол эле учурда анын айтымында, эл каалаган учурда көчөгө чыгууга даяр. "Бул аздыр-көптүр согушка каршы талапкердин шайлоого катышуу кезегиби же "Путинге каршы чак түш“ акциясыбы. Жолдошумдун жаназасын айтпай эле коёюн. Бул акыркы сапарга узатуу жүрүшүнө айланды. Биринчи күнү эле ал жерде 40 000дей адам болгон [...] Алардын баары согушка каршы экендиги айкын. Алар согушка каршы кыйкырып жатышты”, - деп белгиледи Юлия Навальная.

"Путинге каршы чак түш" өнөктүгү тууралуу

Юлия Навальная президенттик шайлоодо добуш берүүнүн акыркы күнүндө өткөн “Путинге каршы чак түш” акциясын абдан ийгиликтүү деп атады.

"Согуш учурунда, адамдарды плакат же лайк үчүн түрмөгө камоого болгон маалда - адамдар сыртка чыгууга жана коркпогонго даяр болгон учурду табуу абдан кыйын. Бул демонстрация аларга ушундай мүмкүнчүлүк берди", - деди саясатчынын жесири.

Анын айтымында, ал өзү “бюллетенди бузуп, “Навальный” деп жазган”.

Орусияга жана Украинадагы орустарга болгон мамиле тууралуу

Юлия Навальная Орусиянын Украинага басып киришин колдобогон орустарга көңүл бурбоо чечимин “Украина өкмөтүнүн катасы” деп атады.

"Карапайым украиндер орусиялыктардын баары эле аларга каршы эмес экенин түшүнүшөт. Бирок украин өкмөтү тууралуу кеп болгондо, менин оюмча, бул адамдарды унутпаса туура болмок. Бул Орусиянын согушу эмес экени анык. Бул Путиндин согушу", - дейт Навальная.

Коопсуздук жана жансакчылар тууралуу

Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин

Юлия Навальная жансакчы менен жүргүсү келбей турганын, бирок маектешүүгө аны менен келгенин айтат. Анын айтымында, жан сакчы марттын орто ченинде - Вильнюста күйөөсүнүн тарапташы Леонид Волковго кол салуудан кийин гана пайда болгон.

"Алексей экөөбүздүн жан сакчыбыз эч качан болгон эмес жана мен Алексейден ошол кайраттуулуктун, жеңил мамиленин бир бөлүгүн мурастап алдым деп ойлойм", - дейт ал.

Пропаганда тууралуу

Юлия Навальная орус оппозициясы менен Батыштын ортосундагы диалогдун негизги көйгөйү Европада жана АКШда "Путинди саясатчы катары ойлогону" деп эсептейт Юлия Навальная.

"Бирок ал саясатчы болууну эбак эле токтоткон [...] Мунун анча байкалбай калганынын бирден-бир себеби, Путин пропаганда менен жакшы иштегенди үйрөнгөндүгүндө", - дейт Юлия.

Анын айтымында, Орусияда көптөгөн адамдар чындыгында "Путинсиз баары мындан да жаман болуп кетиши мүмкүн" жана "алардын бардык көйгөйлөрүнө Путин эмес, Батыш күнөөлүү" деп эсептешет. Бирок бул көз караштар, Навальнаянын айтымында, “Путин элди жакырчылыкта кармап тургандыктан” гана бар, анткени альтернативдик маалымат булактарына жетүү өтө чектелген.

Басым жана кысым тууралуу

"Чынын айтсам, ал [Путин] менден коркуп жатабы же коркпойбу мага баары бир. Мен эмне жасасам ошону жасайм. Мен эмне туура болсо, ошону жасайм. Мен Путинге каршы күрөшөм. Путин менин душманым", - деген Юлия Навальная күйөөсүнүн өлүмү үчүн орус президентин жооптуу деп эсептейт.

Навальнаянын айтымында, ал үгүтчүлөр жана орус бийликтери тарабынан ага болгон кысымдын күчөшүнө даяр.

"Акыркы айларда алар мага каршы уюштуруп, тынымсыз ойлоп таап, мен жөнүндө жаңылыктарды чыгарышкандыктарынан, кээ бир үгүтчүлөр ага мени менен күрөшүү керек деген ойду сатышканы көрүнүп турат [...] Россиянын бийликтери ар дайым өздөрүнө башка душман тапканды жакшы көрүшөт", - деди ал.

Юлия Навальнаянын Time журналына берген интервьюсу боюнча кыска макаланы АКШнын вице-президенти Камала Харрис жазган .

Харрис журналдын окурмандарына 16-февралда Алексей Навальныйдын өлүмү белгилүү болгон күнү Юлия Навальнаянын Мюнхенде өткөн конференцияда сүйлөгөн сөзүн эске салды.

АКШнын вице-президентинин айтымында, ошол күндөн тартып Юлия Навальная алар үчүн “демократиялык баалуулуктардын символу” гана эмес, “эр жүрөк күрөшчүсү” да болуп калды. Камала Харрис Алексей Навальныйдын жесиринин "өзгөчө берилгендигине жана күчүнө" көңүл бурду.

“Ошол эле күнү (16-февраль) биз жолугуп, анын балдары жана анын үй-бүлөсү күйөөсүнүн тагдыры тууралуу гана эмес, анын иши тууралуу кандай ойдо экенин сүйлөштүк. Эми дүйнө жүзүндөгү адамдардын жыргалчылыгы үчүн Юлия Навальная дүйнөлүк аренада лидердин ролун өзүнө алды”, - деп жазат Камала Харрис.