Боомдогу сел: Тилсиз жоону тосконго күчүбүз жетеби?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Боом капчыгайынын ичинде кайра-кайра сел жүрүп, жолду каптап, туристтик сезондун кайнаган убагында көлгө каттап жаткандар үчүн чоң машакат жаратууда. Социалдык тармакта бул жолду салгандарды тилдеп жатышканда, биз бул жолду долбоорлогон мекеменин адистери менен жолугуп, климаттык өзгөрүүлөрдөн улам тоо арасындагы тооруган күтүлбөгөн коркунучтар болуп жатканын билип келдик.

Июлдун аягында жана августтун башында капчыгайдагы Кыз-күйөө деп аталган жерде эки-үч жолу катары менен сел жүрүп, жолду каптап, кыймыл бир топ саатка токтоп калды. Ошондо бул жолду асмандаган акчага кытай компаниясы салды эле, долбоорунда же курулушунда кемчилик кеткен турбайбы деп социалдык тармакта тилденген адамдар болду.
5-августта Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 136-138-чакырымында эки тилкеден сел болду. Андан мурда 1-августта Бишкек-Балыкчы-Каракол жолунун 144-145-154-155-чакырымдарында эки тилкеден сел жүрдү.
30-июлда ушул эле жолдун 128-129 жана 131-чакырымында эки жерде сел жүрүп, Балыкчы – Бишкек каттамы бир топко жабык болуп турду.
Ал ортодо Өзгөчө кырдаалдар жана Транспорт министрлигинин адистери сел жүргөн участокту изилдеп көрүп, кандай чара көрүштү акылдашып жатканы кабарланды.
Кыргызстандагы көп жолдорду, анын ичинде Боом капчыгайын өрдөгөн кан жолду дагы долбоорлогон - Бишкектеги “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасы. Ошондуктан бул жолдогу бүгүнкү кыйынчылыктардын себебин жана жагдайын алар жакшы билет.

Аталган институттун башкы деректиринин орун басары Лев Алибегашвили бул жерде кеп жолдун сапаты эмес, тоо арасындагы климаттык өзгөрүүлөрдүн күтүлбөгөн кесепеттери жөнүндө болуп жатканын билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Буга чейин мындай көрүнүштөр болгон эмес. Быйыл болгону беш мүнөт жааган жаандан ошондой сел жүрүп кетти”,-дейт Лев Алибегашвили. – Сел жыл сайын эле бир жерде жүрө бербейт. Бул цикл менен боло турган көрүнүш. Анын кай жерден болорун дайыма билүү оңой болбойт”.
Көрсө, Боом капчыгайынын “Кыз күйөө” деген жерде буга чейин дегеле мындай сел болуп көрбөптүр. Керек болсо жаан-чачын сейрек болчу экен.
Селдин пайда болушу ошол жердеги топурактын бекемдигине, жаан чачындын кандай, канча жүргөнүнө байланыштуу экен. Ал эми климаттык өзгөрүүлөр бул процессти ого бетер татаалдаштырууда. Анткени, кеп бул жол салынып жаткандагы климат башка, азыркы учурдагысы башка болуп жатканында.
“Тоолор бул өзгөчө дүйнө, анда татаал экзогендик процесстер жүрүп турат. Бул тоолорго сырттан болгон таасирлер. Бул ташкын, температура, жаан-чачын, шамал. Мунун баары тоолорду бузат. Биз көп нерсени билдик, үйрөндүк, бирок бул баары бир татаал иш”,-дейт Алибегашвили.

Сел демекчи, Россияда, Казакстанда табияттын бул стихиясын изилдеген атайын илимий адистер, өзүнчө бир тармак болгон институттары бар экен. Ал эми Кыргызстанда бул иштин жагдайын билген бир окумуштуу болсо болот, болбосо жок дешет.
"Бул жерде илимий изилдөө жүргүзүш керек. Сел боюнча адистер болуш керек. Бизде Кыргызстанда андай жок. Кыргызстан эле эмес, КМШда көп жок алар. БУУда табигый кырсыктардын алдын алуу деген программа бар, Казакстан ошол программага кирген. Аларда доктор, профессорлор иштеп атат ",-дейт институттун башкы директору Таалай Ашымбеков.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде селге каршы күрөшкөн атайын бригада бар экен, бирок алар көбүнчө бул иштин кесепети менен алышат экен. Ал эми селдин алдын алуунун жолун, көзүн билиш үчүн туруктуу байкоо салып, өзүнчө бир изилдөөлөрдү жүргүзө турган чоң адистик база керек. Андай потенциал азыр Кыргызстандын колунда жок, аны уюштурганга акча керек, ал дагы жок.
“Сел агымдары - абдан татаал көрүнүш. Качан, канча көлөмдө жүрөт деген көз караштан алганда ал анчалык изилдене элек маселе. Аны изилдеш үчүн көп жылдык байкоо жүргүзүү керек. Ага туруктуу түрдө байкоо салып турган кызмат болуш керек”,-дейт Лев Алибегашвили.
Тоо арасында коопсуз жашагыбыз келсе, анда өкмөт буга каражат таппаса болбойт. Эл аралык тоо жылы деп дүңгүрөтүп жарыялап атабыз, БУУнун тармактары аркылуу дагы акчалай да, эксперттик да жардам тартпаса, климат улам өзгөрүп жатканда, табият кырсыктары күтүлбөгөндөй деңгээлде болуп, коркунуч тооруй берчүдөй.



































