Бийик тоо арасындагы Акпай көлү жырылуу коркунучунда
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолордогу мөңгүлөр катуу эрип жаткандыктан, айрым көлдөр жырылып кетүү коркунучунда турганын билдирүүдө. Жергиликтүү бийлик органдарына кооптуу көлдөрдүн абалына такай көз салып турууга, жарылып кетсе каршы чара көрүүгө даяр турууга буйрук берилди.

Сүрөттүн булагы, Ministry of Emergency Situations of the KR
Чүйдөгү Сокулук дарыясынын башында Акпай деген көл бар, жайкысын эрийт. Июнь-июль айларында эриген мөңгүлөрдүн эсебинен анын көлөмү 300 миң метр куб болуп чоңойду. Эми ушундай темп менен толо берсе, июлдун аягы же августтун башында жырылып кетиши мүмкүн болууда.
"Сокулук дарыясынын башында Акпай деген көл мөңгүнүн астындагы чөйчөгү толуп, 300 миң куб метрге жакын суу топтолду. Чөйчөктүн ылдый жакта дамбасы бар, ошол жер жырылып кете турган болсо, суу ашып, сел пайда болот. Сокулук дарыясына кошулуп агып, ылдый жактагы айылдарды жана объектилерди каптап кетиши мүмкүн. Азыркы күндө биз ошондой коркунуч бар деп, сифонный ыкма менен топтолгон суунун көлөмүн азайтыш үчүн керектүү жабдыктарды сатып алып жакында орноштурабыз",-деди Би-Би-Сиге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин моиторинг департаментинин башчысы Анаркул Айталиев.
Быйылкы жылы кооптонуу жараткан биринчи категориядагы он жети көл бар. Алардын ичинен эң чоң коркунуч Акпай көлүндө болуп жатат.
Ушундай кооптуу абалда турган көлдөрдөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тийиштүү кызматтары жыл сайын байкоо салып турат.
«Республиканын аймагында бийик тоо арасында эки миңден ашык жырылып кетчү көлдөр бар. Изилдөө иштеринин жыйынтыгында аларды категорияларга бөлгөнбүз. Биринчи категорияда 368 көл турат. Биз жыл сайын дистанттык ыкма менен, космостук сүрөттөрдүн жардамы менен же болбосо, шартка жараша тик учак менен барып, аэровизуалдык түрдө, а кээде жөө адамдар барып, анын бөгөп турган дамбасынын абалынын бекемдигин изилдеп келебиз",-деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын башчысы Даур Сакиев.
2017-жылы Ысык-Ата районунун үстүндөгү Челек-Төр деген көл жарылып кеткен. Суу дамбанын түбүн жарып чыгып, селге айланып, жолдогу кашарларды, көпүрөлөрдү жууп кеткен.
Мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстан үчүн эң чоң кесепет алып келе турган климаттык көйгөй.
Бул бүтүн дүйнөдө жүрүп аткан процесс. Франциянын изилдөөсү боюнча жыл сайын дүйнөдөгү мөңгүлөрдүн 270 миллион тонна музу эрип жатканы аныкталды. Анын негизги себептери - күндүн ысыганы жана жааган кардын азайышы, ошондой эле өндүрүштүк таасирлер.
Кыргызстанда соңку элүү жыл ичинде мөңгү аянттары 16 пайызга кыскарды. Чоң мөңгүлөр майдаланып кеткен учурлар бар. Кээ бир мөңгүлөр 8 метрге чейин кыскарса, чоң мөңгүлөрдөгү кыскаруулар мындан бир топ эле көп, 50-60 метрге чейин жеткендери бар.
Мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстанда табигый кырсыктарга алып келет, ошондой эле айрыкча айыл чарбасына чоң зыяны тиет. Жайыттар такырайып, кыскарып, суу тартыш болот, эгин талаалары азаят. Кыргыздар ата-бабадан бери келаткан малчылык менен жан багуу кыйын болуп калат.

Сүрөттүн булагы, Ministry of Emergency Situations of the KR
Ошон үчүн климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетинин алдын алууга азыртан даярданыш керек. Кыргыз өкмөтүнүн буга кандай даярдыгы бар?
2009-жылы бай өнүккөн өлкөлөр 2020-жылга чейин кедей мамлекеттерге климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүгө жыл сайын 100 миллиард доллар жардам бөлмөк болуп макулдашкан. Кыргызстан андан бир тыйын алган жок.
Кыргыз парламенти 2019-жылы октябрда Париж келишимин ратификациялады. Ошондон кийин Жашыл климаттык фонддон гранттарды ала баштаса болот эле. Бирок өлкөдөгү саясий тополоң окуялардан ага чолоо тие элек. Бул ишти ойлоно турган Климат жана экология боюнча мамлекеттик комитет жаңы түзүлдү.

Сүрөттүн булагы, social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
«Биз климаттык жашыл фонддон каражат тартышыбыз керек. Климаттык инвестиция деп коет. Климаттын терс таасири тийип атпайбы, селдер жүрүп атат, кургакчылык болуп атат. Ошолорго чара көргөнгө бизде каражат жок. Жашыл климаттык фонд каражатты элүү пайызын грант менен, элүү пайызын кредит түрүндө берет. Бирок кредиттин шарттары да абдан жакшы. Пайыздары аз, мөөнөтү узак. Ошол механизмди ишке ашырсак, Кыргызстанга абдан чоң жардам болот. Биз инфраструктураны жакшы оңдоп алабыз. Бизде гидромет системасы талкаланып, гидропосттор жетишпейт»,-дейт жаңы түзүлгөн комитеттин башчысы Динара Кутманова.
Компьютердик PAGE09 моделинин жардамы менен жүргүзүлгөн эсептөөлөр 2050-жылга карата Кыргызстанга климаттык өзгөрүүгө адаптация болуу үчүн жылына 130 миллион АКШ доллары талап кылынарын көрсөткөн. Ал эми 2100-жылга карата 454 миллион доллар керек болот.
Ушул жылы ноябрда дүйнөлүк лидерлер климаттык өзгөрүүнүн кесепетин талкуулоо үчүн COP26 саммитине чогулат. Бул иш чарага Кыргызстан дагы катышат.
































