Шайлоо-2025: алгачкы талапкерлер жана шайлоонун болжолдуу чыгымдары

Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз менен эки талапкер кайрылды. Алар №23 жана №4 шайлоо округдары боюнча талапкерлер - Эльвира Сурабалдиева менен Ахмеджан Мамадумаров. Экөө тең өз талапкерлигин өздөрү жылдырып жатышат.
Буга чейин өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер 100 миң сом күрөө төлөшү керек эле, жаңы мыйзам менен бул сумма 300 миң сомго көбөйдү. Ал эми саясий партиялар үчүн күрөө бир миллион сомдон тогуз миллионго көтөрүлдү.
Кайтарымсыз күрөө акысы
Мурда талапкер шайлоодо 5% көбүрөөк добуш алса, алар күрөөгө койгон акчаны кайтарып алчу. Азыр ал кайтарымсыз, дароо республикалык бюджеттин эсебине кетет. Бул жаңы чара чөнтөгү жука талапкерлер үчүн оорчулук келтириши мүмкүн экендиги айтылып жатат.
Президент Садыр Жапаров бүгүн "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек куруп, алдыдагы шайлоо тууралуу суроолорго жооп берип жатып, күрөө акынын көтөрүлүшүн колдой турганын айтты:
"Мугалимдер менен врачтар 300 миң сом таппайт" деген суу кечпеген кеп. Эгер ошол чөлкөмдө кадыр-барктуу мугалим же врач болсо эл өзү эле көтөрүп алат. Жакын туугандары, кошуна-колоңдору, жолдош-жоролору эле чогултуп төлөп коёт. Мындай күрөө коюу практикасы дүйнө жүзүндө бар. Эмне үчүн дегенде, күрөө болбосо бир округга миңдеген талапкер "мен деле коё берейинчи" деп, жөн эле коюп алышат. Муну да 2011-жылы президенттик шайлоодо көргөнбүз. 90го жакын талапкер коюп алышкан. Жыйынтыгында 16 эле талапкер катышкан".
Талдоочулар алдыдагы парламенттик шайлоо күрөө акыны эске албаганда деле, мурдагылардан алда канча кымбатка турарын айтып, талапкерлердин капчыгы бери дегенде 200 миң доллардан кем эмес болушу керек деп жатышат.
Шайлоодогу фандрайзинг
Дастан Бекешев шайлоо Кыргызстанда кымбат иш-чаралардан экенин жон териси менен билет. Ал чектелүү акча каражатына карабай, тапкычтыгы аркасында бир нече жолку чакырылыштын депутаты болгон:
"2021-жылдагы шайлоого салыштырмалуу бул жолу баары эле кымбаттаптыр. Инфляция таасирин бериптир. Адамдарды жалдоо аябай эле кымбат болуп калыптыр. Бул мен үчүн башкы чыгым. Офистердин ижара акысы да көтөрүлүп кетиптир".
Бекешев шайлоого каражатты мурунку жолу фандрайзинг аркылуу топтогон. Бул жолку шайлоодо дагы ал чыгымдарын жабуу үчүн ушул эле ыкманы колдонуп жатканын айтат. Бирок ал канчалык ийгиликтүү болот азырынча билбейт.
Талапкерлер шайлоодо акчаны эмнеге көп коротушат? Бул ар бир талапкердин шайлоодогу жеке стратегиясына көз каранды. Ошентсе да, талапкердин баары сөзсүз акча коротчу чыгымдар бар. Алар кайсылар?
"Акчанын көбү жарнама менен пиарга кетет"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Асель буга чейин президенттик, парламенттик шайлоо штабдарда иштеген тажрыйбалуу адис. Азыр дагы ал белгилүү эле бир талапкердин командасында иштеп жатат. Анын айтымында, Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлердин эң эле көп чыгымы медиакампанияга, башкача айтканда, ЖМК аркылуу жарнамага жана пиарга кетет. Андан кийин эле шайлоо штабынын иши, анын ичинде имарат ижарасы, штаб кызматкерлерине айлык акыларына көп акча жумшалат.
"Бул жолу агитаторлордун санын миңге чыгарууга уруксат берилди. Өткөн шайлоолордо аларга орточо айлык акы эсебинде 10-15 миң сом төлөнгөн. Эми өзүңөр эсептеп көргүлө...".
Талапкерлер мындан тышкары тышкы жарнамага да бир топ акча каражат бөлүшү шарт. Мисалы, алар басмаканаларга буклет, брошюра, календарь, баннерге буйрутма берип, ал эми тигүү цехтерине желек, шарф, чыптама өңдүү нерселерди тиктиришет.
"Азыр бир округда 120-160 миң шайлоочу болсо, ошонун жарымы эле шайлоого барса деп эсептесек, ошонун ичинен кеминде 30-40% буклет же брошюрага буйрутма берилет. Басмаканалар шайлоодо талапкерлер менен корпоративдүү кардар катары иштешет, баннерден башкасына акчаны быйыл кымбаттатышкан деле жок", - дейт Асель.
БШКнын эскертүүсү
Ал арада бүгүн Боршайком шайлоого карата үгүт 10-ноябрда башталып, 29-ноябрда аяктарын тактады. Үгүт иштерине чыгым, эреже боюнча, ар бир талапкердин шайлоо фондусунда көрсөтүлгөн каражат эсебинен гана жүрүшү керек. БШК өкүлү Узарбек Жылкыбаев шайлоо фонддоруна 20 миллион сомго чейин чогултса болорун айтат:
"Талапкер өзүнүн жеке каражатынан 1,5 миллион сом салса болот, калганын башка жеке же юридикалык тараптар толуктаса болот. Шайлоо алдындагы ар бир кыймыл-аракет, офисти арендага алабы, буклет чыгарабы, радио-ТВге үгүт материалын жайгаштырабы баары фонд аркылуу каржыланышы керек. Эгер фонддон тышкары же андагы каражаттан 0,1% ашык акча коросо, анда талапкерлиги жокко чыгарылат".
Кыргызстанда шайлоого эми гана старт берилип, талапкерлер азырынча уюштуруу иштери менен гана алек болууда. Бул шайлоодо алардын кимиси эң көп акча короткону тууралуу Боршайком шайлоо жыйынтыгында маалымат бермекчи.
Бирок Кыргызстандагы шайлоо фонддорун кыйгап, миллиондогон акча үгүт маалында агитаторлор аркылуу көмүскө жумшалары айтылып келет. Талдоочулар алдыдагы шайлоодо көмүскө каражат негизинен агитаторлор аркылуу добуш сатып алууда колдонулушу мүмкүндүгүн болжошот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын дээрлик төрт жыл мурдагы маалыматына ылайык, 2021-жылдын күзүндө өткөн парламенттик шайлоо өнөктүгүнө жеке талапкерлер 245,8 миллион сом, партиялар 232,3 миллион сом (жалпы 478 миллион сом) коротушкан. Расмий эсеп боюнча, бир мандаттуу округдарда талапкерлер шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттын көп бөлүгүн үгүт материалдарына (33,5%) жана үгүтчүлөргө (27,6%) сарпташкан. Ал эми саясий партиялар да каражатынын жарымынан көбүн (55,7%) үгүт материалдарын даярдап, таратууга чыгымдашкан.
































