Исти уктап жаткандар эле эмес, басып жүргөндөр да сезбей калат

Published

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

К. Алимов: Мен деле жасай алам деп туруп же боло берет, чыгымы аз деп өзү ойлогондой эле меш жасай берген жарабайт

Сүрөттүн булагы, Arysh

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, К. Алимов: Мен деле жасай алам деп туруп же боло берет, чыгымы аз деп өзү ойлогондой эле меш жасай берген жарабайт

Сузак районундагы айылдардын биринде иске ууланып үч бир тууган бир түндө чарчап калганы тууралуу суук кабар желдей тарады. Бул турак-жайды жылытуунун коопсуздугу деген теманы кабыргасынан койгондой болду. Ис газы от жаккан ар бир үй үчүн кооптуу, тобокел. Эгер сиз дагы үйүңүздү от жагып жылытсаңыз анда көңүл буруп, сөзсүз окуп коюңуз. Истин коркунучун биз дарыгер жана адистин пикири менен кенен талдап беребиз.

Дарыгерлер эл этибарга албаган кенедей кемчилик бир заматта кайгылуу окуяга себеп болоорун эскертүүдө.

Сузакта чарчап калган балдардын бири  алты жашта, экөө төрт жаштагы эгиздер. Балдардын апасы оор абалда ооруканага түшкөн. Айрымдар “ушунча катуу уктап калууга мүмкүнбү, сак болсо болот беле?” деп өкүнүчүн билдирип жатат.

Уктаган бойдон ойгонбой калат... Себеби эмнеде?

Токсиколог дарыгер Нургазы Кыштакбаев ис уруп жатканын уктап жаткан адам эмес, басып жүргөн киши дагы билбей калышы толук мүмкүн экендигин айтып берди.

“Имараттын же бөлмөнүн ичиндегилер байкабай да калышат. Себеби бул зыяндуу газдын каңылжыр жара турган жыты жок, түсү жок. Ал акырындап чыга берет. Бөлмө ичиндегилер шалдырап, башы айлангансып уйкусурап баштайт. Ошондон улам кичине жата турайынчы деп ошол бойдон ойгонбой калган учурлар катталат. Түшүнбөй да калышат. Анан кантип таттуу уйкуда жаткандар же кичинекей балдар сезет? Мына мунун коркунучу ушунда да. Бөлмө мындай газга толуп калганын адатта сыртта жүрүп ошол бөлмөгө кирген киши сезет. Истин өлчөмү көбөйгөндүктөн таза абадан келген кишиге бир аз болсо дагы байкалат. Кээ бирөө болжогондой адам ууланып же каза болуп калган учурда түнү бою эмес, ис уюлгуп көп чыкса, абадагы катышы өтө көбөйүп кетсе 10-15 мүнөттө эле адам көз жумушу мүмкүн”,- дейт дарыгер Нургазы Кыштакбаев.

Таза аба маселеси барган сайын актуалдуу болууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таза аба маселеси барган сайын актуалдуу болууда

Ис газы кайдан же эмнеден чыгат?

Көпчүлүк ойлогондой бул газ көмүр жагуудан эле чыкпайт. Күйүүчү заттар, керек болсо жаратылыш газын туура эмес пайдаланган учурда дагы ис бөлүнүп чыгат. Күйүү үчүн, реакция жүрүшү үчүн сөзсүз кычкылтек керек. Ис дал ошол кычкылтек жетпей, мештин кичинекей көзүн толук жаап салганда, керней толуп калганда пайда болот. Себеби, кычкылтек жетпей, реакция жүрүп кетпеген соң уюлгуган газ, түтүн жылчыктан бөлмөгө тарай баштайт.

Кантип алдын алууга болот?

Эскертүү берчү чакан жабдуулар бар, кымбат деле эмес...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эскертүү берчү чакан жабдуулар бар, кымбат деле эмес...

Кубаныч Алимов көп жылдан бери коопсуздукка жооп берет деп текшерүүдөн өткөн, атайын цех же заводдордо чыгарылган мештин түрлөрүн сатат. Адис “мен деле меш жасай алам же мен деле темир ширеткенди билем" дегендин баары эле меш жасай бергени туура эмес дейт. Ал үчүн физика тастыктаган закон ченемдүүлүктөрдү түшүнгөн, жабдуусу жетиштүү, тажрыйбасы барлар гана атайын стандарттарды сактап меш жасашы керек деп жатат.

Кубаныч Алимов: "Мен деле меш жасай алам же мен деле темир ширеткенди билем" дегендин баары эле меш жасай бергени туура эмес...

Сүрөттүн булагы, Kazeco

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубаныч Алимов: "Мен деле меш жасай алам же мен деле темир ширеткенди билем" дегендин баары эле меш жасай бергени туура эмес...
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Сузактагы аянычтуу окуя катуу ойго салды, кайрат айтам. Негизи эле "мен деле жасай алам же боло берет, чыгымы аз болсун" деп өзү ойлогондой эле меш жасап же жасата берген жарабайт. Ушундай кайгылуу окуялардын алдын алуу үчүн бир топ жагдайды эске алышса дейм. Жер тамда жашагандар мешинин кернейин кеминде 7 метр, колдон келсе 9 метр кылып туура орнотушу керек. Мынча узундун эмне кереги бар дешет. Дал ошол узун, туура орнотулган керней зыяндуу газ, түтүндү тартып кеткидей болушу керек. Күн сууктап келе жатканда эле мештин морун, чыканагынан бери эринбей тазалап, көөлөп түтүн тоскоолдуксуз чыгып кеткидей кылуу зарыл. Акырындап эл да түшүнүп калды, үйдү дагы жылытам, тамакты да жасайм дебей коопсуз, туюк мештерди колдонуп, от жагуу үчүн өзүнчө эле бөлмөнү пландап алышса дээр элем. Айылдагылар менин пикиримди сынга алышы мүмкүн, бирок, бул далилденген иш да. Үйдү салып жатканда деталдуу пландаса жылуу да, ыңгайлуу да болот. Баарын бүтүрүп туруп, бир бурчуна эле меш орнотуп салабыз деген болбойт. Жатаарда барып мешти көмүргө толтуруп, думбалап жаап салбай эртерээк жагып, ал кызарып чоктондубу деп байкоого алыш керек. Эгер түтөп, күйбөй жатса эринбей көңүл буруңуз. Бул тобокел бар дегенди билдирет. Азыр эми технология деген укмуш, атайын датчик бар. Ал арзан эле, бөлмөгө тагып койсоңуз түтүн, газ чыкса “чаңырып” белги берет. Уктап калбайсыз”,- дейт “Kazeco” компаниясынын ээси Кубаныч Алимов.

Энергиянын түрлөрү, жылытуу системасы боюнча адис Кубаныч Алимов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Энергиянын түрлөрү, жылытуу системасы боюнча адис Кубаныч Алимов

Ис кантип жабыркатат?

К. Алимов: Колдон келсе меш өзүнчө бөлмөдө турганы коопсуз болот

Сүрөттүн булагы, Kazeco

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, К. Алимов: Колдон келсе меш өзүнчө бөлмөдө турганы коопсуз болот

Бул газ абага чыкканда аралашуу (диффузия) кубулушу өтө тез жүрөт. Дарыгер түшүндүргөндөй, адам дем алганда анын организмине кирген таза аба (кычкылтек) кандагы гемоглабиндерге (кызыл кан клеткаларына) кошулуп (сиңип) кеткенче уулу газ андан да ыкчам гемоглабинге сиңет. Адамдын организминде акырындап шалдыроо, бир аз баш оору, уйкусуроо күчөйт. Эс алам деген ойдо жаткан кишинин абалы билинбей андан ары начарлай берет. Жыйынтыгында аба жетпей, киши деми кысылган бойдон гипоксияга кабылат. Керек болсо аба жетпей мээ шишип кетет.

Газ чыккан көзөнөктөр толук күйүп жатабы деп көңүл буруу ашыктык кылбайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газ чыккан көзөнөктөр толук күйүп жатабы деп көңүл буруу ашыктык кылбайт

Иске урунгандарга биринчи жардам

Эгер ким бирөө ушундай окуянын үстүнөн чыкса тезинен бөлмөдөгүлөрдү сыртка таза абага алып чыгып, кырдантып түз жаткыруусу керек. Кусуп же кийим-кечеси оозу, мурдун жаап калбаганына көңул бууруу зарыл. Андан соң дароо тез жардам чакыруу керек. Эшик, терезени ачсак эле желдейт деп бөлмөнүн ичинде калтыруу туура эмес.

Кышкысын от жагып, үй жылыткандар арбын. Айрымдары башым ооруп калыптыр, жакшы уктай албай калыптырмын деген учурларда дагы истин аз өлчөмү тараган болушу мүмкүн. Кылдаттык керек. Иске ууланыптыр, ис уруптур деген учурлар такай болбосо дагы маал-маалы менен катталып турат. Кээде тилекке каршы бир бүлөдөн эле бир нече кишинин өмүрүн алган учурлар дагы болду. Адистер мешке көңүл буруп, үй куруп жатканда эле анын желдетүү системасына абдан маани бериш керек дешет.