Көмүрдүн баасы көкөлөп эле баратат...

Published

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Көмүр кымбат эле эмес, тартыш болууда...

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көмүр кымбат эле эмес, тартыш болууда...

Коомдук сайттарда көмүрдүн баасы талкуунун чордонунда. Бишкекте тоннасы 5000 - 6000 сомго чыкты десе, дагы бири силерде арзан экен, биздин Баткенде эбак эле 10 000 сомдон ашкан деп жазып жатат.

Көмүрдүн мындай тартыштыгы бир жагынан свет маселеси кыйнап турган учурга туш келди. “Электр энергиясын үнөмдөгүлө, ашыкча лампочка дагы күйбөсүн, үйдү свет менен жылытпагыла” деген сыяктуу чакырыктар күчөп, улам бир чөлкөмдө жарык өчүп (оңдоо иштери үчүн деп түшүндүрүлөт) жатканда көмүр дарыга тете болуп турган чагы. Көмүрдүн баасы кымбат эле эмес, чыдап сатып алайын десе да тартыш. Ошондон улам көмүр жагып жатып аба кир деген сындар өзүнөн-өзү унутулуп, абаны булгаса деле көмүрдүн кененчилиги жакшы турбайбы дегендер көбөйдү.

Индиядагы көмүр казуу ишинен бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиядагы көмүр казуу ишинен бир көрүнүш

Бул көрүнүш кыргыз президенти Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшү боюнча Глазгодо өтүп жаткан саммитке барып келген учурга туш келди. Ал жыйында көмүрдөн баш тартуу, абаны булгабай турган жаңы технологияларга өтүү сыяктуу глобалдуу маселелер талкууланууда.

Эми электр менен көмүрү тартыш, ошого карабай абасы аябай кир деген борбор калаадагы көмүр көйгөйү тууралуу кеп кылабыз.

Глазгодо өтүп жаткан COP-26 саммити жылытуу, энергия алуу боюнча зыяндуу, эски технологиялардан баш тартууну талкуулоодо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Глазгодо өтүп жаткан COP-26 саммити жылытуу, энергия алуу боюнча зыяндуу, эски технологиялардан баш тартууну талкуулоодо

Суук түшкөндөн тарта арзаныраак көмүр алсам деп кайра-кайра көмүр кампага каттап, бирок, ушул күнгө чейин көмүр ала албай койгон шаар тургуну буларды айтып берди. Ал жетекчисинен айбыктыбы же көйгөйүн көрсөткүсү келген жокпу айтоор, атын да атаган жок.

“Октябрдын башында эле суук түшүп калбадыбы. Негизи жылда октябрдын этегениде алсак ноябрда жакканга кенен үлгүрчүбүз. Октябрдын бештеринде эле көмүргө келе баштадым. Чу дегенде эле 4500 сомдон дешти. Кыштын кыраан чилдесинде араң ошол баага жетчү эле, кудайды карасаңар боло деп кетип калдым. Өткөн жылдан арткан көмүр аз калганда эми арзандап калса керек деп кайра барсам 4800 сом дейт. Чалкаман кеттим. Ага акчам жетпейт деген менен ким укмак эле. Анан эле андан көп өтпөй 5000, 5500, бир-эки күн мурун 5800-6000 сомго чейин чыкты деп жатышат. Бул эмне Кузбастын көмүрү болуп калдыбы? Мен болгону Кара-Кеченин көмүрүн издеп жүрөм. Бул эле дейсиңби, аны жеткирем десең эң арзан унааны 1000 сомго табасың. Аралыкка жараша алардыкы дагы кымбаттай берет. Ошол эле учурда жалаң эле казактын көмүрүн (шабыркүл) саткан кампага дагы барып жаттым. Аларда 4500 деген баа азыр да туруктуу бойдон. Тез күйсө да баасы түбөлүк өйдө деп 3 тонна алып келе бердим. Ошентип бир үй-бүлө эле Казакстанга канча сомду салып берип койдук? Эмне бизде көмүр жокпу? Импорт көмүр жагабыз деп канча каражаты кетип жатат элдин?”- дейт шаар тургуну.

Кыргызстанда көмүр кендери арбын, бирок, Казакстандан дагы көмур ташылат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда көмүр кендери арбын, бирок, Казакстандан дагы көмүр ташылат

Эл суранды, мен саттым...

Жеринен көрүп келмекке мен да көмүр кампаларга бардым. Кадимки Кара-Кеченин көмүрүн ордунан 5800 сомдон сатып жатканын өз көзүм менен көрдүм. Ага чейин монополияга каршы агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаков менен маек курдум эле. Директор көмүрдүн баасын көзөмөлдөмөккө күн-түн иштеп жатышканын, мен маек курганга чейин эле өзү дагы 4 жолу көмүр саткан жайларды кыдырып келгенин баяндап берди. Министрлер кабинети токтом чыгарып бергенден кийин, кеңешип олтуруп, чыгымын эсептеп бааны бекитишкен экен. Токтом толук кандуу 18-октябрдан тарта иштеп жатат. Директордун айтымында, Бишкекете эң кымбат деген көмүрдүн баасы 5800 сом болушу керек. Ал иргелген, майдасы жок, жалаң кезек көмүр үчүн коюлган баа.

Мен болсо кампадан иргелбеген кадимки эле майдасы, арасын аңтара келсе ташы кошо чыкчу көмүрдү 5800 сомдон көрдүм, антимонополия кызматы бектикен эң жогорку баа иргелген көмүр үчүн 5800 сомдон экенин айттым. Кампа ээси алабыз деген эл, ошол жердеги айдоочулар өзүлөрү суранып, 5800 сомдон болсо да бергиле дегенинен элди ойлоп, 4 унаанын көмүрүн төктүрүп, өзү бир тыйын акча кошпой сатып жатканын саймедиреп жиберди. Сөз арасында байкабай айттыбы же ачыгын эле айттыбы көмүрдү 4600 сомдон төктүрүп алганын да айтты. Кезек күткөндөр жардап турганынан кийинки кампаны байкап келейин деп чыктым. Ал кампа жабык.

2018-жылы Нарын шаарында тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Ainura Duishok kyzy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2018-жылы Нарын шаарында тартылган сүрөт

Ошол эле тегеректе “Кара-Кеченин көмүрүн ортомчусуз сатабыз” деп телефон номерин жазып койгон кампаны көрдүм. Тактап билейин деп бир апта бою күнүнө бир маал телефон чалып сүйлөшүп жаттым. Алар такыр эле көмүр келбей жатканын, качан келээрин, келсе баасы канча сомдон болоорун дагы билбей турушканын айтууда. Ал тапта свет, газ менен үй жылыта албагандар көмүргө жетпей, муздак үйдө улам бири ооруп, кыйналып бүтүшкөнүн, дарыга эле далай акчалары корогонун кеп кылууда.

Көчөнүн көркүн бузган көмүр кайда?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бир камаз көмүр төгүлөрү менен кезекте жайнап турган айдоочулар дагы бир кампага шыкалып кирип жатышкан экен. Сыртта калгандары буга чейин көмүр ар кайсы кампада эле эмес, көчө боюнда да тоодой үйүлүп, сорттолуп, “семечка”, “орех”, "отборный”, ”пыль”  деп өз-өзүнчө турганын, сатарман алармандын көзүн карап калганын, ал тургай ошол кездеги өкмөт көмүрдүн көптүгүнөн көчөдө антип көмүр сатпагыла, көчөнүн көркүн дагы, чаңы менен абаны да булгап жатасыңар деп айтканын эстеп, кызуу талкуулап жатышты.

Өткөн аптанын соңунда байланышканымда антимоноплоия агенттиги тынымсыз иштеп, барын көрүп-билип турушканын, 456 жолу түшүндүрүү ишин жүргүзгөнүн, 310 жолу эскертүү бергенин, 51 айып салып, акт толтурганын айтып берди. Эгер мындан да катуу көзөмөлдөй турган болсо анда көп ишкерлер такыр эле көмүр ташыбай токтотуп салышы да мүмкүн экенин кошумчалады. “Кыргыз көмүр болсо күн-түн көмүр казып, бир нече айдын планын бир айда эле толтуруп салганын жүйө келтирүүдө.

Көмүрдүн мындай тартыштыгы бир жагынан свет маселеси кыйнап турган учурга туш келди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көмүрдүн мындай тартыштыгы бир жагынан свет маселеси кыйнап турган учурга туш келди

Тынбай иштеп, бирок...

Антимонолия көмүр аз экенин, көмүр көп болсо баа өзүнөн өзү түшөрүн, убагында “Кыргыз көмүргө” өз сунуштарын да бергинен айтууда. Бири казып, бири бааны көзөмөлдөй турган эки мекеме тең таңдан кечке тынбай иштеп, бирок, көмүр жетпей, баа асмандап турса анда буга ким күнөлүү?

Айтмакчы, жайкы жаан-чачындын да буга тиешеси бар экен. Төгүп жаап туруп алгандыктан иш солгундап, бир жагынан мекемеде коррупцияга шектелгендер сотто жүрүп, кадр алмашып олтуруп күн жылуучулукта көмүр казуу араң эле жүрүп калыптыр. Болору болуп боёсу канды дейин десең кыш чилдесине дагы көп бар... Көйгөй качан чечилээри али белгисиз. Ортомчулар ой келди бааны коюп жатканын баары айтууда, бирок, ким, кантип тескээри так эместей. Келээрикде борбор калаадагы газ тууралуу кенен кеп кылабыз.