Камактагы саясатчылар: коррупция менен күрөшпү же саясий куугунтукпу?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, kaktus.media
Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду дагы эки айга абакта калтырды.
Жээнбеков менен Зулпукаровго быйыл 31-майда “Кумтөр” иши боюнча коррупция айыбы тагылган эле.
Бүгүн эки депутаттын жоон топ тарапкерлери аларды абактан бошотууну талап кылып сот алдына чыгышты. Асылбек Жээнбеков өзү күнөөлүү эмес экенин айтып, ага карата ачылган кылмыш ишин "саясий" деп сыпаттады.
“Кумтөр” ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тергеп, буга чейин аракеттеги бир нече депутаттар жана саясатчылар кармалып-камалган.
“Кумтөр” иши боюнча камалгандар
“Кумтөр” ишине байланыштуу буга чейин экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да камалып, кечээ жакында эле тергөө абагынан жеке менчик “Авиценна” ооруканасына которулган.

Сүрөттүн булагы, knews.kg
“Кумтөр” ишинин дагы бир фигуранты мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 29-июндан бери үй камагында.
Экс-депутаттар Талантбек Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана Исхак Пирматов дагы тергөө менен кызматташтыкка барганы үчүн баш коргоо чарасы жумшартылып, учурда үй камагында жатышат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин “Кумтөр” боюнча ачылган кылмыш иштеринин эч кандай саясий өңүтү жок экенин, ким болбосун жасаган кылмышына жараша жоопкерчиликке тартыларын эскерткен:
“25 жылдан бери алтын кенин талап-тоноп, ошонун тегерегинде интригаларды уюштурушуп, биздин мамлекеттик айрым чиновниктер марионетка болуп келген. Мындан ары андай болбойт”.

Сүрөттүн булагы, Social media
Садыр Жапаровдун тушунда саясатчылар “Кумтөрдөн” тышкары былтыр орун алган октябрь окуялары боюнча да кармалып-камалууда.
“Массалык башаламандык” айыбы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Оппозициялык “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго 26-июлда дагы бир - массалык башаламандык уюштурган деген айып коюлду. Тергөө абагындагы саясатчы нааразылык ирээтинде ачкачылык жарыялады.
Буга чейин Молдокматов октябрь окуяларында “имарат басып алууга аракет кылган” деп шектелип, сот аны 6-сентябрга чейин абакта калтырган эле. Активист өзү Садыр Жапаровго карата сын айтканы үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.
Октябрда массалык тополоң уюштурган деген айып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да коюлуп жатат. Ага "Батукаевдин иши" жана Кой-Таштагы окуялар боюнча да айыптар тагылган.
“9-октябрга байланыштуу кылмыш иштери эле эмес, башка кылмыш иштери деле саясий өңүттөгү иштер болуп жатат. Алмазбек Атамбаев бул иштердин алкагында саясий куугунтукка дуушар болуп жатат”,- деди Атамбаевдин адвокаты Замирбек Жоошев.
Эске салсак, былтыр октябрда орун алган окуялар боюнча депутаттар Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешов, Жанарбек Акаев, Эмил Токтошев, Мирлан Жээнчороев, мурунку вице-премьер Элвира Сурабалдиева жана башкалар буга чейин көрсөтмөлөрдү берип чыгышкан.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго да октябрь окуялары боюнча айыптар тагылып, апрель айынан бери үй камагында. Ошондой эле журналисттер Али Токтакунов, Азият Жекшеев дагы бул иш менен УКМКга сурак берип чыгышкан.
“Кустуруу” саясаты
“Азыр кармалып-камалып жаткан саясатчы, бизнесмендердин дагы бир тобу бар. Аларды жалпылап саясий туткун деп айтпайт элем. “Кустуруу” деген да түшүнүк калыптанып калбадыбы. Жазага тартуу аракети менен акча доолап алууга мүмкүнчүлүк пайда болду, ошону колдонуп жатышат”, -дейт “Сөз эркиндигин коргоо комитетинин” төрагасы Адил Турдукулов.
Коррупцияга каршы күрөш президент Жапаровдун негизги ураандарынын бири болуп келди. Мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштеп, эсепсиз байыган айрым адамдарды казынага акча төктүрүү саясатын колдогондор да, сындагандар да бар.
Бажы кызматынын мурунку чиновниги Райымбек Матраимов жана депутат Кубанычбек Жумалиевдин иши “кустуруу” саясатынын эң эле эсте калган мисалдары болду.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл бюджетке мындай жол менен 6 миллиард сом кайтарылганын буга чейин белгилеген.
Быйыл күздө Жогорку Кеңешке шайлоолор күтүлүп жатат, айрым эксперттер шайлоо алдында кармап-камоолор менен өлкөдөгү айрым саясий күчтөрдү мокотуу аракети жүрүп жатышы мүмкүн экенин да белгилеп жатышат.
































