“Үркүн бүтсүн!”

Элери Битикчи Үркүнгө арналган эстеликтеги азыркы жазууну көрсөтүп жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элери Битикчи Үркүнгө арналган эстеликтеги азыркы жазууну көрсөтүп жатат
"Үркүн бүтсүн!"
Published

Элмурат Аширалиев, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда августтун алгачкы жума күнү 1916-жылкы Үркүндүн курмандыктары эскерилет. Бир кылым мурда болуп өткөн тарыхый окуяны азыркы күндө канчалык деңгээлде түшүнө алдык? Би-Би-Синин кабарчысы Элмурат Аширалиев Үркүндү изилдеген тарыхчылар менен маектешти.

Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө Үркүнгө арналган чакан эстелик тургузулган. 1916-жылкы азаптуу окуялардын жүз жылдыгын улай 2017-жылы тарыхчы Элери Битикчи “Үркүн бүтсүн!” деген ураан менен өз алдынча иш-чара баштаган.

Анын максаты Үркүн окуясында болгон факттарды коркпой кабыл алып, мыйзамдуулуктун орношуна салым кошуу болчу. Ошондой эле Үркүндү бурмалабай, мүмкүн болушунча саясаттан алыс кармоого чакыруу эле.

"Немистер фашизмден, нацизмден өткөн. Өткөн окуяларды кантип эскерүү боюнча алар эки терминди киргизишти. Биринчиси, эс тутум саясаты. Экинчиси, эс тутум маданияты", - деп сөзүн баштады ал.

“Үркүндө тукум-курут болду, Орусия бизге кенемте төлөп бериши керек же бизден кечирим сурашы керек деген - бул саясат. А биз бул жакта эс тутум маданиятын колдондук. Келип, арбактарга куран окутуп, жыт чыгардык. Анан бул жер арбактарга багышталган. Бул жерди кайтарып бермейинче курман болгондорду - каармандар, бул окуяны - көтөрүлүш деп айтканга моралдык укугубуз жок”, - деп түшүндүрдү Элери Битикчи. 

Элери Битикчи ар апта сайын Үркүндүн курмандыктарын эскерип турчу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элери Битикчи ар апта сайын Үркүндүн курмандыктарын эскерип турчу. Байтик Баатыр - Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши.

Ал ар бейшемби күндөрү саат 19:16да келип жогоруда айткан иштерди жасачу. Анын өнөктүгү 52 аптага созулган.

Аталган эстелик турган жерде 2-3 гектардай аянт Үркүндө курман болгондордун элесине арналган чоң парк куруу үчүн бөлүнүп берилген. Бирок парктын аянты бара-бара кыскарып отуруп, парктын ордуна турак-жайлар жана кафе-ресторандар салына баштады.

“Үркүн бүтсүн деген сөз - мыйзамдуулук орносун, чыккынчылык, коркуу сезими кетсин дегенди билдирет”.

“Үркүн идеология эмес, тарых болсо...”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ушундан улам, азыркы күндө биз Үркүндү канчалык деңгээлде түшүнө алдык деген суроо жаралат.

Элери Битикчинин айтымында, 1930-жылдардагы адабияттарда Борбор Азиядагы 1916-жылкы окуялар революциялык аракет катары көрсөтүлгөн. Себеби, мурда эволюциялык идеология өкүм сүргөн. Падышалык режимге каршы жалаң эле орустар эмес, башка элдер да көтөрүлүп жатат дешкен. Ал эми Үркүн ошол чоң окуялардын ичинде көрсөтүлчү.

1950-жылдардан кийин Үркүн артка тарткан көтөрүлүш катары көрсөтүлүп калганын айтат ал. Окуяны феодалдык элементтер менен байланыштырып, орус келгиндерди өлтүрүп жатышкандыктан кесепети ушундай болуп калды деген ойлор айтыла баштаган экен.

“Азыр деле бизде идеологиялык дискурс үстөмдүк кылып баратат. Ошол эле таш эстелик 1995-жылы тургузулган. Анын бетинде биринчи ‘1916 Үркүн’ деген жазуу болгон. Андан кийин 2008-жылы ошол жазуунун үстүнө жаңысы коюлду. Үркүн болбойт, үркүсө мал үркүйт дешкен. Биз аны улуттук боштондук көтөрүлүш катары көрсөтөлү деп ушул жазууну коюшту. Үркүн деген сөздөн уялышты”.

Үркүнгө арналган эстелик 1995-жылы орнотулган. Анда “1916 ҮРКҮН” деп жазылган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эстелик 1995-жылы тургузулган. Анын бетинде биринчи ‘1916 Үркүн’ деген жазуу болгон. 

Элери Битикчи ошол эволюциялык идеология азыркы күнгө чейин сакталып, айрым учурларда үстөмдүк кылып жатканына көңүл бурду. Мисалы, тарыхый ырларда кыргыздар бул апаатты көтөрүлүш эмес, үркүн деп атаганына токтолду.

“Биз дайыма эгемендүү өлкөнү эңсеп жүргөнбүз деп, Үркүн дагы ошонун ичиндеги бир баскыч, көтөрүлүш катары көрсөтүлүп калды, — деп кошумчалады Элери Битикчи. — Үркүндүн ырларын деле изилдеп көрсөң, баатырлар, каармандар деген сөз жок. Бул трагедия катары кабыл алынган”.

“Көтөрүлүштүн акыркы баскычы — Үркүн”

Деген менен Үркүндү улуттук боштондук үчүн күрөштүн акыркы баскычы катары кароо керек экенин айткандар да бар. Тарыхчы Гүлзада Абдалиева ушул көз карашты колдогондордун бири. Ал Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде эмгектенет.

Анын айтымында, илимий талкууларда улуттук боштондук үчүн күрөш, көтөрүлүш деп колдонулган учурлар бар. Көтөрүлүш чыгып, ал жеңилгенден кийин акыркы баскычта кыргыздар Кытайга качууга аргасыз болгон. Үркүн - бул качуу, бул көтөрүлүштүн акыркы баскычы деп түшүнүү керек.

“Муну биз чаташтырбашыбыз керек. Бирок айрым учурларда изилдөөчүлөр "Үркүн" деген этимологияга каршы болушкан. Менин оюмча, эл масса өзү ушинтип атап жатса, анда биз эмне үчүн аны илимий трактовкага киргизбешибиз керек? Тарыхчы катары айтарым, бул көтөрүлүштүн акыркы баскычы - Кытайга качуу”, - деп түшүндүрдү Абдалиева.

Гүлзада Абдалиева архивден алып келген материалдар менен тааныштырып жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлзада Абдалиева архивден алып келген материалдар менен

1916-жылдагы тарыхый окуя бир эле азыркы Кыргызстандын аймагында болгон эмес. Ал азыркы Тажикстандын аймагындагы Кожент жергесинде ошол эле жылдын июль айында башталган да Түркстандын башка аймактарына жайылган.

Көтөрүлүштүн учкундары бир айдын ичинде Жети-Сууга чейин жетип, куралдуу көтөрүлүштүн кульминациясы орун алган. Ошентип 1916-жылдын август айында эл Кытайды көздөй качып жөнөгөн.

Албетте, көтөрүлүш жөндөн-жөн чыккан эмес. Ага көптөгөн факторлор түрткү берген. Орус падышалыгынын тушунда орус келгиндери Борбор Азияга отурукташып, сугат жерлердин көбүн ээлеп алышын жана жергиликтүү калкка очойгон салыктардын салынышын мисал катары айтсак болот.

Калктын нааразычылыгы бышып жетилип, акыры Биринчи дүйнөлүк согушта Орус империясы күч топтой баштаганда, ага жергиликтүү элдин каршылык көрсөткөндөгүсү көтөрүлүшкө же болбосо улуттук боштондук үчүн күрөшкө айланды.

“Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын окумуштуулары улуттук боштондук күрөшү болгон деп айтып жатышат. Ал эми Өзбекстандын изилдөөчүлөрү жөн гана көтөрүлүш болгон деп атоону сунушташкан. Жеке пикиримде, улуттук боштондук көтөрүлүшү деп айтуу туура эле болот”, — деп кошумчалайт Абдалиева.

“Чириген режимдин курмандыктары”

Илимде ар түрдүү көз караштар болору бышык. Айрымдар көтөрүлүш деши мүмкүн, кээ бири Үркүн деп, дагы бир даары улуттар аралык чыр-чатак же дагы башкача аташы ыктымал.

Элери Битикчи: "Кандай болгон күндө да, Үркүн окуясында миңдеген бейкүнөө адамдар набыт болду. Анын баары ошол учурдагы коррупциянын курмандыгына айланды".

“Үркүндүн ичинде деле коррупция көп болгон. Тизмени түзгөндөр орустар эмес, кыргыздар эле болчу. Болуштар өз балдарын тизмеге киргизбей, кедейлерди киргизишкен. Падышалык режимдин чирип талкаланып жатканы үчүн миңдеген кишилер өлдү. Ошол коррупция уланууда. Үркүн бүтсүн деген ураандын жаралган себеби ошондон”.