Т. Кененсариев: 1916-жыл боюнча орус окумуштууларына эки жагдай жакпайт

«Өмүр көчү-100» автожүрүшү Чүйдүн Асылбаш айылында
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, «Өмүр көчү-100» автожүрүшү Чүйдүн Асылбаш айылында
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
  • Published

2008-жылы Жогорку Кеңеште чечим кабыл алынып, Кыргызстанда август айынын алгачкы жума күнү 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймылынын баатырларын жана үркүндүн курмандыктарын эскерүү күнү болсун деп бектилген.

5-августта Кыргызстанда окумуштуулар, активисттер жана жаштар Чүйдөгү Асылбаш айылынан Ысык-Көл облусуна карай автожүрүш менен белгилешти. «Өмүр көчү-100» деп аталган автожүрүштүн катышуучусу тарыхчы, окумуштуу Ташмамбет Кененсариев Би-Би-Сиге маек курду.

Асылбаш айылында жергиликтүү элдин орус аскерлерине каршы куралдуу тирешүүсү болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Асылбаш айылында жергиликтүү элдин орус аскерлерине каршы куралдуу тирешүүсү болгон

Би-Би-Си: Кыргызстандык окумуштуулардын далилдерине Орусиянын азыркы окумуштуулары ынандыбы?

Ташмабет Кененсариев: Башка тарыхчылар деле бул чоң көтөрүлүштүн болгондугун, анын негизги себептерин, баарын эле моюнга алышат. Бирок Орусиянын тарыхчыларын кошуп айтканда эки нерсе алар үчүн жагымсыз. Биринчиден, бул көтөрүлүштүн себептеринде тышкы фактордун болгондугу дешет. Орусиянын окумуштууларынын ою боюнча ошол тышкы күчтөр иш жүргүзүшүп, көтөрүлүш чыгарган деген ойдо да. Ошого чоң баа беришет.

Кыргыз тарыхчылары "Өмүр көчү -100" автожүрүшүндө. Ортодо Ташмамбет Кененсариев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз тарыхчылары "Өмүр көчү -100" автожүрүшүндө. Ортодо Ташмамбет Кененсариев

Анан экинчи нерсеси, бул жердеги өлгөн адамдардын саны алардын ою боюнча азыраак. Көп болсо 30-40 миң адам өлгөн деп айтышат. Ушул эки нерседен алар бизге карама-каршы. Калганы негизинен бирдей эле. Бирок бул жерде айрым бир саясатчылар, айрыкча орусиялык тарыхчылар: “Кыргызстандын тарыхчылары Орусияга каршы макалаларды, чыгармаларды жазып жатышат”,- деп жатышат. Биз ага “андай эмес, тарыхты болгонун болгондой жазып жатабыз, ошону кабыл алышыңар керек. Тарых деген ушундай, чындыкты гана айтышыбыз керек”,- деп жооп берип жатабыз.

Би-Би-Си: Сиздердин жообуңарга алар кандай реакция кылып жатышат?

Ташмабет Кененсариев: Биздин көз карашты алар кабыл албайт, өздөрүнүн көз караштарын айтышат. Бирок бул тарых - Кыргызстандын тарыхы, Орусиянын тарыхы эмес. Алардын тарыхы албетте, Орусиянын колониалдык доорунун тарыхы, а биздики азаттык күрөшүбүдүн тарыхы. Демек, баары бир биздики чечүүчү ролдо болот, анткени окуя биздин жерде болуп өткөн да. Мисалы үчүн Котикова деген илимпоз аял жакында эле бир жыйнак чыгарып, Кыргызстанга келип кетти. Андан башка да бир топтору бар. Бирок, алардын ою боюнча мунун баарын уюштурган үчүнчү күчтөр. Түрк жана немец агентурасы деген көз карашты биринчи орунга коюп жатышат.

  • <link type="page"><caption> Муну да көрүңүз: "Сапар": Үркүн - Улуттук боштондук көтөрүлүш</caption><url href="http://bbc.com.im/kyrgyz/multimedia/2015/08/150818_sapartv_urkun%22 platform="highweb"/></link>
Продюсер Гүлнара Касмамбетова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Продюсер Гүлнара Касмамбетова

Орус изилдөөчүлөрү убагында падышалык Орусиянын чиновниктеринин жазгандарына таянып айтып жатышат. Түрк агентурасынын чоң иши болгон, биз түрк аскерлерин көргөнбүз, алар Мөкүш Шабдан уулунун үйүндө түнөгөндүгү жөнүндө фактылар бар деп жазылган дешет. Алардын баары калп экендигин биз тактап койдук. Мисалы ошол мезгилде Кыргызстанда бир топ орус чалгынчылары болгон. Алардын рапорттору Орусияга жашыруун кетип турган.

Мисалы Железняков дегендикин алалы. Ал архивден табылган документте минтип жазган: “Өзүнүн ишин жакшы аткарбагандыгынын кесепеттерин жашырыш үчүн, орус чиновниктери сырткы күчтөр бар дешүүдө. Андай болгон эмес, мен чалгынчы катары айта алам. Бул Кыргызстанда, Жети-Сууда эч кандай түрк агентурасы болгон эмес”,- деп так көрсөткөн. Ошол фактылардын баары кийин чыгып жатат.