Шайлоо -21: Чайдан кийин жибиген мамиле, көтөрүлгөн босого чек
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда күзүндө боло турган саясий жарыштын эрежеси такталып бүтүп баратат. Депутаттар бүгүн шайлоо мыйзамын экинчи-үчүнчү окууда карап баштады. Анын алдында депутаттар менен президент Садыр Жапаров өзүнүн резиденциясында экинчи ирет жолукту, айрымдары менен жекеме-жеке жолукканы да айтылууда.
Президент депутаттар менен шейшембиде дагы жолукту. Анын өзүнүн басма сөз кызматы учурдун актуалдуу маселеси боюнча бейформал пикир алышуу болду деп билдирди. Башкалары чай үстүндө шайлоо жөнүндө сөз болду деп атышат.
Ошол чайдан кийин, шайлоо мыйзамынын долбоорунда босого чек мурунку үч пайыздан беш пайызга көтөрүлүп калганын бүгүн депутат Рыскелди Момбеков козгоду:
"Бул мыйзам биринчи окууга киргенде саны боюнча токсон, бөлүнүшү боюнча 55-35, босого чек үч эле пайыз эле. Экинчи окууга келгенде эмнегедир эки пайыз кошулуп, беш пайыз болуп калыптыр. Эки жолу чай бергенге эрип кеттиңерби?"
Депутат Алтынбек Сулайманов бул комитеттин чечими деп жооп кайтарды, бирок анын зарылдыгын негиздеген жок.
Долбоор боюнча депутаттардын саны 120 дан токсонго кыскарат, анын 55 партиялык тизме менен, 35 бир мандаттуу округдардан шайланат.
Партиялык тизме менен шайлоодон элдин көңүлү калды, партия лидери менен сүйлөшүп алган капчыгы калыңдар кайра эле парламентке толуп алат, баягы эле олигарх, нотариус парламент кайра келет деген пикирлер көп болуп кеткен эле.
Ошондуктан бир мандаттуу округдардан шайлоону кайта алып келип жатышат.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми преференциалдык система кыргыздар үчүн жаңы. Партиялык тизме ачык болсо, шайлоочулар андагы талапкерлер үчүн да добуш берсе, ошондо гана партия лидеринин кысымы, үстөмдүгүн азайтууга болот дешет.
Депутат Жанар Акаев бул чечимдин маанисин тарыхый жаңы бурулуш деп атады.
Бирок бул системанын деле кемчилигин көргөндөр көп болуп атат. Мындай парламентте улуттук азчылыктардын, аялдардын өкүлдөрүнө жол тийбейт, анткени, акча үстөмдүк кылган жерде партия лидерлери квотаны карап да койбойт дешет.
Саясий эксперт Алмаз Акматалиев "Фейсбукка" анын он минусун санап жазды.
"Электоратты сатып алуу, тек гана байлар депутат болуу рисктери чечилбейт. Мурун өз округунан гана сатып алып келишсе, эми бүт өлкө боюнча сатып алуу толук мүмкүн болуп калды...Кайын журт, дос-классташ жашаган жерлерде дегеним....-дейт эксперт.
Акматалиев ошондой эле парламенттеги фракция өз стабилдүүлүгүн жана туруктуулугун жоготот, мурункудай партия лидеринин формалдуу авторитети болбойт деген кемчиликтерди да белгиледи.
Шайлоо мыйзамындагы дагы бир жаңылык – жеңишке жеткен партия парламенттеги 55 орунду бүт алып коюе алат экен. Албетте, мындай учурда бир саясий күчтүн монополиясы орнойт деп каршы чыккандар болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда шайлоо саясий опурталдуу иш, эгерде бийликтин камчысы катуу болсо, эл чыдабай бийликтин өзүн аңтарып сала турганын мурунку шайлоолор көрсөттү. Бир жыл мурда Жээнбековдун бийлигинин түбүнө жеткен да ушул шайлоодогу ырбаган чыр болду. 2005-жылы Акаевдин бийлигинин кулашына дагы парламенттик шайлоодон чыккан нааразылык себеп болгон. Ошол себептүү, азыркы шайлоодо оюнду ийкемдүү жана акылдуу алып кетпесе, күчкө салганда болбой турганын азыркы бийлик башындагылар да жакшы билет.
Президент менен мындан мурунку жолугушуудан кийин депутаттар шайлоо мыйзамын биринчи окууда колдоп беришкен.
Шайлоо мыйзамы эми экинчи-үчүнчү окууда кабыл алынып, президентке жөнөтүлүп, кол коюлар замат кезектеги парламенттик шайлоо жарыяланмакчы.
































