Кезексиз сессия: кезектеги шайлоону чукулдаткан мыйзамдар
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда жаңы эле каникулга тараган парламент кезексиз сессия жарыялап, кайра ишке кайтып келди. Депутаттар шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү тез карап бекитип бериши керек. Болбосо кезектеги парламенттик шайлоо жарыяланбайт. Ансыз деле өткөн жылы октябрда жараксыз болгон парламенттик шайлоодон кийин жаңы парламент шайланбай, бир жылга кечикти.
Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү караган долбоор парламенттин кароосуна өткөн жумада эле киргизилди. Жаңы Конституция кабыл алынган апрелде эле президент Садыр Жапаров керектүү мыйзамдар жазылып даяр турат деген эле. Андай болсо үч айга жакын убакыт ичинде эмне үчүн аны кабыл алдырууга бийлик шашкан жок деген суроо болуп жатат.
“Булар парламенттик шайлоону колдон келишинче артка жылдыралы деп жатышат. Анткени, шайлоо мыйзамы кабыл алынып, президент кол койсо, Конституцияда жазылып калган да, үч айлык мөөнөттө жарыяланышы керек. Бул октябрдын аягына барып калып атат. Октябрдын аягында опурталдуу болуп калабы деп шашпай, үч окууда кабыл алдырып, президент бир айлык мөөнөттө кол коюп, анан сентябрда келгенде оңдоп-түзөөлөр менен киргизип, анан жаңы жылга жылдыргысы келип аткандай пикир болуп атат менде. Анткени, шайлоо өткөрүүгө кызыкдар болсо, бийлик биринчи ушул мыйзамды өткөрмөк. Эми биз кечээ таркап жаткан күнү киргизди мыйзамдарды”,-деди Би-Би-Сиге депутат Рыскелди Момбеков.

Сүрөттүн булагы, social media
Жаңы Конституция боюнча Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны азыркыдай 120 эмес, 90 болушу керек. Ошондой эле мурункудай жалаң эле партиялык тизме менен эмес, 35 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат. Мунун себеби партиялык шайлоодон элдин көңүлү калганында болуп жатат. Партиялык тизме менен көбүнчө капчыгы калыңдар депутат болуп, президенттин айтканын кыңк дебей аткарып келди, ошон үчүн азыркы курам “олигарх парламент”, “нотариус парламент” деген атка конду.
Садыр Жапаров партиялык тизме элдин ишенимин актаган жок, бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттар гана парламентти күчтүү кылат деп билдирген.
Апрелде кабыл алынган жаңы Конституция боюнча Кыргызстанда президенттик башкаруу орноду, аткаруу бийлигинин эки тизгин бир чылбыры бүт президенттин колуна өттү. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары азайды. Конституциялык реформаны сындаган эксперттер бийлик бутактарынын ортосунда баланс болбой калды деп жатышат.
Шайлоо мыйзамдары Жогорку Кеңеште ушул айда каралып кабыл алынса, кезектеги шайлоо үч ай эрте жарыяланышы керек.
Шайлоону күздөн калтырбай өткөрүү бийликтин өзүнө жакшы. Кышка калганда кыйын болуп калат дешет.
Быйыл кургакчылык болуп, Токтогул суу сактагычы сууга толбой, электр каатчылыгы болот деп эскертилди. Мындай энергетикалык кризис шартында бийликчил күчтөрдүн элдин колдоосун алышы оңой болбойт.
































