Украинадагы согуш: кыргыз жараны Орусиядан жардам сурады

Published

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Аскар Кубанычбек уулу

Сүрөттүн булагы, Russia Today

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскар Кубанычбек уулу

Украинадагы согушка катышкан деген айыптан улам “жалданмачылык” беренеси менен он жыл абакка кесилген Аскар Кубанычбек уулунун окуясы кайрадан талкуунун чордонунда. Ал Орусиянын паспортун алуу өтүнүчү менен Россия бийлигинен жардам сурап кайрылганы тууралуу маалымат тарап жатат. Анын абакта жатканына карабай Аскардын үнү делген аудио түрүндөгү өтүнүчү орусиялыктарга тийиштүү Russia Today сайтына 19-июль күнү чыккан.

Бул согуштук аракеттерге катышып, Кыргызстанда соттолгон азырынча биринчи киши.

Аскар Орусияда жүргөндө түрдүү ТВ сериал, долбоорлордо иштеп, "техниканы жакшы өздөштүргөндүктөн", өздөрүн "Луганск элдик республикасы" деп атап алган аймакка ыктыярчы болуп барганын айткан. Негизги милдети катары фронтко миномет батареясын ташып, гуманитардык жардам көрсөтүү болгон.

“Өткөн жылдын 24-июлунда "Луганск элдик республикасынын" аймагына кошточуулар менен гуманитардык жардам жеткирүү үчүн киргем. Ошол жакта калып калдым. Брянка шаарына келип, аскер комиссариатына арыз жаздым. Биздин отряд “Шторм” деп аталчу. Бул "Луганск элдик республикасынын" жетинчи отряды”, - деп айтылат аудиодо.

Аскар 10 жылдан ашуун Орусияда жашап калгандыктан, улуту кыргыз болсо дагы өзүн россиялык катары эсептерин билдирген.

Аскар Кубанычбек уулу

Сүрөттүн булагы, Russia Today

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскар Кубанычбек уулу

2022-жылдын соңунда атасынын оорусуна байланыштуу Кыргызстанга келгенде, аны УКМКнын кызматкерлери үйүнөн кармап кетишкен. Кармоо учурунда ал Орусия үчүн согушуп, атайын аскердик операцияга катышканын мойнуна алган. Эми болсо абактан Орусия бийлигине кайрылып, жарандык берүүнү өтүнүүдө.

"Донецк элдик республикасынан", "Луганск элдик республикасынан" жана бүткүл орус элинен жардам сурайм. Мен жана үй-бүлөм азыр абдан оор абалда турабыз. Россия Федерациясынын өкүлдөрү мага паспорт, орус жарандыгын беришсе жакшы болмок. Себеби бул менин бул жактан чыгып кетүүмө жана үй-бүлөм менен бирге болууга керек болууда”.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Russia Today жарыялаган видеодон Аскардын кандайдыр бир затты жардырып, ок атып жана техникаларды чогултуп жатканын көрүүгө болот.

Абактагы Аскардын Орусия бийлигине болгон кайрылуусуна азырынча Кыргызстандын бир дагы расмий органы комментарий бере элек. Би-Би-Си УКМКга байланышка чыгып, абактагы Аскар Кубанычбек уулунун орусиялык сайтка берген аудио маеги боюнча түшүндүрмө сурады. Азырынча жооп келе элек.

Аскардын апасы ушул эле жылдын 24-майында Russia Today сайтына берген маегинде Мамлекеттик Думанын депутаттарынан уулун бошотуу өтүнүчү менен жардам сурап кайрылганын айткан. Мындан улам Мамлекеттик Думанын Коргоо комитетинин мүчөсү Дмитрий Кузнецов Орусиянын ички иштер министрлигине кайрылып, Аскар Кубанычбек уулуна тагылган айыпты жокко чыгарып, Орусияга кайтарып келүү аракетин көрүү керек деп айтканы дагы жазылып турат.

Орусиялыктарга тийиштүү VK социалдык түйүнү аркылуу Аскарды Кыргызстандан бошотуу жана аны Россия Федерациясына чыгарып кетүү талабын айткан бир нече билдирүү пайда болгонун көрүүгө болот. Алардын контексттери бири-бирине куюп койгондой окшош.

Россиянын Мамлекеттик Думасынын дагы бир депутаты Сергей Миронов Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмун жүйөө кылып, “жалданмачылык” беренеси менен Орусия тарапта согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан кабыл алып жаткан чечимдерди сынга алган.

Мындай шартта Кыргызстан эгемен өлкө катары өз жаранын башка өлкөгө тапшырып коё алабы деген суроо менен юристке кайрылдык.

"Бул Россиянын депутатынын каалоосу. Расмий түрдө Жогорку Кеңешке эч кандай кайрылбаса керек. Ошол эле учурда биз көз карандысыз мамлекетпиз да. Ал эми Украина тарапта дагы кыргыз жарандары согушка катышып жүргөндөрү белгилүү. Анан эгерде эртең Украина тарап дагы бизге кайрылса кандай болот? Бул укуктук коллизияга алып келиши мүмкүн. Ошон үчүн биздин мамлекет, биздин өзүбүздүн Жогорку Кеңеш, органдарыбыз тең салмактуу чечим чыгарышы керек. Кылмыш-жаза кодексинде “жалданмачылык” оор берене тууралуу жазылган. Муну өзгөртүү өтө оор, кандайдыр бир жүйөлүү гана себептерден өзгөртүлбөсө, өзгөрбөйт. Ишке ашуусу күмөн десем дагы болот",- дейт юрист Мирлан Токтобеков.

Кыргызстандын мыйзамынын 375-416-беренелерине ылайык, кыргыз жаранынын башка өлкөнүн согуштук аракеттерине катышуусуна жол берилбейт. Бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.