"Биз бул шайлоодо жеңебиз". Байден шайлоодон баш тартпайт

Байден аялы менен

Сүрөттүн булагы, AFP

Published

АКШнын президенти Жо Байден Демократиялык партиянын донорлорун Дональд Трамп менен өткөн бейшемби күнкү дебаттагы начар көрсөткүчүнө байланыштуу партиялаштарынын тынчсызданууларына карабастан, ноябрдагы шайлоодо Республикачыл атаандашын жеңе аларына ишендирди.

82 жаштагы президент Нью-Йоркто жана Нью-Джерсиде бир нече каражат чогултуу иш-чараларына катышты. Каражат чогултуудан тышкары, Жо Байден CNN телеканалындагы президенттик дебаттын түнүндө болгон окуяларга карата элдин пикирин өзгөртүүгө аракет кылды.

Иш-чаралардын биринде сүйлөп жатып, Байден: "Дебат мен ойлогондой болгон жок, бирок Трамп үчүн да ийгиликтүү болбоду" деп мойнуна алды.

"Мен сиздерге убада берем, биз бул шайлоодо жеңебиз" деди ал.

Андан соң АКШнын президенти дебаттан кийин демократтарды курчап алган күмөн ойлорду түшүнөрүн айтып, бирок күрөштү токтотпоого чакырды.

Дебат учурунда ал ушунчалык ишенимсиз көрүнгөндүктөн, дебаттан кийин дароо либералдык серепчилер менен саясий стратегдер биринин артынан бири башка талапкерди көрсөтүүнү талап кыла башташты. Алардын айрымдарынын айтымында, эгер Байден экинчи мөөнөткө ат салышуудан баш тартпаса, анда бул жолу Дональд Трамп сөзсүз жеңишке жетиши ыктымал.

Би-Би-Сиге маек куруп жатып, Демократиялык палатанын мурдагы спикери Нэнси Пелоси Байдендин дебаттык көрсөткүчтөрү "анчалык жакшы болгон жок" деп айтты жана анын мурдагы байланыш директору Кейт Бедингфилд муну "абдан көңүл калтырарлык" деп атады.

Байдендин командасы дебат алар ойлогондой өтпөгөнүн танган жок, бирок ал башка талапкерге жол бербейт деп ишендирди.

Теледебаттардан кийин бүтүндөй Америкада шайлоочулар эки талапкерге тең тынчсыздануу билдиришүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Теледебаттардан кийин бүтүндөй Америкада шайлоочулар эки талапкерге тең тынчсыздануу билдиришүүдө.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шайлоо штабынын жетекчиси Дженнифер О'Мэлли Диллон дебаттан кийинки сурамжылоолорго караганда, "шайлоочулардын пикири өзгөргөн жок" деп ишендирди.

"Бул медианын апыртылган баа берүүлөрү рейтингдин убактылуу төмөндөшүнө алып келген биринчи учур эмес" деди ал.

Демократиялык Нью-Джерси штатынын губернатору Фил Мерфи каражат чогултууга катышып, Жо Байденге: "Биз 1,000% сиз мененбиз" деди.

Ал эми мурдагы президент жана Жо Байдендин жакын досу Барак Обама социалдык тармактарда "кээде начар дебаттар да болот" деп жазды.

"Бул шайлоо - өмүрүн карапайым эл үчүн күрөшкөн адам менен өзүн гана ойлогон адамдын ортосундагы тандоо", - деп жазган Обама.

Дебаттан бир нече саат өткөндөн кийин Трамп тарапкерлерине муну өзүнүн шайлоо өнөктүгү үчүн "чоң жеңиш" деп эсептей турганын айтты.

"Жо Байденге байланышкан көйгөй анын жашында эмес" деди 78 жаштагы Трамп. - Бул анын компетенциясына тиешелүү маселе. Ал ачык эле президент болууга жөндөмсүз».

Байдендин сөзү саясатка аралашпагандар арасында да жагымсыз таасир калтырды.

Демократтардын көптөн берки жактоочусу Лори Грегори Би-Би-Сиге өзүнөн: "Бул биздин өлкө жасай алган эң жакшы нерсеби?" деп сурап, дебатты көрө албаганын айтты.

Ал эми республикачы Кристал Майерс-Барбер дебатты көрүү оор болгонун жана "Келечектеги президент катары Трамп абдан ишенимдүү, ал эми Байден абдан алсыз көрүндү" деди.

"Data for Progress" либералдык көз караштагы уюмдун сурамжылоосуна ылайык, дебатты көргөн же окуган шайлоочулардын 62% Трамп жеңди деп ойлошот. Респонденттердин 30% гана Байден жеңет деп айтышкан.

Демократтардын арасында да Жо Байденди шайлоодо талапкер катары өз ордун бошотуп берүүсүн талап кылгандар бар. Сүрөттө Байдендин Нью-Йоркко болгон иш сапары учурундагы демонстрант

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Демократтардын арасында да Жо Байденди шайлоодо талапкер катары өз ордун бошотуп берүүсүн талап кылгандар бар. Сүрөттө Байдендин Нью-Йоркко болгон иш сапары учурундагы демонстрант

Башка сурамжылоолордун жыйынтыгы чыккыча, шайлоочулар арасында Жо Байденди колдоо бардыгын же жоктугун дал ушул каражат чогултуу иш-чарасы көрсөтөт.

Бейшембиге караган түнү дебат менен жума түнүнүн ортосунда 27 миллион доллар чогулду, - деп билдирди шайлоо штабынын төрагасы Женнифер О'Мэлли Диллон.

«Бейшембиге караган түнү болгон талкуудан кийин, ички курдагылардын баары Жо Байден утулду деп ойлошот. Бирок арасат штаттардын маалыматтары анын баарын жокко чыгарат”,- деди ал.

Жо Байден канчалык популярдуу (популярдуу эмес) жана эмне үчүн демократтар ага дагы деле ишеним артышат?

"Курдун ичинде" - бул америкалык идиома, ал бүтүндөй АКШ элинин кызыкчылыгына каршы келген, бирок биринчи кезекте АКШнын федералдык өкмөт өкүлдөрү, анын подрядчылары жана лоббисттери жана аларды чагылдырган медиа кызматкерлери үчүн маанилүү болгон маселелердин спектрин билдирет. "Кур" деп АКШнын борбору Вашингтонду курчап турган I-495 шоссе жолун аташат.

"Талапкерлер бейшембиге чейин деле минималдуу ажырым менен келишкен, ошондон бери деле бардык көрсөткүчтөр боюнча алар бири-бирине жакын", - деп кошумчалады ал. (МА)