"Мен президент эмесмин..бузуку саясатчы да эмесмин". Талибандын табышмактуу лидери

This is the only known image of the supreme leader Hebatullah Akhundzada, as seen on a poster in the streets of Kabul.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул Хайбатулланын Кабулдун көчөсүндө илинген жалгыз гана сүрөтү
Published

IБыйыл Талибандын бийликке келгенине эки жыл болду. Эки жылдан бери Талибан өкмөтү шариат мыйзамдарынын катаал чечмелөөсүнө ылайыкталган катуу эрежелерин барган сайын күчөтүп, аларды таңуулоону улантып келет.

Өлкөнүн болжол менен 40 миллион калкынын жашоосун тескеген мындай жарлыктардын артында бир гана адам турат - ал жогорку колбашчы Хайбатулла Ахунзада.

Жашы 70те деп эсептелген ал дүйнө үчүн гана эмес, афгандар үчүн да табышмактуу адам. Аны интернеттен издесеңиз, эки эле сүрөт табасыз. Эң атактуусу, 1990-жылдардагы паспорттогу сүрөт.

Эки жыл мурда эл аралык күчтөр толугу менен чыгарылып кеткенден бери ал эл алдына дээрлик чыккан эмес. Ахунзада эч бир журналистке интервью да бере элек. Кыздарды мектепке, аялдарды жумушка жана коомго кошулууга тыюу салуу чечимине байланыштуу суроолорго дагы жооп бере элек.

Коомчулуктан жашырынууну туура көргөн бул жогорку колбашчыны жакшыраак түшүнүү үчүн анын биз таба алган бардык сөздөрүн талдап чыктык.

Сөздөрдүн көлөмү анын канчалык көп колдонулганын көрсөтөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сөздөрдүн көлөмү анын канчалык көп колдонулганын көрсөтөт

Ал 2016-жылы Талибан кыймылынын лидери болуп дайындалгандан бери 65 жарлык чыгарган. Анын үстүнө, 2018-жылдан берки Айт майрамына карата беш билдирүүсү, анын үчөө 2021-жылдын августунда талиптер бийликти экинчи жолу басып алгандан кийин чыккан. Андан тышкары, ал Талибандын башкы лидери болуп келгенден бери анын өкмөтү тарабынан стенограммага түшүрүлүп, жарыяланган сүйлөгөн сөздөрү .

Бардык стенограммалар анын ар бир сөздү канча жолу кайталап колдонгонун эсептеген Тилди табигый иштеп чыгуу программасынын жардамы менен талданды.

Хайбатулланын исламы

Талибан лидеринин эл арасында эң көп колдонгон сөзү "Ислам" болгон, бул сөздүн саны 170тен ашкан.

Ал пропорционалдуу түрдө сөз булутундагы эң көп айтылган сөз катары көрсөтүлүп, Ахунзада Афганистанды ислам мыйзамдары менен гана башкаруу керек деп кайра-кайра үгүттөгөн.

Хайбатулла Ахунзада Кудай менен мамлекетти эки бөлөк карабайт. Анын Исламы бул шарият мыйзамдары менен башкарылган Ислам Эмираты. Ал афгандыктарга ошого ылайык жашап, ислам фундаментализминин принциптерин карманууну айтат.

Сынчылардын айтымында, исламды мындай ашкере чечмелөө дүйнөнүн башка 50 мусулман өлкөсүнөн катуу айырмаланат.

Атүгүл БУУ азыр "гендердик апартеид" жөнүндө айтып жатат, анткени Талибан өкмөтү кыз-келиндердин эркиндигин чектеп, аларды коомдук сейил бактарга, аялдардын спорт залдарына жана сулуулук салондоруна кирүүгө тыюу салууну улантууда.

Батыш демократиясын жек көрөт

Ахунзада "Шайлоо" деген сөздү бир гана жолу, терс мааниде колдонот. 2022-жылы июнь айында Кабулда өткөн ислам аалымдарынын чоң жыйыны учурунда ал: "Мен президент эмесмин, шайланган да эмесмин жана бузуку саясатчы да эмесмин" деп жарыялаган. Хайбатулла Ахунзада батыштык демократиянын кандай гана түрү болбосун, жек көрүү менен карайт.

Эки жыл мурда Кабулду ээлегенге чейин ал өз кайрылуусунда дээрлик ар дайым кастык тон менен "Америка" деген сөздү 55 жолудан ашык колдонгон.

Бирок бийликке келгенден бери "Америка" деген сөз сейрек айтылып калды. Ал сөз анын эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ тарабынан Ооганстандын расмий башкаруучусу катары таанылуу дымагынын алкагында гана колдонулат.

As poverty in Afghanistan increases, more families are forced to wait in Kabul for donated bread

Сүрөттүн булагы, BBC/Nava Jamshidi

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жакырчылык жондон баскан сайын Кабулда гуманитардык нанды карагандар көбөйдү

"Аялдар" - үчүнчү жак

Жогорку лидер 2018-жылы бийликке келгенден бери "Аялдар" деген сөздү 13 жолу гана айткан.

Белгилей кетчү нерсе, акыркы эки жылда ал "Аялдар" деген сөзгө үчүнчү жак катары гана кайрылды. Анын сүйлөп, кайрылып жаткан аудиториясына аялдар эч качан кирген эмес.

Аялдардын жана кыздардын окуу жана иштөө мүмкүнчүлүгүн системалуу түрдө жоюу боюнча буйругуна карабастан, Хайбатулла Ахунзада Ооган калкынын жарымынан көбүн түзгөн кыз-келиндердин муктаждыктарын коомчулукта сейрек талкуулаган.

Ыйык согуш

"Жихад" жана "Можахеддер" деген сөздөр биригип, 160 жолу айтылган.

Көптөгөн мусулмандар үчүн "Жихад" сөзү жөн гана күнөө менен күрөшүү жана жакшылыкка карай аракеттенүү дегенди түшүндүрөт. Бирок жогорку лидердин сөз булутунун контекстинде бул сөз ислам душмандарына каршы күрөшкө жана ыйык согушка көмөк көрсөтүү үчүн колдонулат.

"Можахеддер" жихад сапарында жүргөндөрдү билдирет.

Жогорку лидердин жихадга чакыруусун улантуу, согуш учурунда чоңойгонуна карабай, азыр салыштырмалуу тынч өлкөдө жашап жаткан талип согушкерлеринин учурдагы муунунун арасында бир аз талаштуудай көрүнөт.

Соңку кездери бир катар жаштар Ооганстандан Пакистанга мыйзамсыз өтүп, исламдын катаал башкаруусун орнотууну көздөгөн "Техрик-и-Талибан Пакистан" же ТТП деп аталган куралдуу топко кошулганы белгилүү.

Талибандын жетекчилиги согушкерлердин өлкөдөн чыгып кетишин ачык айыптады, бирок көптөгөн жаштар жихадды чечкиндүу түрдө уланткысы келерин айтышууда.