Стамбулдагы жанкечти жасаган жардыруу. Алты адам каза тапты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган жекшембиде Стамбулдун чок ортосунда болгон кол салууну айыптап, Таксим аянтындагы жардыруудан алты адам каза таап, ондогон адамдар жаракат алганын билдирди. Соңку маалыматтарга караганда, жардыруудан жабыркагандар 81 адам болду.
"Биздин мамлекеттин тийиштүү кызматтары бул кара ниет кол салууга күнөөлүүлөрдү издеп жатат", - деди Эрдоган басма сөз жыйынында. Анын сүйлөгөнүн көптөгөн түрк телеканалдары түз алып көрсөтүштү.
Жардыруу туристтер жана жөө адамдар көп жүргөн Истиклял көчөсүндө болду. Түркиянын вице-президенти Фуат Октай билдиргендей, жардырууну жан кечти жасаган.
"Кол салган аял киши, ал бомба жардырды. Бул террордук акт болгонун көрсөтүүдө. Жардыруудан алты адам каза тапты. Жаракат алгандар 81 адамга жетти, эки адамдын абалы оор", - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Октайдын айтымында, төрт адам жардыруу болгон жердин өзүндө өлдү, дагы экөө ооруканадан каза тапты. Терактты иликтөөгө Түркиянын Башкы прокуратурасынын он тергөөчүсү жана соттук медициналык эксперттер киришти.
"Мунун артында ким гана турбасын, биздин өлкөнүн ичиндеби же дүйнөнүн кайсы бурчунда гана болбосун, биздин ага колубуз жетет. Алар Түркияга жеткирилип, соттолуп, жазасын алат", - деди Октай.

Сүрөттүн булагы, TRT World/Anadolu Agency
Теракт деген шектенүүнү басма сөз жыйында Эрдоган өзү да айтты. Күнөөлүүлөрдү таап жазалоо жөнүндө катуу убада берди.
"Күнөөлүүлөр жазасын алат, - деди ал. - Түркияны жана түрк элин терроризм менен басып алуу бүгүн да, эртең да максатына жетпейт".

Сүрөттүн булагы, AFP
Стамбулдун губернатору Али Ерликай жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20 болгонун айтууда.
Социалдык тармактагы видео кадрлардан ресторандар менен дүкөндөр толтура Истиклял көчөсүндө адамдар ары-бери чуркап жатышканын көрүүгө болот.
Таксим аянты менен Истиклял көчөсү Стамбулдагы эл эң көп жүргөн райондордун бири.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Окуя болгон жердеги видеороликтерден жардыруудан кийин жерде отурган, жарадар болгон же нес болуп калган кишилерди көрүүгө болот.
Кабарчылардын кабарына караганда, жардыруу бир топ эле алыска угулду, ал эми жардыруу болгон жерде жалын пайда болду.
Сүрөттөргө караганда, жардыруу болгон жерде капкара чуңкур пайда болуп, анын жанында бир нече адамдын денеси жатат.


Сүрөттүн булагы, AFP
Истиклял көчөсүндө 2015-16-жылдары да теракт жасалган. Анда жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" (Кыргызстанда тыюу салынган) террордук уюму алган.
Стамбулдагы соңку ири теракт 2017-жылы 1-январда болуп, Калашников автоматы менен куралданган адам Босфордун жээгиндеги түнкү клубга кирип барып, анда эс алып отурган адамдарга ок аткан эле.
Ошол кол салууда 39 адам өлүп, 69 жардар болгон. (КС)
































