Улуу Британияда жарамдуу өкмөт барбы?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Лиз Трасс айым Улуу Британиянын премьер-министри кызматына киришкенден бир нече апта өткөндөн кийин бул кызматтан чегинээрин билдирди.
Анын айтымында, бир аптанын ичинде өзүнөн кийинки өкмөт башчы шайланат ко деген үмүттө, бул кызматты ал убактылуу гана аркалап турмакчы.
Бул жагдай Улуу Британиянын саясатындагы кризисти жаңы сереге алып чыкты. Коомдо "саясий туруксуздук мезгилинде өкмөт канчалык натыйжалуу иштөө жөндөмүнө ээ болушу ыктымал?" деген сыяктуу суроолор жаралды.
Акыркы баш-аламандыктын артында эмне турат?
Лиз Трасс экономикалык каатчылыктын айынан гана эмес, партиясынын өзүнө карата ишениминин кыйрашынан улам дагы өкмөт башчылык кызматтан кетти.
Ал Улуу Британиянын бийликтеги Консерватордук партиясынын лидери болуп шайланган, анткени ал салыктарды ири өлчөмдө кыскартуу аркылуу өлкөдөгү экономикалык кескин өсүштү камсыз кылууга убада кылган болчу.
Арийне, Улуу Британиянын парламентинде салыктарды кыскартуу жаатында бир катар чечимдер жарыялангандан кийин, эл аралык инвесторлор өкмөттүн аларды кантип жүзөгө ашыра алаары тууралуу дароо түшүндүрмө берүүсүн күтпөстөн, өз алдынча турумун катаал түрдө туюнтушту.
Британдык улуттук валютанын - фунттун куну кескин төмөндөдү жана мамлекеттик насыя кагаздар (облигациялар) бүтүндөй сатылып кетти. Бул жагдай Англия банкын пенсиялык корлордун айрым түрлөрүн ойрон болуудан сактап калуу үчүн миллиарддаган фунт акча каражатын жумшоого мажбур кылды.
Улуу Британиянын ишке жаңы гана дайындалган Казыначысы (же Каржы министри) Квази Квартенг мырза кызматында бир нече апта отуруп-отурбастан эле бул кызматтан чегинди.

Сүрөттүн булагы, Simon Walker / HM Treasury
Мындан беш күн өткөндөн кийин дагы бир жогорку даражалуу кызматтагы саясатчы Сью-Эллен Кассиана ("Суэлла") Браверман айым да ички иштер министри кызматынан чегинди.
Консерватор саясатчылар мурдагы өкмөт башчы Борис Жонсонду кызматтан кетирген драмага бай саясий окуялардан соң өлкөдөгү премьер-министрлик кызматты Лиз Трасс аркалап калган.
Жонсон мырза "убактылуу" премьер-министр катары бир нече апта бою өз ордунда калды. Ошол өткөөл мезгилде консерватордук партия жаңы лидерди шайлап үлгүргөн менен, эч кандай негизги саясий чечимдерди киргизип отурган жок болчу.
Маркум каныша Элизабет Экинчи дүйнө салаар алдында Трасс айымды кабыл алууга жана жаңы кызматына бата берүүгө үлгүргөн.
Лиз Трасс Улуу Британияга жаңы саясий лидерликтин өрнөгүн көрсөтүп, өлкөнүн калайыгынын турмуш-тиричилигиндеги баалардын кескин өсүшү сыяктуу көйгөйлөрдү чечип берет ко деген үмүт болгон.
Саясий кризис Улуу Британиянын калкына кандайча таасир тийгизип жатат?
Өкмөттүн жетекчилигиндеги соңку кризиске карабастан, Улуу Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматы сыяктуу мамлекеттик тейлөө кызматтары демейдеги иш-аракетин кадимкидей улантып келет.
Бристол университетинин Британиянын заманбап саясаты боюнча адистешкен улук дарс окутуучусу, доктор Жеймс Фриман:
"Британиянын саясатчылар тарабынан дайындалбаган жана көптөгөн мамлекеттик тейлөө кызматтарын өз алдынча аркалай ала турган туруктуу мамлекеттик кызмат системасы бар", - деп баса белгиледи.
"Бирок башкы көйгөйдү чечүү үчүн саясий чечим зарыл болгон чакта, акыбал алда канча оорураак болот. Мамлекеттик тейлөө кызматындагылар мындай чоң көйгөй жаатында эмне кылуу керектигин өз алдынча чече алышпайт. Мындайда жети өлчөп, бир кесип чечүү үчүн Сиз саясатчыларга муктаж болосуз".
Азыркы таптагы мамлекеттеги саясий кризис бул өлкө туш болуп жаткан көйгөйлөрдүн кайсынысын болбосун чечүүнү кыйындатып жатат, дейт Улуу Британиянын Ички жарандык кызматынын мурдагы башчысы лорд Боб Көрслейк.

Тилекке каршы, бул окуялар биз болуп көрбөгөндөй түйшүктөргө кабылып жаткан чагыбызда орун алып жатат, - дейт ал. - Кош санариптик белги менен мүнөздөлгөн инфляция, үстөк пайыздардын өсүшү, базарлардын бир орунда жылбай калышы жана мамлекеттик тейлөө кызматтарындагы артка чегинүүлөр таасын байкалат.
"Бул түйшүктөр ар кандай өкмөттүн мыкты оюнчу катары кудуретин сынактан өткөрөт, бирок бул өкмөт андай сынакка жүүнү бош сезилгенсийт", - дейт лорд Көрслейк.
Өкмөт институтунун улук илимий кызматкери Жилл Раттердин айтымында, Улуу Британияга азыркы тапта бир нече айдан ашык мөөнөттө кызматта кала бере турганга жараган премьер-министр жана министрлер тобу зарыл болуп турат.
"Бийлик мынчалык тез алмашыла берген чакта, саясаттагы ырааттуулукту камсыз кылууга жетишүү кыйын. Бизге мамлекеттик тейлөө кызматтарына багыт бере турганга жарамдуу болгон бирдиктүү министрлер кабинети керек", - деди Раттер айым.
Улуу Британияда өкмөт демейдеги абалына кайтып келе алабы?
Британдык парламенттеги кээ бир консерватор депутаттар өкмөт өзгөчө оор жагдайларга кириптер болду, асыресе айтканда, Ковид пандемиясына, Украинадагы согушка жана дүйнө жүзүндө баанын тездик менен көтөрүлүшү сыяктуу жагдайларга дуушар болду, деп баса белгилешүүдө.
"Менин оюмча, өлкөбүздө телегейи тегиз иштегиси келген өкмөт бар, - дейт консерватор депутат Саймон Хоар мырза, - бирок бул өкмөт көптөгөн жамандыктарга жана башка улам каптаган көп сандаган түйшүктүү окуяларга туш болуп жаткандай".
Бирок Улуу Британиянын Лейбористтик партиясынын лидери сэр Кир Родни Стармер мырза өлкө "Торилер партиясынын төбөлдөрүнүн арасындагы дагы бир сынакты көтөрө албай калышы ажеп эмес", - деп кескин билдирди.
"Бул окуялар биздин өлкөбүздүн аброюна өтө олуттуу зыян келтирип жатат. Коомчулук бул баш-аламандык жаатында өз эркин билдире алуусу үчүн бизге жалпы парламенттик шайлоо керек болуп турат", - деди сэр Стармер мырза. (TT)

































