Кытай британдык ардагер аскер учкучтарын өзүнө тартууда. Британдык мыйзам долбоору буга бөгөт боло алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Улуу Британиянын бийликтери өз өлкөсүнүн ардагер аскер учкучтары Кытай Эл Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн учкучтарына сабак өтүп жатышкандыгы тууралуу кабарларга тынчсызданууда. Эми Улуу Британияда бул тажрыйбага болочокто бөгөт коюу үчүн аракеттеги мыйзамдарды катаалдаштырууну көздөй башташты.
Мында кеп британиялык улуттук коопсуздук мыйзамы жөнүндө, атап айтканда, айрым өлкөлөрдө же чет өлкөлүк уюмдарда иштеген кишилерди өз ишмердүүлүгүн өз мекенинде каттоого милдеттендире турган мыйзамдык түзөтүүлөр долбоору тууралуу жүрүп жатат.
Британиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн аскер кызматынан ардагерликке чыккан 30га жакын мурдагы учкучу жакында эле Кытай Элдик Боштондукка чыгаруу армиясы менен кызматташууга макул болушкан. Атайын жумуш ордун сунуштаган арачы (headhunter) агенттиктер бул ардагерлерге өтө кызыктырган жогорку маяна убада кылышкан болчу.
Британдыктарды ишке жалдоо жүрүмү үчүнчү тарап аркылуу, анын ичинде, Түштүк Африкадагы учкучтар академиясы аркылуу жүзөгө ашырылган.
Батыш өлкөлөрүнүн өкмөтүнүн өз атын атагысы келбеген өкүлү: "Кишилерге берешен кенемте камтылган маяна куржуну (пакет) сунушталууда. Мында акча - негизги шыктандыргыч түрткү болуп саналат", - деп Би-Би-Сиге билдирди. Анын кошумчалашына караганда, алиги учкучтарга жылына 270 миң доллардык келишимдер сунушталууда.
Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Кытай Британиядан жана башка батыш өлкөлөрүнөн учкучтарды Батыштын аскердик иш-аракет ыкмаларын изилдөөдө зарыл болгон жана, маселен, Кытай менен Тайвандын ортосунда согуштук жаңжал болуп калса, дал ошондо кереги тийиши ыктымал болгон ар кыл маалыматтарды алуу үчүн машыктыруучу окутуучу катары чакырып жатат, деп эсептейт.
Өткөн (2021-) жылы Пентагон расмий Бээжиндин Кытай Элдик Боштондукка чыгаруу армиясын заманбап талаптарга ылайык жаңылантуу пландары тууралуу өз баяндамасын жарыялады. Баяндамада Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 2035-жылга карата өз куралдуу күчтөрүн жаңылантуу жүрүмүн соңуна чыгарып, ал эми 2049-жылга карата аны дүйнөлүк мыкты деңгээлдеги армияга айландырууну болжолдоп жатат, деген жыйынтык камтылган.
Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Улуу Британиядан жана башка өлкөлөрдөн аскердик учкучтарды жалдоо аркылуу Кытай бул мүдөөсүнө жетүү аргасын жүзөгө ашырууга белсенип жатат, деп эсептешет.
"Бул учкучтар - өздөрүнөн үйрөнө тургандай мол билимге ээ болгон өзгөчө пайдалуу адистик топ, - деп Батыш өлкөлөрүнүн бир аткаминери Би-Би-Сиге маалымдады. - Кытай тарап өз өлкөсүнүн аскер аба күчтөрүнүн тактикасын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга огожо боло алчу эң тажрыйбалуу батыштык учкучтарды чакырууда".
Кытайдын чакыруусун кабыл алган учкучтар бир гана аба күчтөрүндө аскердик учактарды жана тик учактарды башкарып чектелбестен, куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрү жаатында да мол тажрыйбага ээ. Бирок, - Би-Би-Синин коопсуздук өңүттөрүн чагылдырган кабарчысы Гордон Корера белгилегендей, - ал ардагерлер эң соңку F-35 согуштук учактары тууралуу анчейин кабардар эмес, себеби бул мурдагы учкучтардын көбү 50 жаштан жогорку жаштагы кишилер. Ал эми Кытай дал ушул жаатта тажрыйбалуу адистерге кызыкдар.
Учурдагы мыйзам бузулган эмес
Азыркы тапта мурдагы аскердик учкучтар КЭРдеги машыктыруучу жана окутуучу кызматы жаатындагы сунуштарды кабыл алуу менен Улуу Британиянын аракеттеги мыйзамдарын эч бузган жок. Арийне, Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, бул Бириккен падышалык жана башка Батыш өлкөлөрү КЭРдин ардагер учкучтарды жалдоосуна кедерги болчу кошумча чараларды көрүүгө беленденишүүдө.
Шейшембиде (18-октябрда) Улуу Британиянын аскердик чалгын кызматы жакынкы болочоктогу коркунучтуу өңүт жөнүндө алдын ала эскертүү жарыялады. Бул - Кытайдын Элдик Боштондукка чыгаруу армиясы өзүнүн учкучтарына жолдомо берүү үчүн Батыштагы аскер аба күчтөрүнүн мурдагы жана азыркы учкучтарын жалдоого далаалат жасап жатат деген эскертүү болду. КЭРдин бул сыяктуу нуктагы далаалаттары Батыштын таламдарына коркунуч келтирет, деп алиги эскертүүдө баса белгиленди.
Аталган эскертүүнүн максаты - британдык учкучтарга мурдагы кызматтык маалыматты кытайлык аскер төбөлдөрүнө ачыкка чыгарбашы керектиги жөнүндө эске салуу, ошондой эле бул учкучтарды чет өлкөлөрдө адистик машыктыруу жаатында түзүлгөн жеке келишимдери жаатында өлкөнүн Коргоо министрлигине маалымдап, бул министрлик окуяларды көзмөлдөп туруусуна жетишүүсүнө шарт жаратууга чакыруу болуп саналат.
Учурда Улуу Британиянын Коргоо министрлигинде кытайлык аскерлерге сабак берген британиялык учкучтардын кайсы бири мамлекеттик сырлар жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгы боюнча эч кандай далил катталган эмес.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ошол эле учурда Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү алдын ала эскертүүлөр жетишсиздигин, улуттук коопсуздук боюнча мыйзамга тийешелүү өзгөртүү киргизүү керектигин шейшембиде баса белгилешти.
Улуу Британиянын Коргоо министринин орун басары Жеймс Хиппи мырза, Би-Би-Сиге курган маегинде, учкучтар келечекте Кытайга ар кандай жашыруун сырларды өткөрүп бербөөсү үчүн өз өлкөсүнүн мыйзамы өзгөртүлүшү керектиги жөнүндө баса айтты.
"Эгерде сиз эчак ардагер болсоңуз да, - кайсы бир киши чет өлкөлүк ири дөөлөткө, айрыкча алганда, Улуу Британияга каршы өзгөчө ынтаа менен чакырык таштап жаткан ири мамлекетке жумушка орношуу үчүн бара жаткан чагында да, - мындай [жосунсуз жорук] менин өз атажуртума кызмат кылуу түшүнүгүмө эч туура келбейт", - деп Хиппи мырза өз маегинде белгиледи.
Азыркы тапта "Улуттук коопсуздук жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Улуу Британиянын парламентинин Жамааттар үйүнүн комитеттеринде кызуу талкууга алынып жатат.
Бул мыйзам долбооруна ылайык, Улуу Британияда чет мамлекеттердин кызыкчылыгында кандайдыр бир саясий таасирди жайылтып жаткан кишилер 10 күндүн ичинде өз ишмердүүлүгүнүн түрүн жана ким үчүн иштеп жатканын расмий каттоодон өткөрүшү керек. Эгерде мындай киши алиги талапты аткарбаса же жалган маалымат берсе, анда айып пул төлөйт же эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Чет мамлекеттердин дипломаттары менен расмий өкүлдөрү гана бул мыйзамдык талаптан тышкары болуп саналышат.
Бул түзөтүүлөрдүн кошумча өңүтүнө келсек, анда Улуу Британиянын Ички иштер министрлигине чет өлкөлүк таасирди жайылткан конкреттүү өлкөлөрдү жана чет өлкөлүк субъекттерди аныктоого уруксат берүү тууралуу белгиленген. Эгерде алар мурда расмий катталбаган болсо, андай шартта, парламенттин атайын макулдугуна ылайык алардын жетекчилиги астында жүзөгө ашырылган ар кандай иш боюнча мыйзам бузуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу сунушталууда.
Бул эрежелер жалпысынан 1938-жылы АКШда күчүнө кирген "Чет элдик агенттерди каттоо мыйзам долбоору" (The Foreign Agents Registration Act, кыскача FARA) деп аталган мыйзамдын талаптарына окшоп кетет. Анда чет өлкөлүк кызыкчылыктар үчүн иш алып барган жактар тек гана өз ишмердигинин өкмөт жана жарандык коом алдындагы ачык-айкындуулугун камсыз кылышы талап кылынат.
Дал ушул америкалык мыйзамдын өрнөгүн В.Путиндин тушундагы Орусияда андан ары катаал мүнөзгө жеткиришти.
Орусиялык расмий бийликтер «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам деп аталган жана адам укуктарын тебелеп-тепсөө мүнөзүндөгү кеңири тармакташкан мыйзамдык талаптардын топтомун бүгүнкү орусиялык жарандык коомго таңуулап, анын көмөгү менен сөз эркиндигин, басма сөз эркиндигин, жарандардын бейөкмөт уюмдарды негиздөө мүмкүнчүлүктөрүн ж.б. ооздуктоого далаалат кылышууда. (TT)
































