"Россиянын армиясы жүрбөй калды, Путин жаңылганын россиялыктар көрүп турат". Британдык атайын кызматтын доклады

Сүрөттүн булагы, AFP
Британдык атайын кызматтардын пикиринде, россиялык командачылык алардын аскердик машинасы өчөйүп калганын түшүндү, ал эми россиялыктар Путиндин Украинага басып кирүү чечими каталык болгонун көрүп турат. Бул жөнүндө Би-Би-Сиге Улуу Британиянын өкмөттүк байланыш борборунун башчысы (GCHQ) Джереми Флеминг билдирди. Ал кеңири доклад менен чыгып сүйлөгөн жатат.
Борбор өлкөнүн атайын кызматтарынын бири жана радиоэлектрондук чалгын жүргүзөт, Британиянын армиясы менен өкмөттүк органдарды маалымат менен камсыз кылат.
Флеминг коопсуздук маселеси боюнча Коргонуу боюнча изилдөөлөрдүн Лондондогу королдук бириккен институтунда (RUSI) доклад жасаган жатат.
Британия жана Батыш үчүн Россия менен Кытайдан келип жаткан коопсуздук маселелери докладдын башкы темалары болуп саналат.
GCHQ башчысынын пландалган сөзүнүн үзүндүлөрү журналисттердин колуна тийди.
Эмне айтылды?

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Доклад болор алдында Би-Би-Синин Today радиопрограммасында Джереми Флеминг өзүнүн департаментинин Украинадагы согуш менен байланышкан ишинин айрым тыянактары менен бөлүштү.
"Россияда ок-дары түгөнүүдө, анын достору дээрлик калбай калды, ал эми мобилизация жарыялаганы анын аскери түгөнүп жатканын билдирет. Россия жана анын орус командачылыгы өзүнүн аскердик өнөктүгүнүн өчөйүп калганына кабатыр. Алардын айласы куруду, мындай абал орус коомунун көп деңгээлинде көрүнүп жатат",-дейт ал.
Аскердик даярдыгы жок адамдарга мобилизация жарыяланганы жана армияны түрмөдөгү адамдар менен толтуруу чечими армиянын күчү тайып калганын көрсөтүп турат, дейт Флеминг.
Дүйшөмбүдө украин шаарларын массивдүү аткылоо Россиянын күчү дагы эле бар экенин көрсөтөт, бирок бул согуш орус армиясынын шайын кетирип, анын мүмкүнчүлүгү чегине жетип калды.
Ал эми Россиянын өзөктүк куралын колдонуу коркунучуна келсек, GCHQ башчысы британ чалгын кызматтары мындай аракеттин алдын алат деп үмүт кылат.
Россиядан дагы Кытай коркунучтуу
Ошол эле убакта Флемингдин пикиринде, Россия британ кызыкчылыгына келтирип жаткан коркунучтар олуттуу, бирок убактылуу эле. Кибер коопсуздук менен алектенген атайын кызматтын башчысы узак мөөнөттө алганда эң олуттуу проблема деп Кытайды атады.
Британияны Кытайдын бийликтери ар түрдүү көз карашты басып, аңдуу жүргүзүп жаткан технологиянын өнүгүү темпи өзгөчө тынчсыздандырат. Флемингдин айтымында, Кытайдын спутник системалар менен чабуул коюу жана санарип валюталарды көзөмөлдөө боюнча өсүп жаткан мүмкүнчүлүгү коркунуч туудурат.
Кайсы бир күнү Кытайдын технологиялык ийгиликтери Батыштын өкмөттүк жана башка объектилерин коргоо үчүн колдонуп жаткан шифр системасын ашып өтүшү мүмкүн.
Азырынча Батыш Пекиндин үстүнөн технологиялык үстөмдүктү кармап турат, бирок келечекте башкача болуп кетиши мүмкүн, дейт Флеминг. Ошондуктан GCHQ азыркы учурдагы башкы милдети - бул областтагы кырдаалга кунт коюп байкоо салуу.
Андан сырткары, Россияга салынган экономикалык санкцияларды киргизүү механизмин карап көрүп жаткан Кытай мындай чаралардын алдын алууга даярданып коюуда. Эртең Тайванга кол салса, ошондой санкция салынарын алар билет.
Флемингдин айтымында, Кытайдын технологиялык кубаты, санарип валютасы ар кандай экономикалык кысымдын чыгып кетүүгө жардам берет.
Россиянын жана Кытайдын коркунучун, GCHQ башчысы - бириниси аба ырайына, экинчиси климатка таасир берет деп образдуу айтты.
Докладда эмне айтылат?
Джереми Флемингдин сүйлөй турган сөзүнүн журналисттердин колуна тийген айрым жерлерине караганда, британдык атайын кызматтар Владимир Путин азыркы кырдаалды жакшы биле албай калды деп эсептейт.
"Ички чөйрөсүндө эффективдүү каршылык болбогондуктан, анын чечимдери жаңылыш болуп чыкты. Ал канчалык катуу чараларды көргөн сайын олуттуу стратегиялык каталыктарга алып келүүдө",-дейт GCHQ башчысынын докладында.
Россиянын Украинадагы согушка кеткен чыгымы адам жана жабдуулар жагынан алганда абдан чоң, бирок орус аскеринин согуштун алгачкы айларында жетишкен бардык ийгиликтери азыр жокко чыгып баратат, дейт британдык атайын кызматтар.
Украина согуштун жүрүшүн өзгөртүп, алсыраган орус аскерине каршы турууда деп айтат өзүнүн сөзүндө Флеминг.

Сүрөттүн булагы, Getty Images News
Путин кырдаалды жөндөй албай жаңылып калганын Россиянын жарандары да көрүп турат дейт GCHQ
"Мобилизациядан качып, саякатка, заманбап технологияларга жана тышкы дүйнөгө жол жабылганын түшүнүп, алар Путин таңуулаган согуштагы адамдык жоготуулардын үрөй учурган масштабынан чочуп жатат",-демекчи GCHQ башчысы.
Джереми Флеминг ошондой эле кибер коопсуздукка да чоң көңүл бурмакчы.
Би-Би-Сиге берген маегинде ал Россия Украинада согуштук аракеттер менен катар толук масштабда киберсогушту жүргүзүп жатканын да айта кетти. Бирок чоң санаага салган - Кытайдын мүмкүнчүлүктөрү.
"Технология жаатында биздин стратегиялык үстөмдүк биз коом катары кезектеги кадамыбыз кандай болорунан көз каранды",- дейт Британиянын киберкоопсуздук башчысы.
Ал Кытайдын бул тармактагы ыкчамдыгынын алдын алса болот деп эсептейт жана Улуу Британиянын өкмөттүк байланыш борборунун сунуштарын ортого салат. (КС)

































