Канада: Мусулман үй-бүлөсүн атайылап машине менен сүзүп өлтүрдү

Маркумдарга жан берген жерге жергиликтүү тургундар гүлчамбарлар коюп жатышат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маркумдарга жан берген жерге жергиликтүү тургундар гүлчамбарлар коюп жатышат
Published

Канада полициясы жекшемби күнү мусулман үй-бүлөдөн төрт киши атайылап машине менен сүздүрүлүп өлтүрүлгөнүн кабарлады.

Бул кол салуу Онтарио провинциясындагы Лондон шаарында орун алган. Үй-бүлө ичинен аман калган тогуз жаштагы бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Атайылап кол салууга шектелип жаткан 20 жаштагы канадалык жаранга адам өлтүрүү, адам өмүрүнө кол салуу айыптары коюлуп жатат.

Калаа тургундары бул кол салуудан катуу шок алганы көрүнүп турат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Калаа тургундары бул кол салуудан катуу шок алганы көрүнүп турат

Бул окуя 2017-жылы Квебек мечитиндеги мусулмандарга кол салуудан кийинки эле эң каргашалуу окуя болуп калды. Андагы кол салуудан алты киши каза тапкан эле.

"Маркумдар алар мусулман болгону үчүн гана бутага алынган болушу мүмкүн",- деди дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында Дет Супт Пол Уэйт.

Анын айтымында, полиция шектүүгө терроризм үчүн да кошумча айыптар коюлушу мүмкүн, себеби бул кол салуу жек көрүүчүлүк айынан уюштурулду. Канада бийлиги бул кол салууну кескин айыптап жатат. (EK)