Орусия гречканын экспорттоого убактылуу тыюу салды

гречка

Сүрөттүн булагы, KIRILL KUKHMAR/TASS

Published

Орусиянын өкмөтү гречканы өлкөнүн ички базары үчүн маанилүү деген азык-түлүктүн катарына киргизип, сыртка сатылышына убактылуу тыюу салды.

Убактылуу чектөө 5-июндан баштап 31-августка чейин киргизилди. Өкмөттүн буйругу расмий сайтына жарыяланды. Эгерде гречка гуманитардык жардам катары жөнөтүлгөн азыктардын тизмесинде болсо гана сыртка чыкканга уруксат деп көрсөтүлгөн документте.

Өткөн аптада гречканы сыртка сатууга чектөө киргизүү демилгеси менен Орусиянын Айыл чарба министрлиги чыккан. Мындай чара баалардын өсүп кетишин жана ички базардагы таңкыстыкты алдын алат деп жүйөө келтирген аталган мекеме.

Мындан сырткары Айыл чарба министрлиги 2021-жылы мындай азык-оокаттардын баасы кескин кымбаттап кеткенин айтууда. Орусиянын өзүндө жыл башынан бери гречканын баасы 4,4% өстү. Апрель башынан бери эле 2,2% кымбаттаган. Дүйнөдө азык-түлүк баалары өсүп, Орусиядан сыртка талап күчөгөн, анын ичинде суу май жана кумшекерге болгон талап өстү. Ошондуктан ички рынокто дагы кымбаттоолор болду дейт эксперттер.

Айыл чарба рыногун изилдөө институтунун маалыматы боюнча 2020-жылдын июлунан тарта 2021-жылдын январына чейин гречканын экспорту эки эсеге өстү (2019-2020-жылга салыштырмалуу). Жалпы 55 миң тонна гречка сыртка сатылган. Анын 30 тоннага жакыны жыл аягында жана жыл башындагы эки ай ичиндеги сандар. Орус гречкасынын негизи сатып алуучулары Украина, Латвия, Литва, Кытай, Польша, Жапония сыяктуу бир катар өлкөлөр.

2020-жылы Орусиянын айыл чарба азыктарын сыртка сатуу 19,6% өстү (29,5 млрд долларга чейин).