Армения: премьер-министр Пашиняндын отставкасы

Армения премьер-министри Никол Пашинян

Сүрөттүн булагы, EPA

Published

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян отставкасын жарыялады. Бирок бул күтүлгөн кадам эле. Азырынча Пашинян өкмөт башчылыктан убактылуу баш тартканы менен бийликтен кетүү ниети жок. Ал премьердин милдетин аткарып кала берет жана июндагы шайлоону кайрадан утуп чыгууга үмүттөнүүдө.

Пашинян отставкасы парламенттин кезексиз шайлоосуна алып келет. Тоолуу Карабактагы согуштан кийинки кризиске байланыштуу кезексиз шайлоо өлкөгө өтө зарыл болуп тургандай. Бул тууралуу Пашиняндын кайрылуусунда дагы айтылды.

"Эл өзү өткөнгө жана азыркы абалга баасын берип, келечек тууралуу чечим кабыл алышы керек. Мындай мүмкүнчүлүктү түзүү үчүн кезексиз шайлоо өткөрүлөт",-деген Пашинян.

Өлкөнүн конституциясына ылайык өкмөттүн курамы толугу менен отставкага кетти. Бирок жаңы курам түзүлгөнгө чейин алар милдетин аткара берет.

Конституция боюнча премьер-министр отставкасын жарыялап, андан кийин бул кызматка парламент эки ирет талапкер беките албаганда гана кезексиз шайлоо жарыяланат. Пашинян мына ушундай кадамга барууда.

44 күнгө созулган Тоолуу Карабактагы согуштан кийин Пашиняндын позициясы бошоңдоду. Армян коомунун бир бөлүгү өткөн жылдын 9-ноябрындагы тынчтык келишимин премьер-министрдин чыккынчылыгы катары баалады.

Шуша чебиндеги Азербайжандын туусу

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY/GETTY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согуштан жеңилип калуу, ошол эле маалда Карабактын эски борбору Шушадан айрылуу армян коомун терең кирзиске кептеди. Шуша чебиндеги Азербайжандын туусу

Тынчтык келишими менен Азербайжан 1990-жылдардын башындагы тарттырып жиберген жети районун кайтарып алды. Андан сырткары Тоолуу Карабак автоном облусунун бир топ бөлүгүн, анын ичинде Шушаны ээледи.

Коомдогу нааразы пикирлер күчөгөнүнө карабай Пашинян жана анын "Менин кадамым" блогунун эл арасында дале кадыры бар. Марттын соңунда өткөрүлгөн Gallup International сурамжылоосу боюнча "Менин кадамым" үчүн добуш берем дегендер 32% болгон. Чынында армян шайлоочуларынын арасында пассивдүүлүк байкалууда. Суралгандардын 40 пайыздан ашууну гана добуш берүүгө келе турганын айтса, калгандары бардык саясатчылардан көңүлү калганын билдиришкен.

Пашинян өзү болсо популярдуулугу жагынан омбудсмен Арман Татоянды гана алдыга чыгарды. Оппозициянын бардык лидерлеринен алдыда.

Журналист жана оппозициялык саясатчы Никол Пашинян 2018-жылдын майындагы толкундоолор арты менен бийликке келген. Тынчтык ыңкылабынын арты менен премьер-министр Серж Саргсян отставкасын жарыялаган эле. Ушул эле жылы декабрда Пашиняндын "Менин кадамым" блогу кезексиз парламенттик шайлоодо добуштардын 70 пайызын жеңип алды.