Түркия: орус элчисинин өлүмү боюнча "гүленчилер" сот жообуна тартылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркия баш калаасы Анкарада Орусиянын элчиси маркум Андрей Карловдун өлүмүнө айыпталган жыйырмадай кишиге сот өкүмү чыкты. 2016-жылы Карлов сүрөт көргөзмөсүндө сөз сүйлөп жатканда кол салуу болгон. Ага 22 жаштагы Анкара полициясынын атайын бөлүгүндө мурда кызмат өтөгөн Мевлют Мерт Алтынташ ок аткан. Бул иш боюнча 28 киши айыпталды.
Айыпталгандардын арасында президент Эрдогандын саясий оппоненттери (айрымдар сыртынан соттолду) дагы бар. Сот айыпталуучулардын алтоосун беш жылдан тогуз жылга чейин абакка кести. Беш айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылган. 28 кишинин алтоону сот актады.
Карловдун жесири Марина Би-Би-Сиге берген интервьюсунда тергөөдө чыныгы айыпталуучулар жана буюртма бергендер кимдер экени аныкталды дегенге ишенбей турганын айтты.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency via Getty Images
Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов 2016-жылы 19-декабарда сүрөт көргөзмөсүндө сөз сүйлөп жаткан маалда кол салуу болгон. Ага ок аткан 22 жаштагы Мевлют Алтынташ полициянын атайын бөлүгүнүн кызматкери болгон жана ошол күнү эмгек өргүүсүндө экени аныкталган. Ал дипломаттын желке тарабынан бир нече ок аткан.
Марина Карлованын айтымында кол салуудан төрт ай мурун күйөөсүнүн дарегине ар кандай коркутуулар болгон. Бирок ага кошумча күзөтчүлөр бөлүнүп берилген эмес.
Соттолгондор
Прокуратуранын маалыматында кылмышты АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен жана анын FETO уюму уюштурган. Гүлен айыптоолорду кескин четке каккан.
Айыпталган 28 кишинин тогузу сыртынан соттолду. Жыйынтыгында алардын, анын ичинде Фетхуллах Гүлендин ишин өзүнчө карай турган болушту.
Эң оор жаза алгандар:
Программист Шахин Сегүтка эң оор жаза берилди. Тергөө аны Карловду аткан полиция кызматкеринин устаты жана куратору болгон деп эсептейт. Жубайы Айша тогуз жылга абакка кесилди.
Полицияда Алтынташ менен чогуу кызмат кылган Салих Йылмаз өмүр боюу эркинен ажыратылды.
Чалгын кызматынын мурдакы офицери Вехби Күршад Акалин 15 жылга абакка кесилди. Аны тергөөчүлөр Алтынташ тууралуу "гүленчилерге маалымат берип, кийин аны азгырып, ок атууга даярдашкан" деп эсептейт.
Хусейн Кетюже - мурдагы аскер чалгынчысы, 15 жылга эркинен ажыратылды. Тергөө маалыматында ал Карловдун күзөтчүлөрү жана элчинин баскан-турганы боюнча гүленчилерге маалымат берип турган деп айтылды.
Сержан Башар - полиция кызматкери, Алтынташ менен чогуу кызмат кылган жана кошуна жашаган. Сот аны тогуз жылга эркинен ажыратты.
Мустафа Тимур Озкан - фотограф. Элчи атылган көргөзмөдө анын сүрөттөрү коюлган эле. Ал үч жыл тогуз айга абакка кесилди.
Хайреддин Айдынбаш - журналист, Озкан менен сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп жүргөн. Аны сот 10 жылга эркинен ажыратты
Соттолгондордун баары өзүнө тагылган айыптарды четке какты. Сотто Күршад Акалин кыйноо алдында көрсөтмө беришкенин айтты.
Элчинин өлүмү боюнча сот иши эки жылга созулду. Сот элчинин өлүмүн Орусия менен Түркиянын ортосуна от жагууну көздөгөн Гүлендин тарапташтары уюштурган деген тыянакка келген.
































