Экологиялык катастрофа: Жер Ортолук деңизге төгүлгөн мазут

Пятна смолы на пляже

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published

Израил өлкө тарыхындагы эң ири экологиялык катастрофага туш болгонун айтууда. Ондогон тонна мазут Жер Ортолук деңизге төгүлүп, жээктер булганды.

Миңдеген ыктыярчылар жана аскерлер жээк аймактарын мазуттан тазалоого умтулууда. Ага карабастан кырсыктын кесепетин жапайы жаратылышка оңбогондой зыян алып келди. Эмитен эле мазуттан улам өлгөн ташбака, балык жана куштар табылды.

Израилдин бийлиги кырсыктын себебин аныктоо аракетин көрүүдө. Өкмөттүн мазут жүк ташыган кемеден деңизге төгүлгөн деген жоромолу бар.

Мазут 190 чакырымга чейин жээкти булгаган. Жергиликтүү бийлик тазалоо иштерине бир нече ай же жылдар кетиши мүмкүн экенин эскертүүдө.

Өкмөт жергиликтүү тургундарды жээк аймакка баруудан жана деңизге түшүүдөн карманып турууга чакырды.

Черепаха, покрытая мазутом

Сүрөттүн булагы, EVN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мунайдан улам жээктеги фауна жабыркады

11-февралда аймакта катуу бороон болгон. Дал ушул учурда кемелердин бири мунайды деңизге төккөн болушу ыктымал. Ал учурда кеме жээктен 50 чакырым алыста жайгашкан эле. Спутниктен алынган сүрөттөрдү териштирип, мазутту кайсыл кеме төккөнү аныкталууда.

В сборе сгустков мазута принимают участие тысячи солдат и волонтеров

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жээкти тазалоо иштерине миңдеген аскерлер жана ыктыярчылар тартылды

Айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гамлиел бороон маалында тогуз кеме аймакта болгонун билдирди. Кайсыл кеме мазутту төккөнү аныкталганда, Израил жүк ташыган компанияны сотко берет. Компания миллиондогон доллар айып пул төлөп калышы ыктымал.

Туша кита, выброшенная на берег

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Узундугу 17 метр болгон кит жээкке жуулуп чыкты
Туша кита, выброшенная на берег

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адистер киттин өлүмү мазуттун деңизге төгүлгөнүнө байланышы барбы деген суроону иликтеп жатат

Өткөн бейшемби күнү Израилдин жээгине узундугу 17 метр болгон кит жуулуп чыкты. Анын курсагынан майлуу кара зат табылды. Адистер киттин өлүмү мазут кырсыгына байланышы барбы деген суроонун үстүнөн иш алып барууда.