Венгрия "Спутин V" вакцинасын каттоодон өткөрдү

Hungarian soldiers carry the first shipment of Pfizer-BioNTech vaccines

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Венгриянын аскерлери Pfizer-BioNTech вакцинасын ооруканаларга жеткирүүдө
Published

Венгрия Орусиянын "Спутин V" вакцинасын каттоодон өткөргөн Европа Биримдигиндеги алгачкы мамлекет болду.

Бейшемби күнү өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан дары-дармекти тескеген мекеме Орусиянын "Спутин V" жана Оксфорд университетинин AstraZeneca компаниясы менен биргеликте чыгарган вакцинасын колдонууга уруксат бергенин жарыялады.

Өлкөнүн тышкы иштер министри жакында Москвага барып, вакцинаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.

Венгриянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кытай өндүргөн вакцинаны дагы сатып алуу боюнча аракеттерин баштаган. Бээжин Sinopharm вакцинасынын бир миллион дозасын тез арада жеткирип берүүгө макул болгон. Sinopharm мамлекеттик ишкана жана өткөн айда коронавируска каршы вакцинасы 79 пайыз натыйжалуу экенин жарыялаган. Сербия сыяктуу мамлекеттер бул вакцинаны колдонуп, жапырт эмдөө жараянын баштады.

Pfizer жана Moderna вакциналары 95 пайыз натыйжалуу экенин көрсөткөн. Бирок Венгриянын өкмөтү Pfizer-BioNTech вакцинасы өтө жай жеткирилип жатканын айтып, калктын муктаждыгын камсыз кылуу үчүн Орусия менен Кытай өндүргөн вакциналарды сатып алууну көздөйт.

Healthcare worker Adrienne Kertesz receives the first injection nationwide of the Pfizer-BioNTech jab

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Венгрияда Адриен Кертез сыяктуу медицина кызматкерлери өткөн айда вакцина алган

Өлкөдө 140 миң киши эмдөөдөн өттү. Учурда өкмөттүн Кытай менен Орусиядан вакцина сатып алуу кадамын калктын айрым катмары кескин сынга алууда. Европа Биримдиги дагы Венгрия бийлигине нааразылыгын билдирди. Биримдик жапырт эмдөө жараянын координациялоо зарыл экендигин белгилеп жатканда, Орбандын өкмөтү өз жолун тандагандай.

Eurobarometer жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, венгриялыктардын 49 пайызы гана эмдөөдөн өтүүгө макул. Бул Европадагы эң төмөнкү көрсөткүч. Башка сурамжылоолор венгриялыктардын жети гана пайызы Орусия өндүргөн вакцинаны алууга макул экенин айткан. Ал эми Кытайдын вакцинасын алууга макул болгондор бир пайызга жетпейт.

Бирок Венгриянын өкмөтү мындай сын-пикирде четке кагууда.

"Венгрияга кооптуу делген дары-дармек киргизилбейт. Жогорку стандартты сактаган вакциналар гана колдонулат. Кутум теорияларга көңүл бурбагыла",-деди өкмөттүн басма сөз катчысы Золтан Ковак.

Ал Венгриянын Чыгыштагы өнөктөштөрү менен келишимге жеткенин сындаган Батыш мамлекеттери эки жүздүүлүгүн көрсөттү деп кошумчалады. Ковак мырза Германиянын канцлери Меркел дал ушул маселе боюнча Орусиянын президенти Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн белгиледи.

Венгриянын жогорку даражадагы дарыгери Би-Би-Сиге маек куруп, "Спутник V" вакцинасы үчүнчү баскычтагы клиникалык сыноодо өлкөдөгү үч миң ыктыярчыга берилерин айтты.

"Бул жакшы вакцина, бирок өкмөткө силерге маек курганымды айтпагыла",-деп кошумчалады ал.