Карабак: Армения 73 жоокеринин дайыны табылбай жатканын кабарлады

Архив сүрөт. Армян жоокерлери Карабактагы согуш маалында

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Архив сүрөт. Армян жоокерлери Карабактагы согуш маалында
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Армян аскер жетекчилиги 73 жоокеринин дайыны табылбай жатканын кабарлады. Бул аскерлер соңку күндөрү жаңжал кайра тутанган Тоолуу Карабактын түштүгүндөгү эки тоолуу айылдан жоголгон.

Өткөн апта соңунда армян тарап эки айылда (армянча аталышы Хцаберд жана Хин Тахер) Азербайжан күчтөрү операция өткөргөнүн айтып чыккан эле. Азербайжан болсо "жоочуларга" каршы антитеррордук операция өткөргөнүн билдирди. Ал жердеги армян күчтөрүн ушундайча атаган. Жаңжал чыккан жерге барган орусиялык тынчтык күчтөрү ок атышууну токтотуп калды. Бирок эки айылдын тагдыры кандай чечилери белгисиз.

10-ноябрдагы келишимден кийин армян ыктыярчылары ушул эки тоолуу аймактагы көзөмөлүн сактап калган экен. Бул айылдар иш жүзүндө Азербайжан күчтөрүнүн тылында калган. Азербайжандык аскерлер көзөмөлүнө алууга аракет кылды. Ортодо ок атышуу болуп, айрым маалыматтарга караганда армян ыктыярчылары курчоодо калып, багынып берген.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Азербайжан тарап төрт аскери набыт болгонун жана бир нечеси жаракат алганын ырастады. Армян ыктыярчыларынын бир нечеси жаракат алып, туткунга түшкөн. Окуя болгон жерге орусиялык тынчтык күчтөрү жетип барып, ок атышууну токтотту. Бирок Ереван дагы ондогон армян аскерлери дайынсыз болуп жатканын айтууда.

Шейшемби жана шаршемби күндөрү коомдук сайттардагы азербайжандык аккаунттарда телефондон тартылган видео тарады. Анда аскер кийимчен куралсыз кишилер Азербайжан аскерлеринин коштоосунда баратканы тартылган. Болжолу туткундалган армян ыктыярчылары болушу мүмкүн.

Кийин 30дай кишини азербайжандык аскерлер куралсыздандырып, орусиялык тынчтык күчтөрүнө өткөрүп бергени айтылды. Бул маалыматты Армениянын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Азербайжан тарап туткундар тууралуу жарыяланып кеткен видео боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.