Эрдоган Бакуда: Жеңиш парады жана Осмон империясын эске салуу

Алиев менен Эрдоган

Сүрөттүн булагы, Getty images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын колдоосу Карабак согушунда өтө маанилүү ролду ойноду
Published

Бейшембиде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Бакуга келип, Азербайжан лидери Ильхам Алиев менен жеңиш парадына катышты.

Бакунун көчөлөрүндө эки өлкөнүн туусу катар илинип, параддан үч миңдей түркиялык аскерлер дагы өттү. Азербайжан парадга түркиялык жана израилдик дрондорун алып чыкты. Алиев түрк президенти Эрдоганды бир тууган деп атап, Карабак согушунда түркиялык дрондор негизги ролду ойноду деп белгиледи.

"Бүгүнкү күндө азербайжандык-түркиялык союздун бир гана биздин эл үчүн эмес, регион жана бүтүн дүйнөгө мааниси чоң",-деди Азербайжан президенти.

Эки өлкөнүн туусу менен согуштук учактар дагы параддан өттү. Эксперттер Түркиянын активдүү колдоосу менен Азербайжан Карабак согушунда жеңүүчү болуп чыкканын белгилейт. Түркиялык технология аркылуу Азербайжан Карабактагы аба мейкиндигинде үстөмдүккө ээ болуп, бул согуштун жыйынтыгына таасирин тийгизди.

Эксперттер түркиялык "Bayraktar TB2" дрону Карабакта негизги ролду ойноду деп эсептейт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперттер түркиялык "Bayraktar TB2" дрону Карабакта негизги ролду ойноду деп эсептейт
ВС Азербайджана

Сүрөттүн булагы, Getty images

Ошентсе деле Армения менен Азербайжандын колундагы негизги куралдар советтик жана орусиялык үлгүдө. Парадда Азербайжан куралдуу күчтөрү акыркы жылдары башка өлкөлөрдөн сатып алган куралдарын көрсөттү. Биринчи кезекте түркиялык үлгүдөгү Bayraktar TB2 жана израилдик үлгүдөгү Harop менен SkyStriker, чалгын дрону Hermes, Aerostar менен Orbiter дрондору болду. Андан тышкары параддан түркиялык, чех, белорусиялык жана израилдик ракета комплекстери көрүүгө мүмкүн болду.

Өз сөзүндө Эрдоган Осмон империясынын тарыхына кайрылып, дипломатиялык мамилелерди жакшыртуу үчүн Армениядагы бийлик алмашуу керектигин айтты.

"Эгерде Ереван өзүнүн Анкарага карата мамилесин өзгөртсө, анда биз чек араны ачабыз. Бизде коңшу өлкө менен дайыма чек аранын жабык кармоо каалоосу жок",-деген Эрдоган.

Эрдоган ошондой эле параддагы сөзүндө Энвер пашаны, Нури пашаны жана Кавказдагы ислам армиясын эскерди. Осмон министри Энвер паша Биринчи дүйнөлүк согуштун маалында орусиялык Кавказдагы ийгиликсиз жортуулу менен белгилүү. Айрым тарыхчылары аны 1915-жылдагы армяндарга карата кыргындын демилгечилеринин бири катары атап жүрөт. Орусия, Франция, Канада жана башка бир катар өлкөлөр бул окуяны геноцид деп тааныган. Түркия болсо уюштурулган сүргүн катары мүнөздөп, кыргын болгонун четке кагат.

Эрдогандын Энвер паша тууралуу эскерип сүйлөгөнү армян коомунун кыжырын кайнатты. Түрк президенти өз кезегинде армяндарды аскер кылмышы, шаар, кыштактардын, мечиттердин талкаланышы боюнча айыптады.

Армения мындай айыптоолорду четке кагып, карабактык армяндар Түркиянын, Азербайжандын жана жалданма согушкерлердин курмандыгы болду деп эсептейт.

Эрдоган армян калкына көңүлү түз экенин, маселенин баары өлкө жетекчилигинде экенине ишендирүүдө.

Ильхам Алиев

Сүрөттүн булагы, Getty images

Алиев Армениянын чоң бөлүгүнө, анын ичинде баш калаа Ереванга карата дооматы бар экенин айтты. Тагыраагы, Зангезур (Армениянын Сюник облусу), Ереван жана Севан көлүн тарыхый жактан Азербайжандын жери дейт.

Карабактагы орусиялык тынчтык күчтөрү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карабактагы орусиялык тынчтык күчтөрү

Ошону менен бирге эле Алиев душмандашууну токтотуп, региондо Азербайжан, Армения, Грузия, Иран, Орусия жана Түркия кызматташа турган жалпы платформа түзүүгө чакырды.