Бойду узартуу: Эмнеге көптөр оор операцияга макул болуп жатат?

Сүрөттүн булагы, Dr S. Robert Rozbruch
- Author, Том Брада
- Role, Би-Би-Си
- Published
Жыл сайын бойду узарткан операцияга макул болгондордун саны өсүп баратат. Бул операциянын кесепети оор болушу ыктымал. Ага карабастан бир нече сантиметрге узун болуу үчүн жүздөгөндөр тобокелчиликке барат.
Сэм Бекер орто мектепте бою узун балдардын бири болгон. Бирок мектепти аяктап жатканда классташтарынан бир топ эле жапыс экенин байкаган.
"Университетке тапшырып жатып боюм балдар эле эмес, кыздардан дагы жапыс экенин байкадым. Чынында, кыздар бою өзүнөн кыска бойлуу жигиттер менен сүйлөшкүсү келбейт. Боюм жапыс болгону психологиялык жактан мени жеп жатты",-дейт Сэм.
Ал бою өсөрүнө үмүттөнгөн, бирок жашы өйдөлөгөн сайын бою өскөн эмес.
"Мага ийгилик менен бой байланыштуу болуп калды. Ошондуктан чечим кабыл алууга туура келди",-дейт ал.
"Кайра баса аламбы?"
Сэм изилдөө жүргүзүп, көп ыкмаларды тапкан. Бирок бут кийимдин таманына платформа жашырып коюу же бойду өстүргөн көнүүгүлөргө көп ынанган эмес. Ал эми буттарды хирургиялык ыкма аркылуу узартуу жолуна кызыгуусу өсө берген. Энеси менен бул ыкманы талкуулап, 2015-жылы операция жасатууну чечкен.
Операциядан кийин Сэмдин бою 8 сантиметрге өстү - 162ден 170 сантиметрге.
"Биринчи жолу дарыгер менен жолукканда эле ал бул оңой эмес операция экенин түшүндүрдү. Мен операциядан кийин эмне кыла алам, баса аламбы же чуркай аламбы деп сурадым. Операциядан кийин аптасына 3-4 жолу бейтапканага барып, атайын процедураларды алып жаттым. Бир процедура бир нече саатка созулат. Ошентип жарым жыл өттү. Абдан оор болду. Албетте, бутту атайылап сындырып, анан кайра басканды үйрөнүү өтө одоно угулат. Муну косметикалык хирургия деп аташат. Бирок бул менин психологиялык саламаттыгыма дагы маанилүү эле",-дейт Сэм.

Сүрөттүн булагы, Dr S. Robert Rozbruch
Бойду узарткан косметикалык хирургия ондогон мамлекеттерде уруксат берилген. Айрым учурда операция жасаткан кишинин бою 13 сантиметрге чейин узарат.
Азырынча так канча киши мындай операция жасатып жатканы боюнча маалымат жок. Бирок ал кеңири жайылып жатканы талашсыз. АКШ, Германия, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттерде жыл сайын 100-200 бойду узарткан операция жасалат. Испания, Индия, Түркия жана Италия сыяктуу мамлекеттерде жылына 20-40 киши хирургка кайрылат. Би-Би-Си дүйнөнүн булуң-бурчундагы клиникаларга байланышып, мындай операцияларды жасаткандар саны өсүп жатканын тактады.
Операциядан кийин бейтап катуу кыйналат жана бул ыкма абдан кымбат. Буттагы сөөктү узартуу ыкмасын алгач советтик хирург-ортопед Гавриил Илизаров ойлоп чыгарган. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жарадар болгон аскерлерге жардам берип жатып, бул ыкманы иштеп чыккан. Андан бери жетимиш жыл аралыгында бул ыкма жаңыланды, бирок принциби ошол бойдон калды.
Операция учурунда сөөк сан жактан сындырылат, сынган жер темир ийне жана бурамалар менен бекитилет. Күн сайын ийнелер 1 мм жылып турат. Операциядан кийин бейтап дароо басып кете албайт, ал бир нече ай бою кайрадан басканды үйрөнөт. Операциянын кыйыр таасирлери абдан көп - буттагы нервтердин бузулушунан тарта тамырларда тромб пайда болушу ыктымал.
Бутумдагы 8 сантиметрдей болгон тыртык
Барни дагы хирургиялык операция жасатып, боюн узарткан. Ал 2015-жылы Италияда операция жасатып, боюн 167 сантиметрден 175ке өстүргөн. Бирок ал бул кадамга барууга аргасыз болгон. Дарыгерлер анын сөөктөрү кыйшык экенин айтып, аны түзөтүү зарыл экенин билдиришкен. Аны менен бирге бойду узартып салууна дагы чечкен.
Дарыгерлер эки процедура бир учурда жасаларын жана калыбына келүү бирдей болорун түшүндүрүшкөн.
"16 жашта болсом оңой эле калыбына келмек болушу керек. Бирок операция жасалганда 46 жашка чыккам. Бутумду чоюп салышты, бирок сөөктөрүм өспөй койду. Ошондуктан бутумда 8 сантиметрдей тыртык бар. Эки четте сөөк бар, аларды ортодогу сөөк менен кармап турган темир ийне менен бурамалар бар, ортосу бош",-дейт ал.
Барни азыркыга чейин буту ооруганын эстейт.
"Буттагы ар бир нерв ооруйт. Айрым учурда чыдабай кетесиң",-дейт Барни.
Бутундагы темир ийнелер менен бурамалар анын салмагын көтөрө алат. Ошондуктан сөөк өспөй калса дагы, Барни баса алат.
"Жакындарым жана иштеги жетекчим түшүнүп мамиле кылды. Андай болбосо көчөдө калмакмын",-дейт ал.

Британиянын ортопедия ассоциациясынын өкүлү профессор Хэмиш Симпсон мындай операциянын тобокелчиликтери абдан көп экенин баса белгилейт.
"Жыйырма жылдын ичинде бул операциянын ыкмасы өздөштүрүлдү. Бирок сөөктү узартканы менен бирге булчуң, нерв, кан тамырлар жана тери дагы өсүшү керек. Ошондуктан сөөктү узартып койгон оңой болгону менен башка дагы кыйыр таасирлери өтө эле көп. Операциядан кийинки тобокелчилик абдан жогору",-дейт хирург.


































