Безеткиден кантип кутулуу керек?

Сүрөттүн булагы, BSIP/UIG Via Getty Images
- Author, Анджали Махто
- Role, Refinery 29 сайтынан алынган макала
- Published
Мага келген көпчүлүк бейтаптар безеткини жок кылуу үчүн кээ бир азык-түлүктөн баш тартууда. Бирок мунун кесепети дагы болот.
Лондондогу дерматология борборума он жыл ичинде көптөгөн бейтаптар келди. Алардын түрдүү көйгөйлөрү бар эле. Адис катары безеткини көп изилдедим.
Азыркы тенденцияга байкоо салып олтуруп, айрым жаңы ыкмаларга тынчсызданам. Учурда кишилер ден соолугуна кам көрүп калышты. Бирок сергек жашоого болгон умтулууну бизнес өкүлдөрү акча жасап алуу үчүн колдонуп жатканын эстен чыгарбайлы. Айталы, айрым азык-түлүктөрдү колдонбогула деген чакырыктар. Ал кишинин терисине таасир этет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ааламдашуу доорунда жаштар безетки менен күрөшүү үчүн дароо интернетке кайрылат. Негизинен бейтаптар даарыгерге баруудан мурун, өзүнө маанилүү болгон маалыматты топтоп алып, өз алдынча көп ыкмаларды колдонуп көргөн.
Ар бир адам пикирин билдирүүгө укуктуу деген чакырыктар көп айтылат. Коомдук медиа болсо, ушул ой-пикирлерди жайылтуу үчүн платформа болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок мындай кырдаалда кимиси чыныгы адистин кеңеши, кимиси жаңылыш кеңеш берип жатканын аныктоо татаал.
Безетки менен күрөшүү үчүн сүт, глютен жана шекерди жебей койгондор бар. Башында айтып өткөндөй, кээ бир азык-түлүктү чектөө ден соолукка зыян. Мунун психологиялык дагы таасири бар.
Айрым бейтаптарым безеткиден арылам деп, туулган күнүндө апасы даярдаган таттуудан дагы баш тартат. Чын эле айрым тамак-аш түрлөрү безеткини күчөтүп, тескери таасирин тийгизеби?
Негизи тамактын организмге болгон таасирин аныктоо абдан татаал. Окумуштуулар ортосунда ондогон жылдардан бери кайсы азык-түлүк организмге кандай таасир этери боюнча талаш-талкуулар токтобой келүүдө.
Анда эмнени так билебиз? Безеткинин көбөйүшүнө гликемикалык индекстин жогору болгону же канттын деңгээлин көтөргөн азыктар себеп болот. Бирок шекерди толугу менен жок кылуу туура эмес. Анын организмге жана териге пайдалуу жагы дагы бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал эми сүт азыктарынын безеткиге байланышы табылган эмес. Бул азыктардын аз сандагы кишилерге таасири болушу ыктымал. Британия жана АКШдагы адистердин эч кимиси безеткини жок кылуу үчүн сүт азыктарын жебегиле деген кеңеш бербейт.
Баса, айрым окумуштуулар майы аз болгон сүт азыктары, тескерисинче организмге коркунучтуу экенин айтышууда. Азыр бир пайыз майы бар сүт азыктарды алып калбадыкпы. Ага дагы көңүл буралы.
Безеткинин пайда болушунун көп себептери бар. Анын ичинде генетикалык жана гормондук көйгөйлөр да таасир этет. Андан тышкары психологиялык көйгөйлөрдөн безетки чыгышы мүмкүн. Мисалы, депрессия, обочолонуу же өзүңүздүн денеңизге, келбетиңизге болгон терс сезимдердер безеткини көбөйтөт.
Ага карабастан көптөр безеткинин себеби азык-түлүктө деп жүйөө кармап, ар түрдүү кеңештерди беришет. Анын баарын чындык катары кабыл албаңыз.
Албетте, туура тамактануу ден соолук, келбет жана тери үчүн маанилүү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анда эмне кылуу керек?
Безитки сизди өтө эле кабатырлантып жатса, биринчи кезекте дарыгерге кайрылыңыз. Эгерде жакындарыңыз, тааныштарыңыз безеткиден улам айрым азык-түлүктөрдү чектеп жатса, аларды дагы сөзсүз дарыгерге кайрылууга кеңеш бериңиз.
Үй-бүлө терапевти же дерматолог сиздин көйгөйлөрүңүздү түшүндүрүп берет. Тамак-ашка байланышкан суроолоруңузга дагы жооп аласыз. Андан тышкары диетолог менен психологго дагы кайрылсаңыз болот.
Тамак-ашты жаман жана жакшы деп бөлүү өзү туура эмес. Бул өтө жөнөкөй түшүнүк. Безеткини жоготуу үчүн туура тамактануу - узак мөөнөт бою атайын структура түзүлгөн азыктарды пайдалануу болуп саналат. Түштө эки конфет жеп коюу, ага эч таасир этпейт.
Дарыгер Анджали Махто - Британиянын таанымал дерматологдордун бири. Жакында эле "Териге туура кам көрүү библиясы" атуу китеби жарык көрдү.
Бул макала Refinery29 сайтына чыккан, аны англис тилинде бул жерден окуя аласыз. (AT)
































