Калмык: суу сактагычта кырылган балыктар

Аршан-Зельмен суу сактагычынын жээгине чыгып калган балыктар

Сүрөттүн булагы, Sanchir Goryaev/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жергиликтүү тургундардын бири тарткан видеодон жайнап өлүп жаткан балыктарды көрүүгө болот
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жекшембиде Калмыктагы суу сактагычтын жээгинде жайнап өлүп жаткан балыктар тууралуу тасма аймакты чуу түшүрдү. Аны жергиликтүү тургундардын бири тартып алган. Балыктардын массалык өлүмүнө эмне себеп болгону иликтенүүдө. Муну Орусиянын прокуратурасы жана Тергөө комитети көзөмөлүнө алды.

Коомдук сайттарда Аршан-Зельмен суу сактагычынын жээгинде өлүп жаткан балыктар тууралуу сүрөттөр жайнап чыгууда. Суу сактагыч республиканын Сарпинск районунда жайгашкан.

Instagram баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Instagram мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

Instagram посттун аягы, 1

"Жыты өтө жаман...суунун үстү өлгөн балыктарга толгон",-дейт тасмага тарткан Санчир Горяев.

Калмыктын жетекчиси Бату Хасиков видео жарыялангандын эртеси эле бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганын айтты. Суу сактагычтагы абалды иликтөө үчүн эксперттик топ түзүлгөн.

Instagram баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Instagram мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

Instagram посттун аягы, 2

"Эртең эрте менен окуяга болгон жерге барып, иликтөөнүн биринчи тыянактары менен таанышам. Аймактын тургундары реалдуу кырдаалды расмий булактардан билиши керек",-деди республика жетекчиси.