"Жылаңач маскарапоз": Кытайда бийликке сын айткан бизнесмен 18 жылга камалды

Жэнь Чжицян, фото: 26 февраля 2016 года

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жэнь Чжиян март айында Covid-19 пандемиясы боюнча бийликтин аракетин сындаган макала жазгандан кийин дайынсыз болуп кеткен эле
Published

Кытайдагы ири ишкер Жэнь Чжицян коррупция боюнча айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылды. Ал кытай лидери Си Цзиньпинди катуу сынга алып келгени менен белгилүү. Курулуш тармагында иштеген мурдагы магнатты бийликке жаадырган сындары үчүн көп учурда "кызыл замбирек" деп атап коюшчу.

Бээжиндин соту Жэнь Чжицянды коррупция боюнча күнөлүү деп таап, "пара алган", "мамлекеттик каражатты уурдаган" деген айыптарды такты.

Прокурорлор бизнесменди жалпы 1,25 млн юань (болжолу 184 миң доллар) пара алып, мамлекеттик казынадан 50 млн уурдаган деп айыптаган. Кытайлык басылмалар ал күнөөсүн толук моюнуна алып, сот чечимине даттанбай турганын билдиргенин жазууда. Абак жазасынан сырткары 620 миң доллар айып пул төлөйт.

Китайский суд, где был вынесен приговор Жэнь Чжицяну

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жэнь Чжицян март айында Кытай лидери Си Цзиньпиндин дарегине ачуу сындарды жаадырып, коронавирус пандемиясындагы бийликтин аракетине каршы пикирин билдирген эле. Бул макала кытай лидеринин теле кайрылуусунан кийин чыккан. Макалада лидердин ысымы ачык аталган эмес. Адам укугун коргоо боюнча иш алып барган уюмдар Кытайды коррупция деген айыптоо менен диссиденттерди жазалап келе жатканын сынга алып келишкени бар.

Жэнь Чжицян мурда мамлекеттик ири Hua Yuan Property Company курулуш компаниясын жетектеген. Башкаруучу партиянын жогорку тепкичиндеги саясатчылар менен тыгыз байланышта болгону белгилүү. Анын макаласы жарялангандан кийин Жэнге каршы иликтөө башталганы тууралуу кабарлар чыккан. Кийин Бээжин аны Коммунисттик партиянын катарынан чыгарылганын билдирген.

Presentational grey line

Анализ: Стивен Макдонелл, Би-Би-Си Кытайдагы кабарчысы

Эгерде сиз Кытайда жашабаган босоңуз, анда Си Цзиньпинди коомчулук алдында ачык сыноо өтө чоң тобокел иш экенин элестете да албайсыз. Өкмөткө сын айтуу башка иш, ал эми лидерди "император болгусу келген жылаңач маскарапозго" теңөө чоң маселе. Бул коомчулук үчүн шок! Си Цзиньпиндин башкаруусу Маону кудайга теңеген доорду эске салат. Анын жакырчылык менен күрөшүү планын, демилгелерин катуу кубаттап келишет. Сини бир дагы маселеде сынга алышпайт. Ал эми партия элитасынын көз карашы менен алганда, өздөрүнүн катарында жүргөн Жэнь Чжицяндын аракети өтө эле ачык болду. Мамлекеттик курулуш компаниясынын мурдагы жетекчиси алардын чөйрөсүнө бекем кирген. Ошондуктан мындай кечирүүгө болбойт. Кытай өкмөтүнүн жогорку бийлигине карата жасалган кандай гана ишарат болбосун, тез арада жоюлушу зарыл. Мунун сот аркылуу жасоо жеңил. Анткени сот тутуму Коммунисттик партиянын колунда. Албетте, Жэнь Чжицян мындан качууга мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнгөн. Болжолу, мунун баарын моюнуна алып, анын ордуна ыңгайлуу камера алуу үмүтү болсо керек.