Apple iPhone смартфондорунда коронавирустун жайылышын көзөмөлдөгөн тиркеме

Сүрөттүн булагы, Apple/Getty
Apple компаниясы Covid-19 вирусунун жайылышын көзөмөлдөгөн тиркеме чыгарды. Бул программаны iPhone смарфондорунун колдонуучулары атайын жүктөп алуусунун деле кереги жок.
Альтернатива катары Apple компаниясы кардарларын Exposure Notifications Express (ENE) же "Коркунуч тууралуу экспресс эскертме" программасына катышууга чакырууда. Бул аркылуу телефон 14 күн бою жакын келген башка уюлдук телефондорду каттап турат. Эгерде ошол телефондордун колдонуучулардын бири коронавируска кабылган болсо, тиркеме эскертүү жөнөтөт.
Бул кадам дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттерге өзүнүн тиркемеси иштеп чыкпай эле Apple компаниясыныкын колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Эгерде колдонуучу коронавируска кабылганын билип калса, өзү дагы тиркеме аркылуу эскертүүлөрдү жөнөтө алат. Бул тиркеме жаңы iOS 13.7 системасы менен бардык iPhone смартфондоруна тарайт.
Exposure Notifications Express программасын өкмөт мекемелери дагы колдоп, социалдык аралыкты сактоо үчүн канча метр аралыкта тууру керек деген өз шарттарын киргизе алат.
Бүгүнкү күнү жыйырма мамлекет өздөрүнүн тиркемесин чыгарган.
Бирок мындай программалар кызуу талкууну жаратты. Айталы, окумуштуулар коронавирустун жайылышын көзөмөлдөгөн тиркемелер жарандарды көзөмөлдөө, жеке маалымат топтоо үчүн колдонулушу ыктымал экенин эскертишүүдө.
Android смартфондорунда дагы тиркеме бар

Сүрөттүн булагы, Google/Getty
Android системасы дагы өзүнүн тиркемесин чыгарууда. Анын дагы аты Exposure Notifications Express же "Коркунуч тууралуу экспресс эскертме".
Бирок Apple компаниясынан айырмаланып, Google коронавируска байланыштуу шарттарын алдын ала жүктөп коет. Саламаттыкты сактоо мекемелери ал шарттарды кеңейте алат.
"Exposure Notifications Express саламаттыкты сактоо тармагындагы расмийлерге кошумча жардам болот. Бул технология колдонуучулардын жеке маалыматын эч ачыктабай коронавируска байланыштуу эскертмелерди гана берет",-деп айтылат Apple жана Google компанияларынын бирге жасалган билдирүүсүндө.


































