Франция коронавирустун жайылышын көзөмөлдөгөн тиркемени чыгарды

Cedric O and French app

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, StopCovid France тиркемеси вирустун жайылышынын экинчи толкунун токтотуу үчүн чыгарылган
Published

Франциянын санариптештирүү боюнча министри Covid-19 вирусунун жайылышын көзөмөлдөгөн тиркемени 24 саат ичинде алты жүз миң киши жүктөн алганын маалымдады.

StopCovid France тиркемеси вирустун жайылышынын экинчи толкунун токтотуу үчүн чыгарылган. Тиркеме смартфондун ээси жанына жакын барган кишилерди каттоого алат. Кийин алардан вирус аныкталса, тиркеме коңгуроо кагат.

Учурда мындай тиркемелерди Европанын башка мамлекеттери дагы чыгарууну талкуулап жатат. Британиянын саламаттыкты сактоо министри жакында өлкөдө дагы дал ушундай тиркемени жарандарга сунушталат деп белгиледи. Латвия, Италия жана Швейцария дагы вирустун жайылышын көзөмөлдөгөн программанын үстүнөн иштеп жатат.

Бирок StopCovid France тиркемеси кызуу талкуу-талашка туш болду. Апрель айында жүздөгөн окумуштуулар Франциянын бийлигине кат жолдоп, мындай тиркеме жарандарды көзөмөлдөө, жеке маалымат топтоо үчүн колдонулушу ыктымал экенин эскертишкен.

Ага карабастан парламент депуттатары өкмөткө тиркеме чыгарууга уруксат берген эле. Депутаттар көз карандысыз маалымат купуялуулугун көзөмөлдөгөн компаниянын анализине таянган. Анда компания айрым өзгөртүүлөр киргизилсе, StopCovid France жеке маалыматты уурдай албайт, жарандарга көзөмөл жүргүзбөйт деген тыянак чыгарган.

Индияда кытайлык программаларды таап чыккан атайын тиркеме ишке кирди

Remove China Apps

Сүрөттүн булагы, OneTouch Apps

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы программа смартфондогу Кытай чыгарган тиркемелерди аныктап берет

Андроид системасына ылайыкташкан тиркеме смартфондогу Кытайда чыгарылган программаларды аныктап берет. Индияда чыгарылган тиркеме май айында колдонуучуларга сунушталган. Андан бери миллиондон ашуун киши тиркемени өз телефондоруна жүктөп алды.

Учурда чек арадагы жер талашынан улам Индия менен Кытайдын мамилеси чыңалып турат. Май айында 5 миң метр бийиктикте жайгашкан аймакта эки өлкөнүн ондогон чек арачысы мушташа кеткен. Жети кытайлык жана төрт индиялык аскер жаракат алганы кабарланган.

Май айындагы окуядан кийин Кытай талаштуу аймакка кошумча аскер жөнөткөнүнө Дели кескин нааразылыгын билдирди. Эки өлкө чек арасындагы 3400 чакырым тилке боюнча талаш чечилбей келе жатат.

Remove China Apps service же Кытайдын тиркемелерин өчүрүү кызматы тиркемеси TikTok, Zoom сыяктуу дагы программаларды өчүрүп сал деген кеңеш берет. Анткени Zoom Калифорнияда негизделгени менен, аны кытайлык ишкер ойлоп тапкан. Ал эми TikTok тиркемесине Бээжинде жайгашкан Bytedance компаниясы ээлик кылат.

Индиялыктар тиркеме тууралуу коомдук тармактарда талкуу жүргүзүп, TikTok же Zoom программаларынын альтернативасын колдонууга чакырышууда. Мисалы, индиялык инженер Сонам Вангчук кытайлык программалар кооптуу экенин, ал аркылуу тыңчылык кылуу мүмкүн экенин айткан видеосун эки миллиондон ашуун киши көрдү.

Two women wearing protective facemasks stand inside a shopping mall in Bangkok on 5 February 2020.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы коронавирустан улам түзүлгөн синофобия дүйнөнүн булуң бурчунда ар түрдүү формада көрсөтүлүүдө

Сынчылар болсо, бул тиркеме Кытайга каршы маанайды күчөтүп, стереотиптерге түрткү болуп жатканын айтышууда. Учурда Covid-19 вирусунан улам дүйнөдө Кытайга каршы маанай курчуганы белгилүү.

Кытай жана кытайлыктарга каршы маанай же синофобия бир нече кылымдан бери келе жаткан көрүнүш. Адистер коронавирус түзгөн коркунуч дүйнөнүн Кытай менен татаал мамилесин ашкерелегенин айтууда.

Кытай дүйнөдө синофобия күч алып жатканын түшүнөт жана ага каршы чара көрүүдө. Соңку айларда Кытайдын мамлекеттик маалымат агенттиктери англис тилдүү абройлуу басылмалардын макалаларын сындап, журналисттер "расизм менен дискриминацияны" жайылтып жатат деген доомат койгон. (AT)