Коронавирус: АКШ штаттарына чектөө чаралары киргизилди

Published

Нью-Йорк, Нью-Жерси жана Коннектикут вирус кеңири жайылган штаттардан келгендер 14 күн карантинге алынат деп эскертишти.

Нью-Жерси штатынын губернатору Фил Мерфи үч штат "тозокко барып келгендей эле болду" деп айтып, вирустун экинчи толкунуна туруштук бере албайт деп кошумчалады.

Учурда АКШнын түштүк жана батыш штаттарында коронавируска кабылгандардын саны рекорддук деңгээлге чыкты. Вашингтон университети божомолуна ылайык, АКШда октябрь айына чейин 180 миң адам вирустан көз жумат. Эгерде америкалыктардын 95 пайызы беткап кийсе, анда бул сат 146 миңге төмөндөйт.

Бүгүнкү күнү АКШда 2.3 миллиондон ашуун адам вируска кабылды жана 121 миң киши каза тапты. Саламаттыкты сактоо тармагынын эксперттери, бул жума вирустун жайылышын токтотуу үчүн абдан орчундуу экенин белгиледи.

Кошмо Штаттарынын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун жетекчиси Энтони Фаучи депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, "инфекциянын саны кескин өскөнү үрөй учурат" жана "вирус коомчулукка кеңири тарап кеткенин" билдирди.

"План А, үйдөн чыкпай, эл топтошкон жерге барбагыла. План Б, барууга аргасыз болсоңор, сөзсүз беткап кийгиле",-деп кеңеш берди Фаучи.

Кайсыл штаттан келгендерге чектөө киргизилди?

Нью-Йорк штатынын губернатору Алабама, Арканзас, Аризона, Флорида, Түндүк Каролина, Түштүк Каролина, Техас, Вашингтон жана Юта штаттарынан келгендер 14 күнгө карантинге алынат деп маалымдады.

Өзүн изоляцияда кармоо эрежелерин сактабагандарга бир миң доллар айып пул салынат. Эгерде эрежени экинчи жолу бузган болсо беш миң доллар айып пулга жыгылат. Нью-Йорк, Нью-Жерси жана Коннектикуттун лидерлери бул штаттарда коронавируска кабылгандардын саны кыскаргандан кийин гана чектөөлөр алынат деп жарыялашты.