You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Билбейм кайдан жуктурдум": Кыргызстанда коронавирус кулачын жайды
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстанда коронавирус кулачын жайып, ага чалдыккандар эми ондоп эмес, жүздөп санала баштады. Бейтаптардын көптүгүнөн Бишкектеги эки оорукана жана бир мейманкана коронавирус жуктургандарга ылайыкталып жатканы белгилүү болду.
Кырдаал курчуп кетсе, өкмөт айрым аймактарда кайрадан чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экенин эскертти.
"Билбейм кайдан жуктурдум"
Рахматулла коронавирус илдети менен алышканына он күндөн ашты.
"Башында кыска-кыска жөтөл пайда болду. Андан кийин алдан, күчтөн тайып төшөккө жатып калдым. Температурам көтөрүлүп, башым катуу ооруду. Алгачкы күндөрү канымда кислород жетишпей, жасалма дем алдыруу аппаратын коюшту, ошону менен азыр кыйла жакшы болуп калдым".
Ал илдетти кайсы жерден жуктуруп алганын билбей жатат:
"Карантин маалында эл аралап кайрымдуулук жасап, азык-түлүк таркатып жүргөнбүз. Ал убакта коргоочу кийим, каражаттар колдонуп, бирок акыркы күндөрү элдер көчөдө ачык жүрсө, биз да ээрсип кетик окшойт. Беткап кийбей, антисептик колдонбой көчөдө жүрүп калгам. Базарларга барып жаткам, кайсы жерден жуктурдум билбейм".
Соңку суткада вирустун жаңы 205 учуру катталды. Бул оору алгач аныкталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус жуктургандардын бешөө Жогорку Кеңеш депутаттары экени да белгилүү болду, бирок парламент алардын аты-жөнүн ачык айткан жок.
Бейтаптар үчүн ооруканаларда орун жетишсиз болуп жатканы тууралуу талкуулар күчөп, бүгүн саламаттыкты сактоо министри бул боюнча жообун берди:
"Азыр тест аркылуу вирус бар экени аныкталгандар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар поликлиникасында, Кыргыз-түрк бейтапканасында, Улуттук фзиатрия борборуна жаткырылып жатат. Оорунун белгилери бар, бирок тест аркылуу коронавирус аныкталбагандар №6 поликлиникага жаткырылууда. Улуттук госпиталда дагы 130 орун даярдадык. Эми №1 оорукананы жана "Ак-Кеме" мейманканасын стационарга караштырып жатабыз", -деди Сабыржан Абдыкеримов.
Мындан тышкары коронавирус аныкталгандар менен байланышта болгондор үчүн "Манас" аэпортуна жакын Ганси авиабазасында 600 кишилик обсервация иштеп жатат.
Ал тапта коомдук сайттарда карантин маалында кошумча оорукана, лаборатория кура албаган өкмөткө сындар күчөп, донорлордон келген акчалардын эсеби суралып жатат.
"Илимий кеңеш комитети убагында бир катар сунуштарды бергенбиз. Башка өлкөлөрдүн бүт бардыгы эле пандемия башталганда коронавируска каршы, бирок кийин колдонсо болчудай ооруканаларды курушту. Тилекке каршы, биз бул иштерди жасай алган жокпуз. Бизге келген акчалар, жардамдардын көпчүлүгү дары-дармек, өздүк коргонуу каражаттарын сатып алууларга колдонулуп кетти",-деди мурунку Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.
Өткөн апта соңунда президент тар курамда Коопсуздук Кеңешинин жыйынын куруп, вирусту оздуктоодо өкмөттүн жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин жетишсиз деп баалаган.
Көп өтпөй Кубатбек Боронов вирус менен күрөшүүдө жаңы эрежелер киргизилип жаткандыгын айтып чыкты.
"Ал эрежелерди жакынкы аралыкта Бишкекке киргизсекпи деген ойдобуз. Дем алыш күндөрү коомдук транспорттун ишин токтотуу жарандарды илдеттен бир топ сактайт. "Дем алыш күндөрү үй-бүлөң менен бол" деген чакырык кабыл алганы жатабыз".
Мындан тышкары Бишкек шаары менен аймактардын ортосундагы каттамды чектелгени жатат.
Өкмөт мындан катаал чараларга баруудан батынбай турат шекилдүү. Ансыз да өлкө экономикасы 2,5 айга созулган карантинде миллиарддаган чыгымдар тартып, жаңы премьер-министр үчүн экономиканы кайра жандантуу оңойго турбашы белгилүү болуп турат.
Ортодо айрым саясий күчтөр да активдеше баштады. 1-июлда Бишкекте бийликке каршы митинг өтөрү тууралуу талкуулар жүрүп, бирок аны ким өткөрөрү ачык айтыла элек.