"Аскат Жетигенди кыйнашкан". Депутат Элвира Сурабалдиева абактагы акынды бошотуу маселесин көтөрдү

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Жогорку Кеңештин депутаты парламенттин бүгүнкү жыйынында президентке жана УКМК жетекчилигине ыраазычылык билдирип, "саясий жумшаруунун" алкагында бошотулган төрт жарандын - Бакай Кудайбергеновдун, Эсен Мусаевдин, Абай Садыралиевдин жана Бактыбек Балтабаевдин атын атап өттү. Ошону менен бирге Аскат Жетигенди да бошотуу суранычын айтты.

"Менден сураныч, азыр бизде Аскат Жетиген деген жараныбыз камакта. Анын ырайым сурабаганынын дагы бир себеби, угушумча, аябай сабалыптыр. Кыргыздардын мүнөзү кандай? Сабалса, көгөрүп отуруп алып, эч нерсе сурабай коёбуз да. Мүнөзү ошондой бала окшойт. Суранат элем, ал баланы да бошотуп бериңиз. Акындарыбыз камалбасын, отурбасын. Кызуу мүнөздүү кыргыз сүйлөп койсо, эртеси күнү куугунтукталбасын. Парламентте деле 90 депутатты сөккөн учурлар болду. Ал адамды деле кечирип жүрбөдүк беле", — деди Сурабалдиева.

Ал бул өтүнүчүн 25-июнда парламентте "Маданият жөнүндөгү" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан кезде айтты.

"Саясий жумшаруу" дегенде Сурабалдиева 10-февралда президент УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди кызматтан алган мезгилден кийинки убакытты эске алып жаткандай.

Депутаттын суранычына укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси, Аскат Жетигенге укуктук жардам көрсөтүп келе жаткан Гүлшайыр Абдирасулова пикирин билдирди.

"Акын Аскат Жетиген 2024-жылдын март айында камакка алынып, үч жылга эркинен ажыратылган. 2025-жылдын март айында Жогорку сот бул айыптоо өкүмүн күчүндө калтырган. Ал кармалган учурдан тартып өкүм чыкканга чейин Жогорку Кеңештин бир дагы депутаты бул жазанын негиздүүлүгү жана ылайыктуулугу боюнча маселе көтөргөн эмес. Анан калса, депутаттын ал адамды абактан чыгарылышына бир ай гана калганда «кечирип, бошотууну» суранып чыгышы өтө таң калычтуу. Бирок депутаттын «Аскатты катуу сабашкан, ошондуктан ал ырайым суроодон баш тарткан» деген сөздөрү мен үчүн андан да өтө таң калычтуу көрүнөт. Аскатты жөн эле сабашкан эмес, аны кыйноого алышкан. Ал кыйноолор тууралуу башынан эле ачык айтып келген: так жерди, кызматкерлердин атын, кыйноонун түрлөрүн атаган. Бирок кылмыш иши ушул кезге чейин козголгон жок. Менин оюмча, депутаттар эгерде Аскаттын адам укуктары жөнүндө сөз кылалы дешсе, дал ушул маселени көтөрүшү керек болчу. Тергөө кайсы баскычта экенин, эмне үчүн иш козголбой жатканын жана Аскаттын кыйноо боюнча арызы эмне үчүн ушул күнгө чейин суракка алынбаганын сурашы керек эле", - деди укук коргоочу.

Акын Аскат Жетиген Молдовановкадагы абакта жазасын өтөп жатат жана буга чейин анын жаза мөөнөтү быйыл аяктай турганы айтылган.

Ал коомчулукка ырчы, комузчу, обончу, композитор жана акын катары белгилүү. Ал 18 жаш курагында "Ордо Сахна" фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеп, чыгармачыл жамаат менен бирге дүйнөнүн жыйырмадан ашык өлкөсүндө өнөр көрсөткөн.

Жарандык активист жана музыкант Аскат Жетигенге карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) эки өзүнчө кылмыш ишин козгогон. Биринчи иш 2021-жылдын март айында жарыялаган видео кайрылуусуна байланыштуу болуп, ага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти басып алууга ачык чакырык жасоо") боюнча айып тагылган. Экинчи кылмыш иши 2024-жылдын 15-мартындагы видео кайрылуусунан кийин козголуп, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Массалык башаламандыктарга чакыруу") менен байланыштуу болгон.

2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту Аскат Жетигенди 327-берене боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ошол эле учурда 278-берененин 3-бөлүгү боюнча коюлган айып далилденген эмес деп табылып, ал бул эпизод боюнча акталган. Кийинчерээк жогорку соттук инстанциялар дагы биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Быйыл февралдан бери айрым активисттерге жана журналисттерге байланыштуу сот чечимдери өзгөргөн, кээ бири акталып, айрымдарына ырайым берилген.

Беш жылга эркинен ажыратылган жарандык активист Адилет Балтабайга президент өткөн айда ырайым берген.

Жогорку сот 10-мартта "Айт Айт Десе", Temirov LIVE долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызына чыккан буга чейинки бардык өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөткөн.

Мындан тышкары Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар акталган.

Жарандык коом бул иштерди оң баалаган.

Ал эми Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирген. Аскат Алагөзов укук коргоо органдарына мүмкүн болгон жана мыйзамга каршы келбеген учурларда камакка алуу менен байланышпаган чараларды көрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүү сунушталарын айткан.

Бирок айрым активисттер кырдаал өзгөрбөгөнүн, бийликке сын айткан активисттерге кылмыш иши козголгон учурлар азыр да бар экенин белгилеп келишет.