Жаңы спикер, эски таасирлер: Жогорку Кеңеште эми кимдин таасири күчтүү?

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы биринчи сессиясын жыйынтыктап жатат. Бул кыска убакыт аралыгында парламентте бир катар олуттуу саясий окуялар орун алды. Сессияны жалпы жонунан саясий драмага бай болду деп мүнөздөсөк жарашчудай.

Бул чакырылыш башынан эле өлкөдөгү эки негизги саясий фигура - президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тымызын саясий тирешинин фонунда ишин баштады. Бул эки саясий фигура 2020-жылы бийликке тандемдеш болуп келгени менен, мамилеси сууп баратканы айтылган мезгилде - былтыр парламенттик шайлоо өткөн эле.

24-июндагы басма сөз жыйынында спикер Марлен Маматалиев депутаттардын шайлоодо жеңип чыгар-чыкпасын айрым саясий күчтөр жеке көзөмөлдөгөн деген ойду кыйытты:

"Чын айтайын, өтө чоң азаптан өттүм. Кыйноолордон, адилетсиздиктен өттүм. Айтай турган көп нерселер бар. Айтайын дегеним, Кудайдын, элдин колдоосу менен араң эле өтүп (ред. шайлоодон) келип алдым. Өтө турган тизмеде каралган эмесмин".

Ошентип, спикердин бул сөзү парламент ишин баштай электе эле кулуарларда депутаттар "президенттин" жана "атайын кызматтын кишиси " болуп бөлүнө баштаганы тууралуу маалыматтарды ырастагандай болду.

Экс-депутат Исхак Масалиев спикердин бул сөзүнөн кийин парламенттин легитимдүүлүгү тууралуу маселе көтөрдү:

"Депутат боло тургандардын тизмеси алдын ала бекитилсе, учурдагы ЖК курамы мыйзамдуубу? Чын болсо, кылмыштын белгилери көрүнөт".

"75 лидердин каты"

Бул чакырылышты саясий чырга кептеген окуя - коомчулукта "75чилердин каты" деп аталган кайрылуу болду. Анда мөөнөтүнөн мурда өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүү сунушталган эле. Бул кат парламент ичиндеги саясий чыңалууну жана топтук каршылыктарды ачыкка чыгарды. Учурда бул каттын мазмунуна жана ага демилгечи болгон күчтөрдүн аракеттерине байланыштуу иштер сотто каралып, парламент ичинде президентке каршы аракеттер болгон-болбогону такталууда.

10-февралда президент Камчыбек Ташиевди атайын кызматтын жетекчилик кызматынан күтүүсүз четтеткен. Анын себебин дал ушул катка байланыштырышууда. 9-февралда мурунку премьер-министр, экс-депутаттардан жана интеллигенция өкүлдөрүнөн турган 75 киши президент Садыр Жапаровго жана ал кездеги спикер Нурланбек Тургунбек уулуна кат жолдоп, анда тезинен президенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгы айтылат.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганын, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.

Мандат тапшыруу марафону

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан алынгандан кийин жаңы шайланган депутаттардын бир бөлүгү, ташиевчил делген эл өкүлдөрү мандаттарын тапшыра башташты. Жалпысынан ондой депутат кетти. Айрымдар муну Ташиевди колдоо иретиндеги саясий демарш катары баалашса, башкалары муну парламент ичиндеги саясий күчтөрдү кайра бөлүштүрүү процесси дешти.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кечээ журналисттерге мандатын тапшырган депутаттар тууралуу түшүндүрмө берди. Спикер мандат тапшыруу маселесин ар бир депутат өзү чечерин, аларга карата басым-кысым болбогонун белгиледи: "Мен алардын экөөнө чалып сүйлөштүм. Өз эрки менен тапшырганын айтышты".

Бирок төрага мандатын өз эрки менен тапшыргандардын 75 адамдын кайрылуусуна тиешеси бар депутаттар болгонун четке каккан жок.

Спикер алмашты

Аталган каттан чыккан ызы-чуунун фонунда депутаттардын жоон тобу эле эмес, парламент жетекчилигинде да өзгөрүү болду. Спикер алмашып, орду бекем көрүнгөн мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти, анын ордуна 12-февралда жашыраак саясатчы Марлен Маматалиев келди.

Жалпысынан Маматалиев соңку үч айдагы өзүнүн ишмердигине ичи чыгат:

"Келгенде эле бирден-бир багытым - парламентти бөлбөш керек, парламентте баары бир туугандай болуп, бирдей мамиле болушу керек дедим. Аппарат беш-алты эле кишиге иштебей, баарына бирдей иштеш керек дедим. Ал ишке ашты, бүгүн бөлүнүү жок. "Биздики", "башка", "шайка" деген жок. Мурда "бригада " деген болчу. Ал жок".

Жаңы спикер, ага чейин катардагы депутат болуп келген Марлен Маматалиев мыйзам долбоорлорун сунуштоо боюнча парламентте рекордсмен. Бул чакырылышта ондогон долбоор жазды. Алардын басымдуу бөлүгү — шайлоо тууралуу мыйзамдар. Депутаттар каникулга чыгып баратып, Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча мыйзамга пакеттик түрдө өзгөртүүлөрдү кабыл алышты, анда бир топ жаңылыктар кирди.

Бирок спикер Маматалиевдин саясий компетенттүүлүгү тууралуу пикирлер дагы бар.

"Парламентте азыр саясий топтор жок, ал жакта биримдик жана толук түшүнүшүү бар деп Марлен Маматалиев кезектеги жолу өз ролун толук түшүнө бербегенин көрсөттү. Ал бул сөздү кыргыз эли үчүн жасалган чоң жетишкендик катары айтып жатат. Марлен, эгер парламентте атаандаш болгон саясий күчтөр болбосо, атаандаштык көчөгө чыгат. Ошондо Ташиевдин "азыркы жымжырттыкка ишенбеш кереr" дегени чын чыгып калышы мүмкүн ", - деп жазды белгилүү адвокат Нурбек Токтакунов.

Ушул окуялардын фонунда Жогорку Кеңештин жалпы ролу тууралуу суроо дагы да актуалдуу болуп калды. Кыргызстан формалдуу түрдө президенттик башкаруудагы өлкө болгону менен, парламенттин институттук орду жана реалдуу таасири коомдо талкуу жараткан темага айланды. Айрымдар парламентти «өз алдынча саясий борбор» эмес, чечимдерди бекитүүчү механизм катары мүнөздөп жатышат. Бирок спикер муну четке какты.

Ошол эле учурда, парламент мыйзам чыгаруу функциясын сактап калууда. Бирок анын орган катары саясий салмагы жана ички тең салмактуулугу тууралуу суроолор ачык бойдон калууда.

"Балким, азыр трибунадан азыраак кыйкырып, азыраак сүйлөп калып жатабыз. Эми ал деген... бүгүнкү парламенттин табияты ушундай. Мурда парламенттик-президенттик башкаруу формасы болгонго байланыштуу башка заман эле. Министрлер кабинетин түптөйт эле, министрлерди дайындайт эле, премьер-министрди жумуштан кетирет элең. Эми азыр бизде андай функция жок, бизде мыйзамды жазуу жана аны көзөмөлдөө функциясы бар", — дейт Маматалиев.

Жыйынтыктап айтканда, 8-чакырылыштын биринчи сессиясы мыйзам чыгаруу процесси менен гана эмес, саясий динамикадагы олуттуу өзгөрүүлөр менен эсте калууда.