"Күйөөм Түркияда күнөөсүз абакта отурат". Анкарада кармалган кыргыз жаранынын үй-бүлөсү бийликке кайрылууда

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Түркиянын Анкара шаарында 22-май күнү 34 жаштагы кыргызстандык Эрмек Сабыржанов диний аалым Фетхулла Гүлендин ФЕТО кыймылына байланышы бар деп кармалганы айтылууда. Анын жубайы жолдошунун камакта негизсиз жатканын айтып, бийликке кайрылууда.

Көз жашын тыя албай отурган бул келин – үч баланын апасы Аделина Касымова. Ал бир ай мурун күйөөсү Эрмек Сабыржановдун Түркияда негизсиз кармалганын айтып, кыргыз бийлигине кайрылууда.

Анын маалымдашынча, 22-майда алар үй-бүлөсү менен Бишкектен Кипрге Анкара аркылуу эс алууга баратканда, жолдошун аэропортто кармап, ошол бойдон кое беришкен эмес.

"Аэропортто күйөөмдү суракка алганы алып кетип, азыр келет деген бойдон келген жок. Мен үч бала менен башка мамлекетте жалгыз калып калдым. Эртеси консулдуктагы тааныштардан сот болуптур деп билдик. Ошол сотто Анкарадагы Синжан деген түрмөдө калтырышыптыр. Үч бала менен жалгыз, өзүмдү жоготуп эле койдум. Мен ушуга чейин жолдошумдун өзүн да көрөлекмин, үнүн да угалекмин", - деди Аделина Касымова.

Маалыматтарда 34 жаштагы Эрмек Сабыржанов диний аалым Фетхулла Гүлендин ФЕТО кыймылына байланышы бар деп шектелип жатканы айтылууда.

Аделинанын айтымында, буга жолдошунун 10 жыл мурун Түркиянын Измир шаарындагы Гедиз университетинде окуганы гана себеп болушу мүмкүн. Ал күйөөсүнүн күнөөсүз абакта жатканын айтууда.

"Азыр баары эле балдарын чет өлкөдө окуткусу келет. Анан он бир жылдан кийин балаңды түрмөгө камап, отургузуп койсо, баарына эле жаман болот го. Бул маселени карап, чечиш керек деп ойлойм. Анткени, азыр биз запкы чегип жатабыз мунун айынан. Бул ар биринин башына келиши мүмкүн. Эч ким билбейт да, он жылдан кийин эмне болорун", - деди Аделина Касымова.

Аделина күйөөсүнө жолугуш үчүн Түркиядан адвокат жалдап, Анкарадагы тергөө абагына кирүүгө аракет кылган. Бирок майнап чыкпай, Кыргызстанга кайтууга туура келгенин айтат. Азыр үйдүн жалгыз багуучусу жок кыйналып, балдары атасын жоктоп турганына кейиди.

"Эрмек үйдүн жалгыз багуучусу болчу. Мен декреттемин. Үч бала менен жалгыз кыйын эле болуп жатат. Балдар улам "атам каякта" деп сурап жатышат, аларга жооп берүү да оор болууда. Жолдошумдун ата-энеси ажырашып кеткен, атасы менен катташпайт. Апасы каза болуп калган. Андыктан анын мен жана балдардан башка жакындары деле жок. Ошондуктан бийликтен суранып кетер элем, мен азыр жалгыз эле чуркап жүрөм, бул ишке көңүл бурулса жакшы болмок. Жолдошум өзү негизи түз жүргөн, дайыма үйүнө, үй-бүлөсунө жакшы караган ата. Балдардын эмдөөсү качан болорунан бери билчү, билет. Жолдошум үчүн үй-бүлөсү биринчи орунда турат. Балдарды биринчи орунга коюп, аларга убактыңды коротуп, мээрим бериш керек дечү, анткени өзү андайды көргөн эмес да. Балдар үчүн атанын ролу чоң деп айтчу дайым", - деди Аделина Касымова.

Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Түркиянын компетенттүү органдары менен тиешелүү иш алып барып жатканын жана Сабыржановдун жакындары менен тыгыз байланышта экенин билдирди.

"Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин консулу "Синджан" түрмөсүнө барып, Эрмек Сабыржанов менен жолугушуунун жүрүшүндө анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында тиешелүү консультациялар берилди", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева да Эрмек Сабыржановго байланыштуу Түркиянын Башкы Омбудсменине кат жолдогонун билдирген.

Былтыр Фетхулла Гүлендин кыймылына байланыштуу Түркияда кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу кармалганы белгилүү. Ага эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстанга чыгып кетүүгө уруксат берилген.