Венесуэлада катуу жер титирөө болду, Каракаста үйлөр талкаланды

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Шаршемби күнү кечинде Венесуэланын борборунун батыш тарабында магнитудасы 7,2 жана 7,5 болгон эки катуу жер силкинүү катталды. Натыйжада Каракаста имараттар кулады. Адистер курмандыктардын саны көп болорун болжолдошууда.

АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматы боюнча, экинчи жер титирөө биринчисинен бир мүнөт өтпөй кайталанган.

"Курмандыктар жана масштабдуу зыян болушу мүмкүн, ал эми кырсык өтө чоң масштабда деп болжолдонууда", - деп билдирди АКШнын Геологиялык кызматы. Алдын ала баалоолор боюнча, каза болгондордун саны 10 миңден 100 миңге чейин жетиши мүмкүн.

Бийлик азырынча каза болгондордун жана жабыркагандардын саны боюнча маалымат бере элек. Reuters агенттигинин кабарлоосуна караганда, Ички иштер министри Диосдадо Кабельо мамлекеттик телеканалдын эфиринде: "Каракаста айрым имараттар кулады", - деп билдирди.

Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин жарыялады. Ошондой эле, ал жер титирөөнүн кесепетинен келтирилген зыяндардан улам Каракастын эл аралык аэропорту жабылганын кабарлады.

Көптөгөн венесуэлалыктар жер титирөө учурунда үйлөрүндө болушкан - бул күнү өлкө Симон Боливардын армиясы испан аскерлерин жеңип, Венесуэланын көз карандысыздыгын камсыз кылган Карабобо салгылашуусу (1821-жыл) күнүн белгилеп жаткан эле.

Көчөгө чуркап чыккан Каракастын көптөгөн тургундары 1967-жылы болгон кыйратуучу жер титирөөнү эскеришти. Ал учурда борбор калаа Каракас эң көп жабыркаган. Шаардын Палос-Грандес жана Альтамира райондорунда турак жайлар кулаган. Жалпысынан ал кырсыкта 200дөн ашуун адам каза болгон.

Ички иштер министри Диосдадо Кабельо мамлекеттик телеканалда талкаланган имараттар тууралуу айтып жатып, дал ушул эки районду белгиледи. Министрдин айтымында, жер титирөө Трухильо, Яракуй, Карабобо, Арагуа, Миранда жана Ла-Гуайра штаттарында да сезилген.

Каракастын түштүк бөлүгүндө жашаган 80 жаштагы пенсионер Мария Ромеро Reuters агенттигине полиция ага үйдөн чыгууга жардам бергенин айтты. "Бул жер титирөө коркунучтуу болду, ал тургай 1967-жылдагыдан да катуу болду", - деп кошумчалады ал.

Чакао муниципалитетинин башчысы Густаво Дуке Саэс Каракастын бул бөлүгүндө кеминде эки имарат толугу менен кулап, башкалары олуттуу зыян тартканын билдирүүдө.

Анын айтымында, урандылардын астынан 18 адам куткарылды, учурда 500дөн ашуун куткаруучу окуя болгон жерде башка тургундарды эвакуациялоого аракет кылууда.

Ал ошондой эле дайынсыз жоголгон туугандарын издеп жаткан жергиликтүү тургундарды шаардын эки башкы аянтына - Альтамира жана Палос-Грандеске барууга чакырды. Ал жерде жергиликтүү бийлик маалыматтык жана жабыркагандарга суу менен башпаанек берүүчү тез жардам борборун түздү.