You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда президенттик шайлоонун күнү такталды
Жогорку Кеңеш 24-июнда президентти жана парламент депутаттарын шайлоо тартибин жөнгө салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорун 79 депутат колдоду.
Жаңы эрежеге ылайык, президенттик шайлоо өлкө башчысынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өтөт. Депутаттарды шайлоо да шаршемби күнү белгиленет. Добуш берүү күнү бардык мекемелер үчүн эмгек акы сакталган эс алуу күнү болуп эсептелет.
"Мыйзам боюнча президенттик шайлоо январдын акыркы жекшемби күнүндө деп белгиленген. Азыр эле биз сунуш киргизип айдын акыркы шаршемби күнү деп кабыл алып бердик. Ниет эмнеде болчу? Ниет кворум болсун, эл көбүрөөк шайлоого келсин деген болду. Качан болбосун шаардык кеңешке шайлоолорго элдин 15% келет дагы, анан шаардын тагдыры чечилбей жатат деп, шайлоого барбагандар бул жолу көп айтып жүрүшөт", - деди аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, спикер Марлен Маматалиев.
Буга чейинки мыйзамдар менен президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январына өтмөк эле. Бирок жаңы эсеп боюнча 2027-жылы январдын төртүнчү шаршембиси 27-январга туура келет. Ошондуктан шайлоо ошол күнү өткөнү жатат.
Мыйзамга шайлоо процессин жаңылоо жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган дагы бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Мисалы, "шайлоочунун дареги" деген түшүнүк алынып салынганы жатат. Анткени аралыктан добуш берүү системасы киргизилүүдө. Ошондой эле "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар" деген сөздүн ордуна "майыптыгы бар адамдар" деген түшүнүк колдонулат. Бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын саны 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт.
Талапкерлер жана партиялар үчүн да жаңы талаптар бар. Алар шайлоого катышуу үчүн алдын ала шайлоо фонду ачып, шайлоо күрөөсүн төлөшү керек болот. Эгер банк квитанциясынын түп нускасы болбосо, документтер кабыл алынбайт.
Мындан тышкары, кол топтоо процесси санарип форматка өтөт. Колтамгаларды онлайн, электрондук система аркылуу чогултуу мүмкүн болот. Мунун тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
Үгүт иштерине да чектөө киргизилет - ар бир шайлоо участогунда үчтөн ашык үгүтчү болбойт.
Демилгечилердин айтымында, бул өзгөртүүлөр шайлоо процессин ачык-айкын кылууга, каржылык көзөмөлдү күчөтүүгө жана санарип технологияларды киргизүүгө багытталган.
Маматалиев аталган мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн эми президентке жолдонорун, ал кол койгондон кийин күчүнө кирерин түшүндүрдү.