You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: Кыргызстанда сандар өсүүдө, Германия кайрадан карантинде
Соңку бир суткада Кыргызстанда 207 кишиден коронавирус аныкталды. Расмийлер сутка ичинде 4196 кишиден анализ алынганын билдирди. Вирус аныкталгандардын көбү - 92 киши Бишкек шаарынан. Баш калаада күн сайын көсрөткүчтөр жогору болуп жатканына тынчсыздануулар айтылууда.
Ош шаары - 43, Чүй - 35, Ош облусу - 28, Нарын -5, Ысык-Көл -2, Жалал-Абад менен Таласта бирден учур катталды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустан 48 жаштагы бейтап каза тапканын кабарлады. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери 42 киши каза таап, вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 3726 кишиге жетти.
Германиянын эки аймагы кайрадан карантинде
Германиянын бийлиги Түндүк Рейн-Вестфалия штатынын эки аймагына кайрадан карантин чектөөлөрүн киргизди. Аймакта коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп, беш жүз миңден ашуун киши карантинде.
Түндүк Рейн-Вестфалиядагы эт заводунда 1500 кызматкерге вирус жукканы аныкталды. Штаттын саламаттыкты сактоо министри калкты коргоо үчүн карантин чараларын кайрадан киргизүүгө аргасыз болуп жатканын билдирди. Коңшу Варендорф аймагы дагы чектөөлөрдү киргизди.
Эки аймакта музей, кинотеатр, спорт залдары жабылат. Ресторандар үйгө гана тамак-аш жеткирүүгө укуктуу. Ошондой эле социалдык аралыкты сактоо эрежелери бекем сакталып, коомдук жайларда чогулууга тыюу салынат. Бейшемби күнү мектептер жана бала бакчалар дагы жабылат.
Вирустун очогуна айланган эт заводунда иштеген кызматкерлердин баары үй карантинине алынды. Үч полиция бөлүмү үй карантиндин сакталышын көзөмөлгө алууда. Завод кызматкерлери жашаган имараттар курчоого алынып, аларга бекер азык-түлүк жеткирилүүдө. Заводдо негизинен чет өлкөдөн келген мигранттар иштейт.
Аймакта жашагандар өлкө ичинде саякаттаса болот. Жаңы карантин чаралары буга тоскоолдук жаратпайт. Бирок расмийлер Түндүк Рейн-Вестфалиянын тургундарын кооптуу жагдайдан улам башка аймактарга баруудан кармануугу өтүндү.
Германия май айында өлкөдөгү карантин чектөөлөрүн жеңилдете баштаган. Буга чейин өлкө вирустун жайылышын натыйжалуу токтотту деп айтылган.
Түндүк Рейн-Вестфалия штатынын расмийлери канцлер Ангела Меркелден карантин чараларын жеңилдетүүнү суранган аймактардын бири эле. Германиянын штаттары борбордук бийликтен өз алдынча саясат жүргүзүүгө, чечим кабыл алууга укуктуу. Жалпы санды алганда өлкөдө вирусту жуктургандар саны салыштырмалуу аз. Бирок соңку күндөрү вируска кабылгандардын саны кескин өсүп, жергиликтүү эксперттер вирустун жайылышынын экинчи толкуну болушу мүмкүн экенин эскертишти.