You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Алагөзов: Өзбекстандын аймагындагы эки айыл Кыргызстанга өттү
Кыргызстан Өзбекстан менен жер айырбаштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Алар – мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төпе айылдары. Бул айылдарда этникалык кыргыздар жашайт",- делет бул тууралуу билдирүүдө.
Алагөзовдун айтымында, эми бул эки айылда каттоо иштери жүрүп, жашоочуларына Кыргызстандын жарандыгы берилет. Бул айылдардын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер бергени да маалым болду.
"Мындан сырткары, Сай айылынан Таян айылын көздөй жол салууга 236 гектар теңме-тең жерлер алмашылды. Кудай буюрса, мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 километр жол басып айланып жүрбөй, Сай айылынан Таян айылы аркылуу Баткенге чейин 55 километр жол жүрөбүз.
Ошондой эле казак элине таандык болуп калган Токмоктун тушундагы 800 метр жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча дагы боордошторубузга сунуш бердик.
Бул жол Алматы көчөсүнөн баштап Кеминге чейин (болжол менен 150 км) төлөнүүчү автомагистраль болмокчу", - дейт Алагөзов.
Ал бул маселелерди саясатташтырбоого чакырды.
Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөнү айтылган.