You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: Меркель кризис жаңы башталганын билдирди, Европада футбол беттештери уланабы?
Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө 2,6 миллион киши Covid-19 вирусуна кабылды, 186 миңге чукул адам көз жумду, 727 миң бейтап вирустан сакайды.
Европада абал оңолуп бара жатат. Испанияда 22 миңден ашуун киши вирустан көз жумганы менен өлкөдө Covid-19 инфекциясынын жайылышы ооздукталганы байкалууда. Ошондуктан Испан өкмөтү майдын ортосунан тарта айрым чектөөлөр жеңилдетилет деп билдирди.
Ал аңгыча, Германиянын канцлери Ангела Меркель Европа Биримдигинин коронавируска каршы күрөшүү боюнча бюджетин көбөйтүүгө макул болду.
"Биз бул вирус менен дагы далайга чейин күрөшөбүз",- деп билдирди Меркель. Германия лидеринин айтымында, азыркы учур "кризистин акыркы фазасы эмес, дагы деле башталышы".
Евробиримдикке кошумча каражат бөлгөндөн тышкары Германия өкмөтү ички экономикага жардам берүү үчүн 10,8 миллиард евро бөлөт. Ошондой эле бизнестер айрым салыктардан бошотулду. Кайсыл тармакта иштебесин, бардык жарандарга социалдык колдоо көрсөтүлүп, жумушсуз калгандарга мурдагы маянасынын 70-77 пайызы өкмөт тарабынан төлөнөрү жарыяланды. Балдарын үйдө окутууга мажбур болгон ата-энелерге компьютер сатып алууга дагы каражат бөлүнөт.
Европа Биримдигинин атайын фонду
Европа Биримдигинин лидерлери видео байланыш аркылуу жыйын өткөрүп, коронавирустан эң катуу жабыркаган мамлекеттер менен компанияларга колдоо көрсөтүү үчүн атайын фонд түзүүгө макул болушту. Ал бир нече айдан кийин ишин баштайт жана фондго 540 миллиард евро дароо которулат.
Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен алдыдагы айларда фондго которулган каражатты бир триллион еврого жеткирүү аракети болоорун дагы кошумчалады. Бирок фонддогу каражат кантип бөлүштүрүлөрү боюнча азырынча мунаса табыла элек.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон коронавирустан эң катуу жабыркаган Испания менен Италияга каржылык жардам көрсөткөндөн кийин аны Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер бөлүп төлөсө болорун айтты. Бирок бул сунушка Германия, Австрия, Нидерланддар, Дания жана Швеция каршы чыкты.
Видео жыйындан кийин президент Макрон сүйлөшүү учурунда каражат грант же насыя катары берилеби деген суроого дагы мунаса табылбай калганын билдирди.
Дүйнөдө эмне болуп жатат?
Ухандагы коронавируска байланыштуу абал тууралуу ачык жазып чыккан журналист Ли Цзэхуа кайрадан эл алдына чыкты. Ал эки ай мурун дайынсыз кетип, кызуу талкуулар күчөгөн.
Журналист акыркы жолу 26-февралда видео жарыялаган. Анда аны коопсуздук кызматкерлери кысымга алып, чыныгы абалды чагылдырууда тоскоолдуктар болуп жатканын айткан. Ли Цзэхуа жаңы видеосунда эки ай бою карантинде жатканын айтты.
АКШда болсо соңку жумада 4,4 миллион киши жумушсуз калганын билдирип, өкмөттөн жардам сурады. Демек, кошмо штаттарында коронавирус пандемиясы башталгандан бери 26 миллиондон ашуун киши жөлөк пул сурап, өкмөткө кайрылды же калктын жумушка жарамдуу 15 пайызы иш издеп жатат. Бул өлкө тарыхындагы эң ири кризис катары бааланууда.
АКШ чакан бизнеске жардам көрсөтүү үчүн 349 миллиард доллар бөлгөн. Бирок бул акча эки аптанын ичинде сарпталып, жетишсиз болуп калганы айтылууда. Кошмо штаттарында 848 миңден ашуун киши вируска чалдыгып, 47 миңден ашуун адам көз жумду.
Коронавирус жана футбол
Германиянын Бундеслигасы кайрадан беттештерин баштаган Европадагы алгачкы футбол лигасы болуп калышы ыктымал. Бейшемби күнү лиганын жетекчилери жыйын өткөрүп, 9-майдан тарта оюндарды кайрадан улантуу боюнча сунуштарын айтты.
Бирок бул сунушту канцлер Ангела Меркель менен Федералдык бийлик дагы колдошу керек. Футболдук беттештерди улантуу боюнча чечим 30-апрелде кабыл алынат.
Беларусь коронавирустан улам футбол лигасын токтотпогон Европадагы жалгыз мамлекет. Күйөрмандар дагы беттешке келүүдө. Бирок алардын арасында кооптонуп жатканын айткандар бар.
Ал тапта УЕФА Евро-2020 эмдиги жылга жылдырылса дагы, аты ошол бойдон каларын билдирди.
"УЕФА мелдешти Европа кубогунун (1960-2020) алтымыш жылдыгына арнагысы келген. Азыркы чечим бул ниетибизди ишке ашырат",- деп айтылат УЕФА расмий билдирүүсүндө.