Кыргызстанда эпидемия туу чокусуна жеттиби?

Published

Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун туу чокусу расмийлердин божомолуна ылайык, ушул күндөргө туш келмек. Бирок божомол эмнеге негизделген?

Вирустун эң көп кишиге жугушу 20-24 апрелдерге туш келерин президент, андан кийин Саламаттык сактоо министрлиги билдирген.

Президент өз сөзүндө өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин 30-40 күндө эң бийик чекке жетээри дүйнө өлкөлөрүндө көрүнүп жатканын айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин божомолдору азырынча ошол боюнча.

“Азыр кырдаалга байкоо жүргүзүлүп жатат. Башка жаңы божомол тууралуу сөз жок. Прогноз биздин алдыңкы вирусологдордун, эпидемиологдордун эсептерине таянып чыгарылды”, - деди саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Елена Баялинова.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Би-Би-Сиге билдиргендей, оорунун жайылуусунун бийик деңгээлине дүйнө жете элек.

“Бир да өлкө экинчи өлкөгө окшобойт. Биз бир өлкөдөгү абал анын жашоочуларына байланыштуу экенин айтып келатабыз. Биз жарандарды тесттен өткөрүп, обочолонтуп, байланыштарды таап, аларды бөлүп, медкызматкерлерди коргош керектигин билебиз. Бирок уюм кырдаал тигил же бул өлкөдө кандай болуп өзгөрөөрүн алдын ала айта албайт”, - деп билдирет уюм.

ДСУ айрым өлкөлөрдө коронавирустун жайылышы азайган менен Британияда, Түркияда өсүп жатканын, дүйнө боюнча эң көп жуктуруу АКШда болуп жатканын баса белгиледи.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев буга чейин эмне болгону эмес, мындан кийинки аракеттер маанилүү дейт. Ал тездик менен вирусту жугузгандардын баарын аныкташ керектигин атууда.

“Вирустун жугуу чынжырын көзөмөлдөө бизде кыйын болуп жатат. Мисалы, Италияда, Францияда, Орусияда жана Түркияда мынча адам мынча адамга жугузган деп так айтып жатышат. Стамбулда бир адам он алты кишиге жуктурду деген маалыматтарды беришүүдө. Бизде жеке менчик лабораторияга анализ жасоого бүгүн эле уруксат берилди. Ага чейин Бишкекте бир, Ошто бир лабораторияда алынын жетишинче жүргүзүп келди. Вирустун мындап көп чыгышын каалабайм, бирок жүрүм-туруму, адаттары бизге окшогон коңшу мамлекеттерге салыштырганда бизде вирус жуктургандар канчалык жетиштүү аныкталып жатат? Азыр эң маанилүүсү чынжыр менен барып акыркы бейтапка чейин аныктоо”, - дейт Батыралиев.

Карантинди жумшартуунун коркунучу чоң

Президент 20-апрелде Бишкек мэриясынын жумушу менен таанышып жатып өзгөчө абал режими үч баскыч менен алынаарын айтты. Биринчи баскычтагы мекеме, ишканалардын тизмеси даяр экенин билдирди:

“Көбүнчө кызмат көрсөтүү тармагында иштеген элибиз кыйналып жатат. Кээ бирлеринин ишин жандандырабыз деген ниетибиз бар. Бирок ал мезгил дагы келе элек. Буюрса 24-25-апрелде көрөбүз, андан кийин чечим кабыл алабыз”.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму экономиканы ишке киргизип жатканда кайра эпидемия башталып кетүү коркунучун эскертип келет. ДСУ карантинди алып жатканда бийлик оорунун жугушун көзөмөлдө кармап турган болуш керек дейт. Медициналык жайларда вирустун жайылып кетишинин алдын алып, коомдук жайларда коргонуу чаралары көрүлүш керектигин билдирди.

Дүйнөлүк уюм вирус азайганга караганда анын күчөшү бат болгондуктан карантин чаралары дароо бир учурда алынбаш керектигин айтат.

Саламаттык сактоо министринин өкүлү Елена Баялинова карантин алынгандан кийин деле элдер бардык коргонуу чараларын көрүүнү улантыш керек деди.

“Ал ден соолукту сактоо жана вирустун мындан ары жайылбашы үчүн маанилүү. Вируска каршы туруш үчүн дайыма беткап кийүү, колду таза кармоо, үйдү желдетүү жана киши көп чогулган жерден оолак болуу керек”, - деди Баялинова Би-Би-Сиге.

Кыргызстанда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин бир жолу узартылды. Бийлик аны дагы узартуу же алуу акыркы күндөрдөгү кырдаалга жараша болоорун айтууда.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 612ге жетти, акыркы суткада аныкталгандар 22. (AK)