You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Дүйнө мурдагыдай болбойт, вирус биз менен узак жүрөт"
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көп өлкөлөрдө вирустун тарашы басаңдап калганы менен коронавирус пандемиясынын бүтүшүнө дагы көп убакыт бар деп билдирди.
"Биз узак жолду басып өтүшүбүз керек. Бул вирус биз менен көпкө чейин болот",-деди уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус.
Батыш Европада кырдаал турукташып жатканда, Африка, Борбордук жана Түштүк Америка, Чыгыш Европада вирусту жуктуруп алгандар саны өсүп жатканы байкалууда.
"Карантин чаралары киргизилген өлкөлөрдүн жарандары бир нече аптадан бери үйгө камалып олтурганына кыжырданып жатат. Бирок эми дүйнө мурдагыдай болбойт",-деди Гебреисус.
Вирус мурдагыдай эле коркунучтуу бойдон кала берүүдө. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде, дүйнөнүн көп бөлүгү вируска чалдыгышы мүмкүн. Гебреисус илдеттин жаңы толкуну качан болсо дагы дүрт алышы мүмкүн деп эскертти.
Бейшембиге карата дүйнөдө коронавируска чалдыккандар саны 2,6 млн жакындады. Ал эми вирус 183,5 миң кишинин өмүрүн алды.
Кыргызстанда акыркы суткада 19 киши коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Жалпы сандар 631 кишиге жетти. Алардын 162си медицина кызматкерлери. Вирустан өлкөдө сегиз киши көз жумган.
"Бүгүнкү күнгө карата 45 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис",-деп айтылат расмий маалыматта.
Италияда коронавирус пандемиясына байланыштуу абактагыларды чыгарууда. Аны менен мафиянын анабашылары дагы чыгып жатат.
Guardian басылмасы италиялык маалымат булактарына шилтеме берип, соңку эки күн ичинде пандемияга байланыштуу улгайып калган үч кылмыш төбөлү үй камагына чыгарылганын жазды.
Миландын соту шаршембиде "Коза Ностранын" эң таасирдүү лидерлеринин бири 78 жаштагы Франческо Бонурону үй камагына алды. Андан сырткары дагы бир катар кылмыштуу топтордун лидерлери үй камагына чыгарылган.
"Өтө кооптондурган абал жаралды,-деди полициянын кесиптик кошуундарынын бири Osapp уюмунун катчысы. - Италиянын абак жайларында кылмыштуу топтун 12 миңдей мүчөсү бар. Абактын күзөтчүлөрүнүн айтымында, камактагылардын көпчүлүгү атайын эле бири-бири менен кучакташып көрүшүп башташкан. Бул ооруну жайылтуу үчүн болушу мүмкүн деп болжоп жатышат".
Американын Миссури штаты Covid-19 боюнча кытай бийлигин айыптап, сотко берди. Штаттын айыптоосу Ак үйдүн позициясына дал келет. Ак үй дагы дүйнөдө болуп жаткан окуяларга Бээжинди жооптуу деп эсептейт.
Буга чейин президент Дональд Трамп Кытайды коронавирус боюнча туура эмес маалымат берген деп айыптап, ДССУ ага ишенип алып, эпидемияны токтотуу боюнча эч кандай чара көргөн эмес деп сынга алган эле.
Миссури штатынын айыптоосу Кытайда көп деле кабатыр кылбайт. Анткени кытай өкүлдөрүн америкалык сотко алып келүү мүмкүн эмес. Ал эми иш эл аралык сотто карала турган болсо, Кытайды буга жооп берүүгө укугу болот.
Сингапурда Covid-19 вирусун жуктургандар саны 10 000 кишиге жетти. Акыркы суткада 1 016 жаңы учур катталган. Муну менен Сингапур Түштүк-Чыгыш Азиядагы коронавирустан эң көп жабыр тартып жаткан өлкө болуп калды. Расмийлер илдеттин очогу болжолу чет элдик жумушчулардын жатаканасы болушу мүмкүн экенин айтууда. Өлкө карантин чараларын 1-июнга чейин узартты. (AbA)