Дүйнөдө жер титирөө аз катталып калды. Буга эмне себеп?

Empty streets in Paris

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурда туристтер тынымсыз агылып келген шаарлар, тарыхый жайлар ээн турат
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер Covid-19 вирусунан улам катаал чараларды киргизди.

Учурда унаалар, поезддер, учак каттамдары токтоп турат, заводдор жабылып, миллиарддагандар үйдөн чыкпай отурушат. Бул Жер планетасынын кыймылына таасир этүүдө.

Кыймыл токтоп калгандыктан Жер кыртышындагы вибрациялар кескин азайды. Жердин салмагы алты миллиард триллион тонна экенин эске алганда, бул адаттан тыш көрүнүш.

Бельгиядагы Королдук обсерваториянын окумуштуулары биринчилерден болуп Жер азыраак титиреп калганын байкашкан. Бул көрүнүш дүйнөнүн ар башка тарабында катталды.

Непал, Франция жана Кошмо Штаттарындагы сейсмологдор айырманы байкашып, адаттан тыш көрүнүшкө таң калганын билдиришти.

Непалдын окумуштуулары Жердин титирегени азайып калганын төмөнкү графикада көрсөтүштү.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Аба тазаланды, океан тынчыды

Covid-19 вирусу менен күрөшүүдө кабыл алынган чаралар дүйнөдөгү жаратылышка таасир этип жатканы талашсыз.

Спутниктен тартылган сүрөттөр абада зыяндуу делген азот диоксиди азайганын далилдейт. Бул зыяндуу газ унаа, автобус жана заводдордон бөлүнүп чыгат.

A person wearing a mask walks in front of a large cruise ship

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавирус пандемиясынан улам круиз кемелери токтоп турат. Демек, океан дагы тынчыды

Дүйнөдөгү кымгуут шаарлар дагы тынчыганы байкалды. Чоң шаарлардагы, океандын түбүндөгү үндөрдү изилдеген окумуштуулар айырма бар экенин айтышууда.

Сейсмологдордун жаңы изилдөөсү Жер толугу менен титиребей калды дегенди билдирбейт. Бирок азыраак титиреп калганы окумуштууларга жагымдуу жаңылык болду. Себеби чоң шаарлардан чыккан үндөрдөн улам Жердин кыртышынан чыккан добушту угуп, изилдөө жүргүзүү абдан татаал.

An image of Earth taken from space

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жер планетасынын кыртышы 70 чакырым. Бирок адам баласынын аракетинен улам Жер титиреп турат

"Жер кыртышына жөнөтүлгөн сигнал тоскоолдуксуз артка кайтып келип жатат. Демек, көбүрөк маалымат чогултса болот",-дейт сейсмологАнди Фрассетто.

Окумуштуулар көчөдөгү унуулардын азайганы, тыгындар жок болгону алардын изилдөөсүнө чоң жардам болуп жатканын айтышууа.

Албетте, адамдын кыймылы мезгилге карата өзгөрүп турат. Мисалы, кышында кыймыл азайганы байкалат. Бирок окумуштуулар мындай өзгөрүүнү мурда байкабаганын айтышууда.

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру
Коронавирус