Коронавирус: Жапония жарым жылга өзгөчө абал киргизет

Абе

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Премьер-министр Синдзо Абэ бул пландарын дүйшөмбүдө кечинде жарыялайт деп күтүлүүдө
Published

Жапония коронавирустун жайылышына байланыштуу өзгөчө абал киргизмек болду. Бул шейшембиден башталышы мүмкүн, деп жазды бир катар маалымат агенттиктери.

"Рейтер" жергиликтүү булактарга шилтеме берип, өзгөчө абал Токио жана ага коңшулаш үч префектурага киргизилип, алты айга чейин уланышы мүмкүн экенин айтты. Префектура жетекчилери өз аймагындагы чектөө чараларын канчага улантарын өздөрү чечет.

Жапон өкмөтү экономиканы колдоо пакетин даярдап жатат. Бул үчүн миллиарддаган доллар жумшалат деп күтүлүүдө. Коронавирус өлкөнү рецессия коркунучуна кептеди. Мындай пландарды дагы премьер-министр Синдзо Абэ бүгүн кечинде жарыялайт.

Офзфт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өлкөдө коронавирус жуктурган 3500 ашуун учур катталып, 85 киши көз жумду. Бирок жаңы учурлар тездик менен өсүүдө, өзгөчө Токиодо. Жекшембиде жаңы 148 учур катталып, Токиодо белгилүү болгон учурлар 1000 кишиге жетти.

Азыркы абалында Жапонияда бийликтин жарандарды үйдө олтур деп чектөөсүнө мыйзам жол бербейт. Бийлик жөн гана сунуш бере алат. Бирок ошондой болсо дагы жарандар бийликке өтө чоң урмат менен мамиле кылгандыктан, муну кынтыксыз аткарышат дейт эксперттер. Өзгөчө абал кирсе, чаралар катаалдашат.

Жапонияда алгачкы вирус жуктурган киши январда катталган. Февралда эле премьер-министр Синдзо Абэ апрелге чейин мектептерди жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Азырынча коронавирус каттала элек алты гана райондо мектептер ачылды. (AbA)